Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн ТАРТИБИ ЖАНА ШАРТТАРЫ
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле мурдагы СССРдин жарандары акчалай аманаттардын баалуулугун калыбына келтирүүгө жана сактоого укуктуу.
2. 1992-жылдын 1-январына карата абал боюнча аманатчы өзүнүн эсебинен акча алып койгонуна же өздүк эсепти жапканына карабастан, алардын калдыктарын коэффициенттерди колдонуу менен индексациялоо жолу менен акчалай салымдарды калыбына келтирүү жүргүзүлөт:
- 2500 рублга чейин 1 сом 1 рубль катышында;
- 2501 рублдан 5000 рублга чейин 1 сом 20 рубль катышында;
- 5001 рублдан 10000 рублга чейин 1 сом 30 рубль катышында;
- 10000 сомдон жогору 1 сом 40 рубль катышында.
3. "КыргызЭлбанкка" салынган акча каражаттары жана 1992-жылдын 1-январынан кийин өздүк эсепти жабуунун натыйжасында аманатчылар тарабынан алынган каражаттар индексациялоого жатпайт.
4. Бир аманатчынын бир нече өздүк эсеби болгон учурда ар бир эсептин акча каражаттары өзүнчө индексацияланууга тийиш.
5. "Элдик Банк" ачык акционердик коому (мындан ары - Элдик Банк) "КыргызЭлбанк" мекемелеринде жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын жарандарынын акчалай аманаттарын калыбына келтирүүнү, сактоону жана төлөөнү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин агенти болуп саналат.
6. Элдик Банктын атайын эсептерди ачууга жана аларды калыбына келтирүү суммаларын кошуп эсептөөгө байланышкан чыгымдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан компенсацияланат.
7. Индексацияланган суммаларды төлөө Элдик Банктын филиалдары аркылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
8. Эсептелген суммаларды төлөөнүн тууралыгын контролдоо Элдик Банктын филиалдарынын директорлоруна жүктөлөт.
9. Ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин Элдик Банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине индексацияланган суммаларды төлөө үчүн бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө отчет берет.
Отчеттун формасын эки тарап макулдашат.
10. Индексацияланган сумманы алуу үчүн аманатчы Элдик Банктын кандай болбосун филиалына белгиленген формадагы арызды берет. Индексацияланган сумманы берүү, аманатчы арыз бергенден кийин бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
11. Индексацияланган суммаларды алууда паспорт, аманат китепчеси (өздүк эсеп жабылбаган учурда) көрсөтүлөт.
12. Индексацияланган сумманы эсептен алганда "көрсөтүүчүнүн" аманат китепчесинин болушу милдеттүү. Болбосо, төлөм жүргүзүлбөйт.
13. 1992-жылдын 1-январынан кийин аманат китепчеси жоголгон же өздүк эсеби жабылган учурда индексацияланган суммаларды төлөө аманатчы тарабынан берилген белгиленген формадагы арыздын негизинде жүргүзүлөт.
14. Паспорт жоголгон учурда индексацияланган сумма документ калыбына келтирилгенден кийин төлөнөт.
15. Аманатчынын өздүк эсебинин карточкасы жок болгондо жана колунда аманат китепчеси болгондо индексацияланган суммаларды төлөө архивдеги маалыматтардын жана аларды аманат китепчесиндеги жазуулар менен салыштырып текшерүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
16. Индексацияланган аманаттар жарандардын каалоосу боюнча жеке өзү тарабынан алынышы мүмкүн же болбосо аманаттарды пайдалануу укугун ырастаган, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде башка адамдарга ишеним берилиши мүмкүн.
17. Аманатчынын фамилиясы өзгөртүлгөн учурда анын негизинде фамилиясы өзгөртүлгөн документ берилет.
18. Алуучунун каалоосу боюнча компенсациялык суммалар аманатчы катары Элдик банкта ачылган өздүк эсепке чегерилиши мүмкүн, андан кийин Элдик Банктын бекитилген пайыздык чендери боюнча пайыздарды кошуп эсептөө менен биринчи талап боюнча кепилденген төлөө жүргүзүлөт.
19. Мурас боюнча индексацияланган сумманы алуу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же керээз, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүк (мураскордун укуктук статусуна жараша) көрсөтүлөт.
20. Өздүк эсептердин карточкаларында кандай болбосун каталар табылган учурда индексацияланган суммаларды төлөө аманатчынын реквизиттери (аманатчынын аты-жөнү, дареги, эсебинин номери, калдыктын суммасы ж.б.) толук аныкталганга чейин жүргүзүлбөйт.