Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 323
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункттун экинчи абзацында "жак түзүлүп жатканда" деген сөздөр "жакты каттоодо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10, 47, 50, 51, 58, 78, 87-пункттарда "Министрлер "Кабинети" деген сөздөр "каттоочу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункттун экинчи абзацында "коммерциялык уюмдардын типтүү уставдарын" деген сөздөр "типтүү уставдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди мамлекеттик каттоо ушул Жободо каралган мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 251-пункт менен толукталсын:
"251. Юридикалык жактын архивдик каттоо иштеринин көчүрмөлөрү кызыкдар жактарга арыз берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде берилет.";
- 30-пунктта "(коомдук бирикмелердин, турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиктеринин, диний уюмдардын, саясий партиялардын, кесиптик бирлик уюмдарынын жана кооперативдердин уюштуруучуларын кошпогондо)" деген сөздөр алып салынсын;
- 39-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Турак жайдын менчик ээлеринин шериктештигин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери кол койгон тизме, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдан кыймылсыз мүлккө менчик ээсинин укугун ырастоочу көчүрмө тиркелет.";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Коомдук бирикмени, кооперативди мамлекеттик кайра каттоодо жана жоюуда каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын, мүчөлүккө кирген датаны көрсөтүү менен коомдук бирикменин, кооперативдин мүчөлөрүнүн реестри тиркелет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 421-пункт менен толукталсын:
"421. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлүүдө, кайра уюштурулууда жана фирмалык аталышы өзгөргөндө арыз берүү тартибинде каттоо жол-жобосунан өтөт. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) мамлекеттик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүлүшүнө, кайра уюштурулушуна, фирмалык аталышы өзгөртүлүшүнө негиз болгон укуктук актыны;
3) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жобосун (уставын), регламентин эки нускада;
4) жетекчини дайындоо же шайлоо жөнүндө укуктук актыны.";
- 69-пунктта:
1-пунктчада "Министрлер Кабинети" деген сөздөр "каттоочу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) мөөрдү (мөөрлөрдү) жана (же) штампты (штамптарды) (бар болсо) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын;";
- 92-пунктта:
1-пунктчада "Министрлер Кабинети" деген сөздөр "каттоочу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) мөөрдү (мөөрлөрдү) жана (же) штампты (штамптарды) (бар болсо) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын;";
- 98-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин жетекчиси алмашкан учурда каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери кол койгон тизме, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдан кыймылсыз мүлккө менчик ээсинин укугун ырастоочу көчүрмө тиркелет.
Коомдук бирикменин, кооперативдин, турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин жетекчиси алмашкан учурда мамлекеттик кайра каттоодо жана жоюуда каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын, мүчөлүккө кирген датаны көрсөтүү менен коомдук бирикменин, кооперативдин, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн реестри тиркелет.";
- 103-пунктта "(кайра каттоодон)" деген сөздөр алып салынсын;
- 104-пункттун 11-пунктчасы "жоюлуу процессинде" деген сөздөр "ишин токтотуу процессинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 107-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"107. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды шашылыш берүү (көчүрмөнү шашылыш берүү) үчүн каттоочу орган тарабынан акы алынат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-июнундагы № 47 (3600) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |