Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 14-августу № 125
Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Дагы караңыз:
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 21-июнундагы № 102 "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерин расмий чечмелөө тууралуу" Мыйзамы
Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жолу менен COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемия шарттарында салык төлөөчүлөрдүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
1-берене. Жалпы жоболор
1. Салыктык карыз, анын ичинде бажы органдары тарабынан алынуучу импортко кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС), импортко акциздик салык боюнча карыз жана салык төлөөчүлөрдүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда кайра түзүмдөштүрүүгө жатат.
2. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) камсыздандыруу төгүмү - камсыздандыруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздоочуга төгүп берүүгө милдеттүү болгон акы;
2) салыктык карызды жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү - камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздарды толук же жарым-жартылай эсептен чыгаруу;
3) пайыздар - белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн салыктар үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык кошуп эсептелген суммалар;
4) туум - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөөчү төлөөгө милдеттүү болгон салыктарды, анын ичинде импортко, импортко акциздик салыкка КНС, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген акчалай сумма;
5) салыктык санкциялар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык төлөөчүгө салына турган санкциялар;
6) айып пул - "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык жана башка санкцияларды кошуп алганда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө салынуучу айып пулдар;
7) төлөөчү - салык төлөөчү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү.
2-берене. Салыктык карыздарды кайра түзүмдөштүрүү тартиби
1. Салык төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген туумдарды жана салыктык санкцияларды төлөө милдеттенмелеринен төмөнкүдөй көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгаруу жолу менен бошотулат:
1) 100 пайыз - 2022-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен жоюлганда;
2) 50 пайыз - 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен жоюлганда.
2. 2020-жылдын 1-июлуна же ушул Мыйзам расмий жарыяланган айдын биринчи күнүнө карата абал боюнча салыктардын (анын ичинде импортко КНС жана акциздик салыктын) негизги суммалары боюнча карыздары жок салык төлөөчүлөргө пайыздардын, салыктык санкциялардын жана туумдардын суммалары 100 пайыз өлчөмдө эсептен чыгарылат.
21. Салык төлөөчүлөр салыктык текшерүүнүн же салык төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки салыктык мөөнөт үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийин кошуп эсептелген салыктардын суммасына кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздарды салыктардын негизги суммасын толук жойгон шартта, ушул беренеде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө эсептен чыгарууга укуктуу.
3. Кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык карыздын калган бөлүгүн төлөө мөөнөтүн узартууга укуктуу.
4. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү карыздарды жоюу датасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) салыктардын негизги суммалары боюнча - салыктын төлөөгө тийиштүү суммаларын которууга төлөм тапшырмасы банкка берилген күн жана/же эгерде акча каражаты бюджетке келип түшкөн учурда, салыктын төлөөгө тийиштүү суммаларын которуу үчүн накталай акча каражаттары банкка берилген күн;
2) импортко КНС, импортко акциздик салыктын негизги суммалары боюнча - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын тиешелүү эсептешүү эсебине акча каражаты түшкөн күн.
5. Төлөөчүнүн карыздары боюнча салыктын, анын ичинде импортко КНС, импортко акциздик салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы төмөнкүдөй тартипте пайдаланылат: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана салыктардын ставкаларын, аларды башкарууну жөнгө салуучу башка мыйзам актыларынын талаптарына ылайык өзүнчө салык боюнча карыз, андан кийин ушул салык боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздар жоюлат.
6. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү тарабынан салык карыздарын жоюу максатында ашыкча төлөнгөн салыктын суммасына КНС боюнча ашып кеткен сумма кошулбайт.
7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейинки кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот актысы күчүнө кирген учурда ушул суммалар эсептен чыгарылбайт. Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот органдарынын чечимдери кабыл алынганга чейин ушул суммалар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салыктардын негизги суммалары боюнча карыздарды толугу менен төлөгөндө кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш.
Ыйгарым укуктуу салык органынын, анын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрүнүн пайдасына чыгарылган сот актысы жокко чыгарылган учурда, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде (ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин) кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо боюнча соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып эсептен чыгарылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү тартиби
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген туумдарды жана айып пулдарды төлөө милдеттенмелеринен төмөнкүдөй көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгаруу жолу менен бошотулат:
1) 100 пайыз - 2022-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөндө;
2) 50 пайыз - 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөндө.
2. 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карызы жок камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн туумдары жана айып пулдары 100 пайыз өлчөмдө эсептен чыгарылат.
21. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр салыктык текшерүүнүн же камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки отчеттук мезгил үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийин кошуп эсептелген камсыздандыруу төгүмүнүн суммасына кошуп эсептелген туумдар жана айып пулдар боюнча карызды камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын толук жойгон шартта, ушул беренеде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө эсептен чыгарганга укуктуу.
3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кошуп эсептелген туумдар жана айып пулдар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот актысы күчүнө кирген учурда, ушул суммалар эсептен чыгарылбайт. Кошуп эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар жана айып пулдар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот органдарынын чечимдери кабыл алынганга чейин ушул суммалар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыз толугу менен төлөнгөндө кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш.
Ыйгарым укуктуу салык органынын, анын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрүнүн же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын пайдасына чыгарылган сот актысы жокко чыгарылган учурда, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде (ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кошуп эсептелген туумдар жана айып пулдар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо боюнча соттун чечимдери күчүнө кирген учурдан тартып эсептен чыгарылууга жатат.
(КР 2021-жылдын 1-декабрындагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65 (3137) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |