Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 21-июну № 102
«Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерин расмий чечмелөө тууралуу
1-берене
«Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын («Эркин-Тоо» гезити, 2020-жылдын 18-августу, № 65) 2 жана 3-беренелерин колдонууда салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарды жоюуда, салыктык текшерүүнүн же салык төлөөчүлөрдүн, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мезгил үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча эсептелген салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары боюнча карыздарды кошуп алганда, кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүлгөн датага эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар жана айып пулдар эсептен чыгарыларын түшүнүү керек.
Карыздар ушул берененин биринчи абзацында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча келип чыкса, пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар жана айып пулдар салык төлөөчүнүн учурдагы карызынан өзүнчө эсепке алынууга тийиш.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана чечмеленип жаткан Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 22-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |