Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-июну №68
2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 22-беренелерине, 2024-жылдын 16-майындагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнунда № 117 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобонун жетекчилигинде, маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери, арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун сунушун эске алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 1-тиркемеге ылайык төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары аккредитациялансын:
- 8 (сегиз) жалпыга маалымдоо каражаттары;
2. Эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат 2-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери, арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К.Жылкыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Тиркеме 1 |
2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда
шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн аккредиттелген Кыргыз Республикасынын
жалпыга маалымдоо каражаттары
№ | ЖМКнын аталышы |
Басма басылмалар - 2 | |
1. | Ноокат таны |
2. | Эркин-Тоо |
Радиостанция - 1 | |
1) | Санжыра |
Телевидение - 5 | |
1. | НТС |
2. | Супер ТВ |
3. | T MEDIA |
4. | НТРК |
5. | Ракета Медиа «TV1 и TV2» |