Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2024-жылдын 27-августундагы № 20 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №13
“Жалал-Абад шаарынын Бахрейн шаарчасында жайгашкан спорт залды оперативдик башкарууга берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/2967 сандуу чыгыш каты жана ага тиркелген иш кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүнүн №82а дарегиндеги муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы спорт залды 2307,5 чарчы метр жер аянты менен Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдик башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы (Ы.Калчаев) оперативдик башкарууга берилген мүлктөрдүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.