Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 332 токтомуна) |
Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жаштарды өлкөнү өнүктүрүү процессине жигердүү тартуу жана жаштардын коомдук маанидеги демилгелерин колдоо максатында жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартибин аныктайт.
2. Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн тартиби
2. Жаштардын ыктыярчылык иши ыктыярдуу негизде ар кандай формада акчалай сый акы албастан жүзөгө ашырылат, анын жүрүшүндө алар билимге, тажрыйбага, көндүмгө ээ болушат жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышат.
3. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте өз компетенциясынын чегинде жаштардын ыктыярчылык ишин өнүктүрүү, анын ичинде жаштардын ыктыярчылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларды көрөт, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды жана жаштардын аярлуу топторун ыктыярчылык ишке тартуу боюнча иш жүргүзөт.
4. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жаштардын ыктыярчылык иши маселелерине багытталган уюмдардын өкүлдөрүн мамлекеттик стратегиялык документтерди жана жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча пландарды талкуулоого жана иштеп чыгууга тартат.
5. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жаштардын ыктыярчылык демилгелерин популярдаштыруу жана колдоо, жаштардын ыктыярчылык иши чөйрөсүндөгү салымдарын таануу боюнча иш-чараларды жана акцияларды өткөрөт.
6. Мамлекет жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана башка мамлекеттик органдардын атынан эл аралык ыктыярчылык программаларда жана иш-чараларда Кыргыз Республикасынын жаштарынын өкүлчүлүгүнө көмөктөшүү боюнча чараларды көрөт.
7. Жаштардын ыктыярчылык ишин ишке ашырууга багытталган жарандык коомдук уюмдар "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын принциптерине ылайык ыктыярчыларга дем берүү, сыйлоо жана алардын салымдарын таануу боюнча ички системасын өз алдынча аныкташат.
3. Жаштардын ыктыярчылык ишине дем берүүнүн тартиби
8. Дем берүү чараларын түзүүдө жаштардын ыктыярчылык ишке катышууга тартылуу деңгээли жана мотивациясы эске алынат. Ыктыярчылардын кандай муктаждыктарын канааттандыруу керектигине жараша дем берүү чаралары төмөнкүдөй классификацияланат:
- чыгармачыл-уюштуруучулук (жаңы билимдерге, көндүмдөргө, билгичтикке, кесиптик тажрыйбага жана карьералык өсүшкө ээ болууга багытталган);
- социалдык-психологиялык (коом тарабынан таанууну, сыйлыктарды, ыраазычылыктарды жана башкаларды камтыйт).
9. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жаштардын ыктыярчылык ишин ишке ашырууга багытталган жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүн жаштарды жана жаштардын ыктыярчылык ишин колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик иш-чараларга, акцияларга, окутууларга тартуу боюнча. чараларды көрөт.
4. Жаштардын ыктыярчылык ишин сыйлоонун тартиби
10. Сыйлоо үчүн негиз болуп жаштардын ыктыярчылык иши чөйрөсүндөгү өзгөчө салымдарынын жана жигердүүлүгүнүн (катышуусунун) деңгээли саналат.
11. Жаштардын ыктыярчылык ишин сыйлоо ыктыярдуу жаштар кыймылынын көрүнүктүү өкүлдөрүнө ведомстволук сыйлыктарды жана мамлекеттик жаштар сый акыларын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жоболорго ылайык, бирок алар менен чектелбестен жүзөгө ашырылат.
12. Ыктыярчылык ишке тартылган жаштардын өкүлдөрүн сыйлоо төмөнкүдөй түрлөрдө болушу мүмкүн:
- материалдык эмес сыйлоонун билим берүү түрлөрү - ыктыярчыларга билим берүү программаларына жана иш-чараларына акысыз же жеңилдетилген негизде катышуу, иштин түрдүү багыттары боюнча тажрыйбага ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүү;
- ыктыярчылар үчүн иштин ар кандай багыттары боюнча стажировкаларды уюштуруу;
- ыктыярчылык уюмдарга (бирикмелерге), ыктыярчыларга консультациялык билим берүүчүлүк колдоо көрсөтүү;
- материалдык эмес сыйлоонун маалыматтык түрлөрү - ыктыярчылардын ишин маалыматтык коштоо системасын түзүү, жаштардын ыктыярчылык ишинин конкреттүү мисалдарын жалпыга маалымдоо каражаттарында популярдаштыруу, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана башка ведомстволук мекемелердин расмий сайттарында ыктыярчылык ишке катышуунун формалары жана артыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды жайылтуу, ыктыярчылардын салымдарын мамлекет жана коом тарабынан татыктуу баалоо - социалдык таануу жолу менен сыйлоо;
- өзгөчөлөнгөн ыктыярчыларды жана ыктыярчылык уюмдарды жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана башка мамлекеттик органдардын сыйлыктары, ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйлоону уюштуруу;
- ыктыярчылардын эмгегин ыраазычылык каттары аркылуу баалоо жана андан аркы кесиптик иш үчүн сунуштамаларды берүү.
5. Ыктыярчылыкты колдоо боюнча мамлекеттик чаралар
13. Мамлекет ыктыярчылык ишти колдоо саясатын жүзөгө ашырат, ал Кыргыз Республикасынын ыктыярчылык иш жөнүндө мыйзамдарында аныкталган ыктыярчылык иштин негизги принциптерин сактоо менен иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
14. Ыктыярчылык иштин сапат стандарттары, ыктыярчыларды жана ыктыярчылык уюмдарды колдоо боюнча чараларды колдонуунун шарттары, ыктыярчылардын өздүк китептерин, сунуштама каттарын жана башка документтерди берүүнүн жол-жобосу, ошондой эле ыктыярчылык ишти жүргүзүү үчүн зарыл шарттар Кыргыз Республикасынын ыктыярчылык иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыктыярчылык уюмдар тарабынан өз алдынча белгиленет.
15. Электрондук түрдө jashtar.info сайты аркылуу ыктыярчылык макулдашуусун түзгөн ыктыярчы ыктыярчылык ишти жүргүзүүнү жана ээ болгон тажрыйбаны жана көндүмдөрдү ырастаган өздүк китепчесин же белгиленген үлгүдөгү ыктыярчынын жигердүүлүк таблицасын алууга укуктуу.
16. Эгер студент кырк сааттан кем эмес иштесе жана кесиптик жана жогорку билим берүү мекемесинин ыктыярчылык уюм менен кызматташтык жөнүндө макулдашуусу (меморандум) бар болсо, окуган адистиги боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу жана кесиптик тажрыйбага ээ болуу максатында студент тарабынан жүзөгө ашырылган, ыктыярчынын өздүк китепчеси же жигердүүлүк таблицасы жана ыктыярчылык макулдашуусу менен ырасталган ыктыярчылык окуу же өндүрүштүк (диплом алгандыгы) практикада эсепке алынат.
17. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ыктыярчылык ишке колдоо көрсөтөт жана ушул максаттарда ыктыярчыларды колдоону жүзөгө ашырат.
6. Ыктыярчылык ишти сыйлоо чаралары
18. Ыктыярчылык иштин принциптерин илгерилетүүдөгү жана ийгиликтүү ишке ашыруудагы салымдарын таануу жана баалоо иретинде жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамдарга ылайык сыйланышы мүмкүн.
19. Ыктыярчылык уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыктыярчыларды сыйлоо жөнүндө маселени кароо өтүнүчү менен сыйлоого талапкер ыктыярчыларды сунуштайт.
20. Жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыктыярчылык уюмдар менен биргеликте төмөнкүлөрдү өткөрөт:
1) ыктыярчылыкты илгерилетүү жана ыктыярчылык программаларга жана ыктыярчылык акцияларга катышуу үчүн ыктыярчыларды кабыл алуу боюнча ар жылдагы иш-чараларды;
2) ыктыярчылык чөйрөсүндөгү салымдарын таануу боюнча ар жылдагы иш-чараларды;
3) ыктыярчылык ишти популярдаштыруу боюнча башка иш-чараларды.
21. Ыктыярчылык уюмдар ыктыярчыларды сыйлоонун системасын өз алдынча аныкташат, ал сыйлоонун төмөнкү түрлөрүн камтышы мүмкүн:
1) иштеген же окуган жери боюнча ыраазычылык кат;
2) ыктыярчылык уюмдун эстелик белеги, грамотасы, имидждик продукциясы;
3) иш берүүчүлөргө жана билим берүү мекемелерине сунуштамалар жана пикирлер;
4) ыктыярчыны эл аралык семинарларга, жолугушууларга, лагерлерге, форумдарга катышуу үчүн жөнөтүү;
5) ыктыярчылардын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу;
6) ыктыярчыларды сыйлоонун башка түрлөрү.