Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт.
2. Борбор жогорку технологиялуу жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу менен онкология, радиология жана гематология жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен дарылоо-алдын алуу, билим берүү ишин жана фундаменталдык жана колдонмо медицина жаатында илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруучу үчүнчүлүк деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-алдын алуу, илимий-изилдөө уюму болуп эсептелет.
3. Борбор уюштуруучулук-укуктук формада юридикалык жак - финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынча, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик, расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен тегерек мөөрү жана штампы бар мекеме болуп эсептелет.
4. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
5. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Илим жөнүндө", "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
7. Борбордун иши саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте мамлекеттик аттестацияланууга/аккредитацияланууга тийиш.
8. Борбордун юридикалык дареги: 720064, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 73.
9. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору";
- расмий тилде: "Национальный центр онкологии и гематологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ССМ УОГБ";
- расмий тилде: "НЦОГ МЗ КР".
2-глава. Борбордун максаттары жана милдеттери
10. Борбордун ишинин максаты калкка сапаттуу дарылоо-алдын алуу жардам көрсөтүү, ошондой эле ушул Жобого ылайык өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү онкология жана гематология жаатындагы илимий-изилдөө, өндүрүштүк ишти жүргүзүү, инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
11. Борбордун милдеттери:
1) калкка онкология, радиология жана гематология жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын калкынын онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулардын натыйжасында ооруларга чалдыгууларды, өлүмгө учуроолорду жана майып болууну төмөндөтүүгө багытталган далилдүү медицинанын принциптерин пайдалануу менен саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программасы менен аныкталган саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү;
3) онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулардын алгачкы жана экинчи алдын алуунун натыйжалуу системасын түзүүдө илимий-практикалык жардам жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү;
4) онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулары бар бейтаптардын алдын алуунун, диагностикалоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык, анын ичинде дары-дармексиз методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
5) онкология, гематология жана ядролук медицина боюнча кадрларды, анын ичинде дипломдон кийинки, чет өлкөлөрдөгүнү кошкондо, даярдоо жана кайра даярдоону уюштуруу жана жүргүзүү;
6) Борбордун профилине ылайык келген илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
7) онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулар боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды координациялоо жана түзүү;
8) илимий-изилдөө иштеринде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
9) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык.
12. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык Борбор төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулар менен ооруларын, өлүмгө учуроосун жана майып болуусун төмөндөтүүгө багытталган саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларына мониторинг жүргүзөт жана ишке ашырат;
2) республикадагы онкология, радиология, гематология жаатындагы илимий изилдөөлөрдү, ракка каршы кызматтын ишин координациялайт;
3) республикадагы ракка каршы жана гематологиялык кызмат боюнча уюмдардын ишин координациялайт;
4) шишикке чейинки, шишик жана гематологиялык оорулардын диагностикасын өз убагында жүргүзөт, калкка жогорку квалификациялык жана жогорку натыйжалуу адистештирилген жардам көрсөтөт;
5) онкологиялык жана гематологиялык бейтаптарга паллиативдүү жардамдын программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
6) онкология, радиология жана гематология жаатындагы программаларга жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына баа берүү боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
7) Борбордун профили боюнча жогорку квалификациядагы илимий-практикалык кадрларды даярдайт;
8) изилдөөлөрдүн жана практикалык иштин багыттары боюнча маалыматтар банкын (киндик каны, репродуктивдик иши үчүн биологиялык материалдарды) түзөт;
9) калктын саламаттыгын сактоонун мамлекеттик программаларына ылайык келишимдик негизде заказдарды аткарат;
10) өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдайт жана өнүктүрөт.
3-глава. Борбордун укуктары жана милдеттери
13. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Жобого ылайык онкология, радиология жана гематология жаатында иш жүргүзүүгө;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
3) медициналык-санитардык жардам алуу үчүн кайрылган жарандардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашырган башка адамдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
4) убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, медициналык карталардан, бейтаптын баяндарынан көчүрмөлөрдү, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка медициналык документтерди берүүгө;
5) Борбордун тематикасына байланыштуу айрым милдеттерди чечүү же иштелмелерди жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий жана илимий-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен) уюштурууга;
6) Борбор үчүн каралган саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджетинин каражаттары боюнча чыгымдар сметасын иштеп чыгууга жана аткарууга;
7) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды аткаруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарын жана сарпталуучу материалдарды, медициналык жабдууларды сатып алууга;
8) республикалык бюджеттин каражаттарына борборлоштуруп сатып алынган, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам түрүндө келген дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды Борбордун профили боюнча бейтаптарды дарылоо үчүн алууга;
9) өзүнүн дарылоо-алдын алуу, илимий жана илимий-техникалык, билим берүү жана инновациялык ишинин багыттарын аныктоого;
10) Борбордун профилине ылайык келген адистиктер боюнча медициналык кызматкерлерди (врачтарды, медициналык айымдарды) аттестациялоого катышууга;
11) Борбордун профили боюнча башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
12) белгиленген тартипте эл аралыктарды кошуп, кесиптик медициналык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге кирүүгө;
13) илимий эмгектерди, мезгилдик жана сериялык басылмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базаларын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
15) илимий-техникалык кеңеш түзүүгө;
16) мамлекеттик, жеке жана башка уюмдар менен иштерди аткаруу жана медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
17) Борбордун филиалдарын, илимий-изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалоо бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды киргизүүгө;
18) Борбордун профилине ылайык келген адистиктер боюнча медициналык кызматкерлерди (врачтарды, медициналык айымдарды) аттестациялоого катышууга;
19) тең аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды маанилүү илимий изилдөө иштерди аткаруу үчүн тартууга;
20) жарандын макулдугу менен аны текшерген же дарылаган башка адамдар жөнүндө маалыматтарды суратууга;
21) адамга айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирлери жөнүндө маалымат алууга;
22) эл аралык илимий байланыштарды, маалымат алмашууларды, кесиптик кызматташтыкты, өлкөлөр жана региондор арасында адистер менен алмашууну өнүктүрүүгө;
23) акы төлөнмө кызматтарды көрсөтүүгө жана алынган кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана чыңдоого, инфраструктураны күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Борбор кызматкерлерин социалдык коргоого пайдаланууга;
24) Борбордун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
25) онкология, гематология, ядролук медицина жана башка чектеш адистиктер боюнча окутууга, анын ичинде дипломдон кийинки, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура, докторантура, базалык докторантура (Phd профили боюнча) аркылуу адистерди даярдоого;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, республикалык бюджеттен жана башка булактардан каржыланган мамлекеттер аралык, эл аралык жана республикалык илимий жана илимий-техникалык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга, өткөрүүгө жана катышууга;
27) окумуштуулук даражаларды изденүү үчүн диссертациялык иштерди коргоо боюнча кеңештерди түзүүгө белгиленген тартипте катышууга жана илимий наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч каттарды берүүгө;
28) илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан кирешелерди алууга.
14. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) өлкө тармагынын керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруучулук-техникалык чечимдерди иштеп чыгууга;
6) Борбордун интеллектуалдык ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
7) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке иштелмелердин, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен илимий уюмдун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
9) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарын издөөгө;
11) Борборго оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
12) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
13) илимдин ролун жогорулатууга, анын ичинде өз ишин жана ишинин продуктун популяризациялоонун эсебинен жогорулатууга;
14) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоого;
15) илимий кызматкерлерди аттестациялоону беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүүгө;
16) Борбордун профилине жана деңгээлине ылайык зарыл болгон көлөмдө калкка жеткиликтүү, өз убагында, сапаттуу, квалификацияланган жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
17) экстремалдуу шарттарда иштөөгө даяр болууну камсыз кылууга (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жерлерде жана кооптуу шарттарда иштөө);
18) санитардык-гигиеналык жана эпидемияларга каршы режимдерди сактоого;
19) саламаттык сактоонун чектеш кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү жана ырааттуулугун камсыз кылууга;
20) калктын сергек жашоо образын жана санитардык-гигиеналык тарбиясын пропагандалоо боюнча иш жүргүзүүгө;
21) студенттерди практикалык окутуу, келишимдик негизде кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
22) бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболорунун регламентин аткарууга жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчет берүүгө;
23) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу боюнча эсептер үчүн агент-банктагы бирдиктүү учурдагы эсепти колдонууга;
24) отчеттуулуктун бекитилген формаларынын бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
25) Борбордун профили боюнча илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
4-глава. Борбордун түзүмү
15. Борбордун түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Борбордун директору тарабынан бекитилет.
16. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
5-глава. Борбордун ишин башкаруу
17. Борбордун ишин директор жетектейт.
18. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Борбордун директору кызмат ордуна дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам Борбордун директору кызмат ордуна эки мөөнөттөн ашык дайындала албайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Борбордун директорун сунуштоосуз өз демилгеси боюнча дайындоого жана ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу.
Борбордун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
19. Борбордун директорунун кызмат ордун төмөнкүдөй квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ээлей алат:
- жогорку кесиптик билими;
- окумуштуулук даражасы;
- жалпы 5 жылдан кем эмес илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жана жетекчилик кызмат орундарда 5 жылдан кем эмес иш стажы.
20. Борбордун директору жок учурда (иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызмат ордунан бошотуу) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
21. Борбордун директорунун илим, дарылоо иши жана уюштуруучулук-методикалык иш боюнча орун басарлары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
Директордун орун басарлары өзүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырат.
22. Борбордун директору:
1) жеке башкаруу принциптеринде саламаттык сактоонун илимий-изилдөө уюмун башкарат жана илимий уюмдун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) финансы каражаттарын тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы, финансылык тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
3) Борбордун башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
4) кызматкерлерди кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылык эркиндигин өнүктүрөт;
51) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
6) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) Борбордун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Борбордун илимий-техникалык кеңеши
23. Илимий-техникалык кеңеш Борбордун консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат. Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү Борбордун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Эгерде илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда эмгек жамааты курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот. Илимий-техникалык кеңештин курамына илимий уюмда иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
24. Эгерде жыйналышка илимий-техникалык кеңештин курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү алар үчүн добуш берсе, илимий-техникалык кеңештин чечимдери кабыл алынды деп эсептелет.
25. Борбордун директору илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп саналат.
7-глава. Каржылоо булактары
26. Борбордун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;
4) атайын эсептин каражаттары, анын ичинде кошо төлөө;
5) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) кредиттер жана гранттар;
7) илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштен алынган каражаттар;
8) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.
27. Борбордун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Корутунду жоболор
28. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
29. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.