ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №11
“Жалал-Абад шаарындагы жер тилкеси жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/3129 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүндөгү №51н дарегинде жайгашкан жалпы аянты 10754,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-01-0017-2181) мамлекеттин балансындагы жер аянтын Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 27-августундагы №3 токтомуна ылайык)
- Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүндөгү №51н дарегинде жайгашкан жалпы аянты 10754,0 чарчы метр (идентиф икациялык коду 3-10-01-0017-2181) жер аянтын Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы тарабынан көп кабаттуу турак жай куруууга макулдук берилсин.(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 27-августундагы №3 токтомуна ылайык)
- Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүндөгү №51н дарегиндеги жер тилкесин П-1 укуктук зонасынан Ж-3 укуктук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.