Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-июну № 65
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сүлүктү жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 30.05.2024-ж. № 5 - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 31.05.2024-ж. № 6 - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 30.05.2024-ж. № 5 - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 30.05.2024-ж. № 5 - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 31.05.2024-ж. № 6 - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сүлүктү жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Сүлүктү жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 43 (3596) саны менен жарыяланды
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 5-июнундагы № 65 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
1. |
Сүлүктү шаардык | Халбеков Абдыгафар Диканбаевич (1) «Ынтымак» депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. (20.05.2024-ж. өз арызы) |
2. | Исмаилов Каныбек Арзибекович (2) «Ынтымак» депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. (20.05.2024-ж. өз арызы) | |
3. | Сапарова Гулзина Ботобековна (3) «Ынтымак» депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. (20.05.2024-ж. өз арызы) | |
4. | Халбеков Абдилазиз Асанович (4) «Ынтымак» депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. (20.05.2024-ж. өз арызы) | |
5. | Набиев Назарбек Раимбекович (5) «Ынтымак» депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. (20.05.2024-ж. өз арызы) | |
Жалал-Абад облусу | |||
Жалал-Абад шаары | |||
6. |
Жалал-Абад шаардык | Абдыкаев Ахмед Абдишукурович (4) «Ыйман-Нуру» депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 6, 31.05.2024-ж. (16.05.2024-ж. өз арызы) |
7. | Тургунбаев Муктарбек Азимович (5) «Ыйман- Нуру» депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 6, 31.05.2024-ж. (21.05.2024-ж. өз арызы) | |
8. | Таштанов Айбек Таштанович (7) «Ыйман-Нуру» депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 6, 31.05.2024-ж. (31.05.2024-ж. өз арызы) | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 5-июнундагы № 65 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган
тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
1. | Сүлүктү шаардык | Жумагулов Талантбек Абдыкулович (8) «Ынтымак» депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. (21.05.2024-ж. өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А.Аккозиев |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 5-июнундагы № 65 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары
деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
1. |
Сүлүктү шаардык | Камбаров Айипбек Кадирович (7) «Ынтымак» саясий партиясы | БатМУнун А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык- экономикалык институту, директор | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. |
2. | Кулдашев Бахтиёр Адубаномович (11) «Ынтымак» саясий партиясы | БатМУнун А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык- экономикалык институту, окутуучу | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. | |
3. | Сабурова Айжамал Курбанбаевна (6) «Ынтымак» саясий партиясы | № 2 Токтогул атындагы техникалык лицей, мугалим | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. | |
4. | Бакыбеков Атамбек Абдираимович (14) «Ынтымак» саясий партиясы | «Байкал плюс» ЖЧК, директор | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. | |
5. | Сапаркулов Бакытбек Эркинович (17) «Ынтымак» саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Сүлүктү АШК, № 5, 30.05.2024-ж. | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
6. | Жалал-Абад шаардык | Таштанов Айбек Таштанович (8) «Ыйман-Нуру» саясий партиясы | Жеке ишкер | Жалал-Абад АШК, № 6, 31.05.2024-ж. |
7. | Молдожанов Бакыт Сабырович (10) «Ыйман-Нуру» саясий партиясы | «БиоМир» ЖЧК, менеджер | Жалал-Абад АШК, № 6, 31.05.2024-ж. | |
8. | Икрамов Туратбек Бөрүбаевич (11) «Ыйман-Нуру» саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Жалал-Абад АШК, № 6, 31.05.2024-ж. | |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А.Аккозиев |