Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 4-июну № 139
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине он жүргүнчүлөр автобусун акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамын ташуу үчүн жүргүнчү автобустар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 30/12-10961 он бирдик жүргүнчүлөр автобусун бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине 31068092 (отуз бир миллион алтымыш сегиз миң токсон эки) сом жалпы суммага ZK6108HGH моделиндеги «YUTONG» маркасындагы он жүргүнчүлөр автобусун акысыз ажыратууга (мамлекеттик менчикке) макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу |
Ж. А. Абдраимов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын “4” 06. № 139 токтомуна тиркеме |
№ | Автобустун аталышы | Саны | Мамлекеттик номери | Инвентардык номери | Эксплуатацияга кирген числосу, айы, жылы | Жүрүшү (километр) | Баланстыкнаркы (сом) | Калдык наркы (сом) |
1. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG750AG | LZYTBGDF2K1009 119 | 01.04.2019 | 255679 | 5019464 | 3106809,2 |
2. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG722AG | LZYTBGDF1K1009 158 | 01.04.2019 | 238425 | 5019464 | 3106809,2 |
3. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG740AG | LZYTBGDF2K1009 170 | 01.04.2019 | 266867 | 5019464 | 3106809,2 |
4. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG729AG | LZYTBGDF0K1009 135 | 01.04.2019 | 199328 | 5019464 | 3106809,2 |
5. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG720AG | LZYTBGDF8K1009 156 | 01.04.2019 | 235062 | 5019464 | 3106809,2 |
6. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG735AG | LZYTBGDF6K1009 141 | 01.04.2019 | 222154 | 5019464 | 3106809,2 |
7. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG741AG | LZYTBGDF6K1009 169 | 01.04.2019 | 247438 | 5019464 | 3106809,2 |
8. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG775AG | LZYTBGDF4K1009 123 | 01.04.2019 | 260315 | 5019464 | 3106809,2 |
9. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG763AG | LZYTBGDF3K1009 145 | 01.04.2019 | 201489 | 5019464 | 3106809,2 |
10. | Автобус YOUTONG ZK6108HGH | 1 | 01KG770AG | LZYTBGDF5K1009 163 | 01.04.2019 | 238403 | 5019464 | 3106809,2 |
Бардыгы: | 50194640 | 31068092 | ||||||
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |