Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-ж. 19-июнундагы № 2215-VII токтомуна тиркеме |
Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда
мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын
ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык иштелип чыкты, анда принциптердин бири катары Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик анын мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бɵлүнүүсүнɵ, алардын макулдашылган иштɵɵсүнɵ жана ɵз ара аракеттенүүсүнɵ негизделет деп белгиленген.
2. Ушул Жобо укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартибин белгилейт.
3. Укуктук мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары бардык тиешелүү тармактарда бири-бири менен ɵз ара аракеттенүүгɵ жана мыйзамдардын сапатын камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамдардын натыйжалуулугун (майнаптуулугун) баалоо аркылуу күтүлгɵн максаттарга жетишүү үчүн укук колдонуунун мониторингин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алууга тийиш.
II. Жобонун максаттары жана милдеттери
4. Ушул Жобонун негизги максаттары жана милдеттери болуп тɵмɵнкүлɵр саналат:
- укук колдонуу мониторингин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу учурунда мамлекеттик органдардын ɵз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү системасын түзүү;
- укук колдонуу мониторингин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу максатында ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү үчүн шарттарды түзүү;
- мыйзамдардагы боштуктарды пландуу табуу жана жоюу;
- натыйжалуу ɵз ара аракеттенүү аркылуу мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу.
III. Укуктук мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу боюнча
ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү тартиби
5. Укук колдонуу мониторингин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу үчүн бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактары бийликтин ар бир бутагынан ɵкүлдɵрдɵн турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзɵт. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчилиги бийликтин ар бир бутагынын кызматкерлеринен турууга тийиш.
6. Укуктук мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу үчүн жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнɵ карабастан башка органдардын кызматкерлерин тартууга укуктуу.
7. Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү үчүн ушул Жободо белгиленген органдардын бири ушундай зарылчылык келип чыгышынын себептерин жана жагдайларын кɵрсɵтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын мониторингин жүргүзүү жөнүндө сунушту бийликтин башка бутактарына жɵнɵтүүгɵ укуктуу.
8. Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө сунушту алган мамлекеттик органдар жумушчу топту түзүүгɵ макулдук жөнүндө жоопту же Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актысына мониторинг жүргүзүүнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө жүйɵɵлүү жоопту 10 күндүк мɵɵнɵттɵ берүүгɵ тийиш.
9. Бир нече ченемдик укуктук актыларга бир мезгилде мониторинг жүргүзүү зарыл болгон учурда мамлекеттик органдар келип түшкɵн сунушка жооп иретинде аларды бири-бирине киргизүүгɵ укуктуу.
10. Жумушчу топту түзүү жөнүндө сунушту макулдашуу учурунда мамлекеттик органдар жумушчу топко жана жумушчу топтун жетекчилигинин курамына киргизүү үчүн тармактык багыттагы кызматкерлердин тизмесин аныктайт.
11. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, мамлекеттик бийликтин ар бир бутагынан ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчилиги иштин сапаты жана ɵз учурунда жүргүзүлүшү үчүн биргелешкен жоопкерчилик тартат.
IV. Укуктук мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу учурунда
мамлекеттик органдардын ɵз ара аракеттенүү механизми
12. Ведомстволор аралык жумушчу топ укуктук мониторинг жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө сунуш киргизген мамлекеттик органдын чечими менен түзүлɵт.
13. Ведомстволор аралык жумушчу топ мониторинг жүргүзүү мɵɵнɵттɵрүн аныктоо менен иш планын түзɵт, ага жумушчу топтун жетекчилиги кол коет.
14. Укуктук мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдар бири-бирине суроо-талаптар менен кайрылууга укуктуу.
15. Тиешелүү мамлекеттик орган суроо-талапка жоопту 10 жумуш күндɵн кечиктирбестен берүүгɵ тиийш.
16. Мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын ɵз ара аракеттенүүсү тɵмɵнкүлɵр аркылуу жүзөгө ашырылат:
- ченемдик укуктук актыны аткаруу жөнүндө маалымат берүү;
- ченемдик укуктук актыны аткаруу боюнча статистикалык маалыматтарды берүү;
- жарандык коомдун ɵкүлдɵрүн тартуу менен «тегерек столдорду», конференцияларды, семинарларды жана кɵчмɵ жолугушууларды ɵткɵрүү;
- калктан пикир сурамжылоону жүргүзүү зарыл болгон учурда, анкеталарды даярдоо;
- алынган маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
- бузуулар табылган учурда аларды жоюу үчүн мамлекеттик органдарга сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- зарыл болгон учурда ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу.
17. Мамлекеттик органдардын ɵз ара аракеттенүүсү координациялуу, сапаттуу жана тɵмɵнкүдɵй негизги уюштуруу формаларында жүзөгө ашырылууга тийиш:
- башкы ɵз ара аракеттенүүчү түзүмдɵр болуп мамлекеттик органдардын ɵздɵрү саналат;
- бир жолку биргелешкен маселелерди чечүү үчүн биргелешкен топтор жана комиссиялар түзүлɵт;
- туруктуу ɵз ара аракеттенүүнү талап кылган маселелерди чечүү үчүн туруктуу жумушчу топтор жана комиссиялар түзүлɵт.
V. Ведомстволор аралык жумушту топтун иши
18. Мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин органдары укук колдонуу мониторингин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинде тɵмɵнкүдɵй ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынынын конституциялык Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынынын конституциялык Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынынын конституциялык Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин контролдук функцияларын жүзөгө ашыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
- «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
19. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин принциптери тɵмɵнкүлɵргɵ негизделет:
- мониторинг жүргүзүүнүн ачыктыгына жана объективдүүлүк;
- системалуулук;
- маалымдуулук;
- ченемдик укуктук актыларды ар тараптан талдоо;
- тыянактардын далилдүүлүгү.
Мамлекеттик сырды түзгɵн же «Кызматтык пайдалануу үчүн» грифи бар маалыматтарды изилдɵɵ зарыл болгон учурларда мындай маалымат мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга ылайык колдонулат.
20. Укуктук мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырууда ведомстволор аралык жумушчу топ ɵз ишине мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, кɵз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартууга укуктуу.
VI. Ведомстволор аралык жумушчу топтун иштөө тартиби
21. Ведомстволор аралык жумушчу топ укуктук мониторингди 1 жылга чейин жүргүзүүгɵ укуктуу.
Мɵɵнɵттү узартуу зарыл болгон учурда ведомстволор аралык жумушчу топ жүйɵɵлүү катты ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүгɵ түрткү берген органдын жетекчилигине жɵнɵтɵт.
22. Ченемдик укуктук актыларды мониторинг жүргүзүү жана баа берүү планына киргизүү үчүн негизги критерийлер болуп тɵмɵнкүлɵр саналат:
- укуктук ченемдик актынын ченемдерин ɵзгɵртүү боюнча мыйзам чыгаруу демилгесинин болушу;
- укуктук ченемдик актынын аткарылышына карата коомдук кызыкчылык жана жарандардын суроо-талабы;
- улуттук стратегияларды ишке ашыруунун алкагында укуктук ченемдик актыларды жакшыртуунун зарылдыгы.
23. Ведомстволор аралык жумушчу топтор ɵз ишинде тɵмɵнкүдɵй этаптарды колдонот:
- маалыматтарды чогултуу;
- маалыматтарды иштетүү жана талдоо;
- натыйжалуулукту баалоо;
- ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү.
24. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин натыйжалары тɵмɵнкүдɵй маалыматтарды камтууга тийиш:
- жумушчу топту түзүүнүн максаты;
- чечүүгө тийиш болгон маселелер;
- тыянактар жана сунуштамалар.
25. Жумушчу топтун ишинин натыйжалары, сунуштамалар болгон учурда аларды макулдашуу жана андан ары жылдыруу үчүн, мамлекеттик органдардын кароосуна жɵнɵтүлɵт.
Сунуштамалардын мүнɵзүнɵ жараша жумушчу топ аны тɵмɵнкүлɵрдү жасоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органга жɵнɵтүү жөнүндө чечим кабыл алат:
- мыйзамдарды жакшыртуу максатында мыйзам долбоорун демилгелɵɵ;
- табылган коллизияларды жоюу максатында мыйзам алдындагы ченемдик актыны иштеп чыгуу;
- бузууларга жол берген кызмат адамдарына карата чара кɵрүү;
- мамлекеттик органдар же кызмат адамдары тарабынан бузууларды жоюу боюнча башка чараларды кɵрүү.
Бузууларды табуунун ар бир учуру аткарууга карата сунуштамаларды кабыл алууга милдеттүү болгон белгилүү бир мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.