Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 327 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндү төмөнкү жактар алып келе алат:
- юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүргөн жеке ишкерлер;
- юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатууну жана (же) пайдаланууну жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер;
- чет мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн ташууну ишке ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүдө Үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык ассоциациянын (ISTA) эл аралык үлгүсүндөгү сертификаттары, ошондой эле үрөндү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ОЕСD) сорт күбөлүктөрү болгон шартта тиешелүү макулдашуу түзгөн экспорттоочу өлкөлөрдүн үрөндөрүнүн сапаты жөнүндө документтери таанылат.
4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан алынып келүүчү үрөнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актылары колдонулат.
5. Үрөндү алып келүү "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында коюлган талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
6. Алынып келүүчү үрөн алардын генетикалык модификацияланган организмдерге таандык эместигин ырастоочу тиешелүү документ менен коштолууга тийиш.
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 682 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү үрөндүн "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештигин ырастоону үрөндү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырат.
9. Бажы жол-жобосунан өтүүдө Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндү алып келүүнү жүзөгө ашырган жактар Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү үрөндөргө "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештигин ырастоо үчүн төмөнкү документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга ушул Тартиптин 1-тиркемесиндеги арыз менен кайрылат:
- экспорттоочу өлкөнүн үрөн жана көчөт материалына фитосанитардык сертификатты;
- экспорттоочу өлкөнүн үрөн жана көчөт материалына шайкештик сертификатын;
- экспорттоочу өлкөнүн үрөн жана көчөт материалынын келип чыгуу сертификатын;
- сорттордун жана гибриддердин аталышын жана алардын санын камтыган үрөн жана көчөт материалдарын берүүгө келишимди (контракт);
- эсеп-фактураны.
10. Ыйгарым укуктуу орган келип түшкөн арызды арыз катталган күндөн тартып 4 жумуш күндүн ичинде карап чыгат жана арыз ээсине Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү үрөндүн "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берет:
1) конкурстук, экологиялык жана өндүрүштүк сыноолор үчүн үлгү катары алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун тизмеси ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык;
2) селекция жана изилдөө иштери үчүн алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун тизмеси ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык;
3) экспорттоло турган үрөн өндүрүү үчүн алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун тизмеси ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык;
4) селекциялык жетишкендиктерди сыноо үчүн үрөндүн запасын түзүүгө селекционердин өтүнмөсү боюнча алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун тизмеси ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык;
5) көргөзмөлөргө экспонаттоо үчүн алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун тизмеси ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык;
6) жеке коммерциялык эмес максаттарда пайдалануу үчүн алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун тизмеси ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибридцеринин мамлекеттик реестринен көчүрмө ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык.
11. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндү алып келүүгө тыюу салынат. Мындай учурда ыйгарым укуктуу орган "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди берүүдөн баш тартат.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибине 1-тиркеме |
|
| ___________________________________ директору (үрөндү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аталышы) |
|
| ___________________________________________ |
|
| (директордун Ф.А.А. көрсөтүлөт) |
|
| ____________________________________ атынан |
|
| (уюмдун аталышы) |
|
| __________________________________________ |
|
| (Ф.А.А.) |
|
| дареги _______________________________________ |
|
| тел. ________________________________________ |
АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөрдү алып келүүгө (импорттоого) уруксат берүүңүздү өтүнөм:
№ | Өсүмдүктүн аталышы | Сорт/гибриддин аталышы | Өлчөө бирдиги (даана, кг, себүү бирдиги, пакет, банка, кап) | Саны | Валютасы | Бирдик үчүн баасы | Жалпы суммасы | Үрөн/көчөт материалынын сортун/гибридин чыгарган өндүрүүчүнүн аталышы | Чыгарган өлкө | Жеткирүүчү өлкө | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Алып келүүнүн (импорттоонун) максаты: ______________________________________
Бул арызга төмөнкү документтер тиркелет: ____________________________________
____________________________________ __________________________________
Ф.А.А. Колу
мөөр
Датасы: _________________
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибине 2-тиркеме |
Конкурстук, экологиялык жана өндүрүштүк сыноолор үчүн үлгү катары алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун ТИЗМЕСИ
Берилди (кимге) _____________________________________________
(Ф.А.А. же уюмдун аталышы)
Продукциянын түрүнүн аталышы (орус, латын) | Сорттун, гибриддин аталышы | Саны |
Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибине
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибине 3-тиркеме |
Селекция жана изилдөө иштери үчүн алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун ТИЗМЕСИ
Берилди (кимге) _______________________________________________
(Ф.А.А. же уюмдун аталышы)
Продукциянын түрүнүн аталышы (орус, латын) | Сорттун, гибриддин аталышы | Саны |
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибине 4-тиркеме |
Экспорттоло турган үрөн өндүрүү үчүн алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун ТИЗМЕСИ
Берилди (кимге) ____________________________________________________________
(Ф.А.А. же уюмдун аталышы)
Өсүмдүк сортун убактылуу алып келүү _________________________________________
__________________________________________________________ жүзөгө ашырылат
(үрөндү экспорт үчүн өстүргөн уюмдун аталышы жана дареги)
Продукциянын түрүнүн аталышы (орус, латын) | Сорттун, гибриддин аталышы | Саны |
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибине 5-тиркеме |
Селекциялык жетишкендиктерди сыноо үчүн үрөндүн запасын түзүүгө селекционердин өтүнмөсү боюнча алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун ТИЗМЕСИ
Берилди (кимге) _________________________________________________________
(Ф.А.А. же уюмдун аталышы)
Продукциянын түрүнүн аталышы (орус, латын) | Сорттун, гибриддин аталышы | Саны |
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибине 6-тиркеме |
Көргөзмөлөргө экспонаттоо үчүн алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун ТИЗМЕСИ
Берилди (кимге) _______________________________________________________
(Ф.А.А. же уюмдун аталышы)
Өсүмдүк сортун экспонаттоо
____________________________________________________________________
______________________________________________________ жүзөгө ашырылат
(уюмдун аталышы жана дареги)
Продукциянын түрүнүн аталышы (орус, латын) | Сорттун, гибриддин аталышы | Саны |
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибине 7-тиркеме |
Жеке коммерциялык эмес максаттарда пайдалануу үчүн алынып келүүчү өсүмдүктөрдүн сортторунун ТИЗМЕСИ
Берилди (кимге) _______________________________________________________
(Ф.А.А. же уюмдун аталышы)
Өсүмдүк сортун пайдалануу _____________________________________________
____________________________________________________________ жүргүзүлөт
(уюмдун аталышы жана дареги)
Продукциянын түрүнүн аталышы (орус, латын) | Сорттун, гибриддин аталышы | Саны |
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибине 8-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестринен КӨЧҮРМӨ
Берилди (кимге) ____________________________________________________
(Ф.А.А. же уюмдун аталышы)
Алынып келүүчү үрөн Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол
берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестринде катталган
Продукциянын түрүнүн аталышы (орус, латын) | Сорттун, гибриддин аталышы | Саны |