Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июну № 73
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 24.06.2024-ж. № 5/1, № 5/2, № 5/3 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 21.06.2024-ж. № 3 - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 21.06.2024-ж. № 3 - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 24.06.2024-ж. № 5/1, № 5/2, № 5/3 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 21.06.2024-ж. № 3 - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бишкек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Бишкек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-июнундагы № 73 токтомуна 1-тиркеме |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Бишкек шаары | |||
1. |
Бишкек шаардык | Чалов Ильяз Алмазович (11) «Эмгек» депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 5/1, 24.06.2024-ж. (20.06.2024-ж. өз арызы) |
2. | Шаршенбай уулу Руслан (8) «Эмгек» депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 5/2, 24.06.2024-ж. (20.06.2024-ж. өз арызы) | |
3. | Ашимов Айбек Майрамбекович (4) «Эмгек» депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 5/3, 24.06.2024-ж. (20.06.2024-ж. өз арызы) | |
Ош облусу | |||
Чоң-Алай району | |||
4. | Кашка-Суу айылдык (№ 4 Кашка-Суу шайлоо округу) | Абдуламит уулу Бекболот | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (12.06.2024-ж. өз арызы) |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
Б. Макешов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-июнундагы № 73 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган
тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Чоң-Алай району | |||
1. |
Кашка-Суу айылдык (№ 4 Кашка-Суу шайлоо округу) | Алиев Орозбек Муктарович | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (13.06.2024-ж. өз арызы) |
2. | Калбаев Турусбек Шермаматович | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (13.06.2024-ж. өз арызы) | |
3. | Саитов Султанбек Аманиллаевич | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (13.06.2024-ж. өз арызы) | |
4. | Кудайбергенова Жумагүл Токтосуновна | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (13.06.2024-ж. өз арызы) | |
5. | Азимова Майрамкан Аманаллиевна | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (13.06.2024-ж. өз арызы) | |
6. | Сапарали уулу Эркинбек | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (14.06.2024-ж. өз арызы) | |
7. | Аширали кызы Умсунай | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (18.06.2024-ж. өз арызы) | |
8. | Мойдунов Дуйшөнбай Алтымышович | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (18.06.2024-ж. өз арызы) | |
9. | Чожобеков Сүйүнбай Зиябидинович | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (18.06.2024-ж. өз арызы) | |
10. | Шарипов Акбарали Шермаматович | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. (18.06.2024-ж. өз арызы) | |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
Б. Макешов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-июнундагы № 73 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары
деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1. | Бишкек шаардык | Узакбаев Торогелди Замирбекович (15) «Эмгек» саясий партиясы | «Аламедин Базары» ЖЧКсы, генералдык директордун орун басары | Бишкек АШК, № 5/1, 25.06.2024-ж. |
2. | Бейшенбаев Эдиль Нурбекович (16) «Эмгек» саясий партиясы | «Хелси фуд» ЖЧКсы, директор | Бишкек АШК, № 5/2, 25.06.2024-ж. | |
3. | Долотбеков Аскар Айбекович (19) «Эмгек» саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Бишкек АШК, № 5/3, 25.06.2024-ж. | |
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
4. | Кашка-Суу айылдык (№ 4 Кашка-Суу шайлоо округу) | Мамражапов Асилбек Маканбаевич | Убактылуу иштебейт | Чоң-Алай АШК, № 3, 21.06.2024-ж. |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
Б. Макешов |