Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен гепатопанкреатобилиардык, гастроэнтерологиялык, ириң-септикалык, эндоскопиялык жана шашылыш хирургия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы, финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөргө жана штампка ээ болгон юридикалык жак болуп саналат.
3. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
6. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте мамлекеттик аттестациялоодон/аккредитациялоодон өтүүгө тийиш.
7. Борбордун юридикалык дареги: 720044, Бишкек шаары, 3-линия көчөсү, 25.
8. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору";
- расмий тилде: "Национальный хирургический центр имени академика Мамбета Мамакеева при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КРССМ АММ УХБ";
- расмий тилде: "НХЦ АММ МЗ КР".
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
9. Борбордун ишинин максаты калкка сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү, оорулууларды диагностикалоонун жана хирургиялык дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, хирургиялык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону өркүндөтүү, илимий-изилдөө иштерин оптималдаштыруу, ошондой эле дарылоо-консультациялык жардамды, теориялык жана клиникалык хирургия жаатындагы окуу-методикалык иштерди жана илимий изилдөөлөрдү координациялоо, Кыргызстандын хирургдарын дүйнөлүк хирургиялык коомчулукка интеграциялоо болуп саналат.
10. Борбордун милдеттери:
1) заманбап иштөө формаларын жана методдорун колдонуу менен хирургиялык илимди өнүктүрүү;
2) хирургиялык оорулары бар бейтаптарды диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы, натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
3) хирургияны гармониялуу жана ар тараптуу өнүктүрүү жана калыптандыруу үчүн хирург-илимпоздордун жетишкендиктерин жана интеллектуалдык потенциалын колдонуу;
4) ата мекендик илимдин жана билим берүүнүн маанилүү көйгөйлөрүн чечүү, биргелешкен илимий-медициналык жана илимий-билим берүү программаларын жана долбоорлорун түзүү жана аткаруу үчүн Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуу-хирургдарынын күч-аракеттерин бириктирүү;
5) фундаменталдык изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана аларды хирургиялык илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча координациялоо;
6) ата мекендик хирургиянын жана дүйнөлүк илимдин маанилүү жетишкендиктерин талдоо жана жалпылоо жана аларды практикага киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
7) ар кандай хирургиялык жамааттардын, кафедралардын жана клиникалардын илимий изилдөөлөрүн интеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
8) клиникалык жана эксперименталдык хирургия маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча илимий-практикалык, методикалык жардам көрсөтүү;
9) изилдөөчүлөр үчүн жумуш орундарын түзүү жана жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
10) инфратүзүмдүк объекттерди жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
11) Борбордун багыты боюнча жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
3-глава. Борбордун укуктары жана милдеттери
11. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) саламаттык сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууга;
2) медициналык-санитардык жардам алуу үчүн кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашыруучу башка адамдар жүргүзгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
3) белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын, оору баянынан көчүрмөлөрдү, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
4) консолидацияланган бюджетти түзүүгө жана аткарууга катышууга;
5) саламаттык сактоо жана илим жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды, медициналык жабдууларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык сатып алууга;
6) Борбордун багыты боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына борборлоштуруп сатып алынуучу, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам түрүндө келүүчү дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга;
7) өзүнүн дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөө, билим берүү жана инновациялык ишинин багыттарын аныктоого;
8) Борбордун багыты боюнча илимий мекемелер жана ишканалар менен байланышты өнүктүрүүгө;
9) белгиленген тартипте ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге, анын ичинде эл аралык бирикмелерге кирүүгө;
10) акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана алынган кирешелерди Борбордун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө, инфраструктураны күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого пайдаланууга; 11) мамлекеттик, жеке жана башка уюмдар менен жумуштарды аткарууга, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүүгө;
12) Борбордун филиалдарын, илим-изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалык бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды киргизүүгө;
13) кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды эң маанилүү илимий изилдөө иштерин аткарууга тартууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга.
12. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) Борбордун багыты жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз убагында, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардамды камсыз кылууга;
3) экстремалдык шарттарда (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даяр болууга;
4) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимди сактоого;
5) саламаттык сактоонун чектеш кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
6) сергек жашоо ыңгайын пропагандалоону жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоону жүргүзүүгө;
7) келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик атайын окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
8) бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболорунун регламентин сактоого жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчет берүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого; 11) бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга.
13. Борбор саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Борбордун функциялары
14. Борбор жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Бишкек шаарынын калкына шашылыш хирургиялык жардам көрсөтөт жана республиканын калкына боор, өт жолдору, уйку бези, ашказан-ичеги карын патологиялары, ириңдүү-септикалык оорулар, көкүрөк клеткалары жана ички жамбаш ооруларында пландуу хирургиялык жардам көрсөтөт;
2) теориялык жана клиникалык хирургия маселелери боюнча дарылоо-консультациялык жардамды, окуу-методикалык иштерди жана илимий изилдөөлөрдү координациялоону жүзөгө ашырат;
3) гепатопанкреатобилиардык, гастроэнтерологиялык, ириңдүү-септикалык, эндоскопиялык жана шашылыш хирургия жана торакалдык хирургия боюнча дарылоо-илимий-окуу процессин өркүндөтүү боюнча ишти уюштурат жана камсыз кылат;
4) эл аралык, республикалык жана региондук программаларга жана долбоорлорго, илимий-изилдөө иштерине илимий экспертиза жүргүзүүгө катышат;
5) илимий кадрларды даярдоонун жаңы формалары, калыптанган илимий хирургиялык мектептерди бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат, бул сунуштарды ишке ашырууга катышат;
6) белгиленген тартипте ата мекендик хирургия илимин, билим берүүнү жана практиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү түздөн-түз эл аралык байланыштарды түзөт;
7) илимий кадрларды аттестациялоого катышат жана аттестациялоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
8) илимий программалардын жана долбоорлордун аткарылышын камсыз кылуу үчүн убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзөт;
9) хирургиялык илимдин, практиканын жана билим берүүнүн актуалдуу проблемалары боюнча илимий конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, анын ичинде эл аралык көргөзмөлөрдү уюштурат жана өткөрөт;
10) хирургдарды чет өлкөлөрдүн жетектөөчү илимий жана окуу борборлоруна стажировкага жана илимий ишке жиберүүгө көмөктөшөт;
11) Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуу-хирургдарынын жетишкендиктерин пропагандалоого жана кеңири жайылтууга багытталган басма ишин жүзөгө ашырат;
12) хирургия жаатындагы иштерге автордук укуктарды коргоону жүргүзөт, ойлоп табуулардын жана рационализатордук сунуштардын өз убагында каралышын жана киргизилишин камсыз кылат;
13) "Кыргызстандын хирургиясы", "Кыргызстандын саламаттык сактоосу", "Ден соолук", "Здоровье", "Медициналык жаңылыктар", "Борбордук Азия медициналык журналы" илимий-практикалык журналдарынын ишине көмөк көрсөтөт;
14) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун материалдык базасын өркүндөтүү жана кадрларды даярдоо деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
15) медициналык илимдин жана саламаттык сактоонун жетишкендиктерин пропагандалайт, республиканын калкынын арасында санитардык агартуу ишине көмөк көрсөтөт;
16) Борбордун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарат.
5-глава. Борбордун түзүмү
15. Борбордун түзүмү жана штаттык расписаниеси окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.
16. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
6-глава. Борборду башкаруу
17. Борборду директор башкарат.
18. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Борбордун директору кызмат ордуна дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам бир илимий уюмда эки мөөнөттөн ашык Борбордун директорунун кызмат ордуна дайындалбайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Борбордун директорун сунушсуз эле өз демилгеси менен дайындоого жана ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу.
Борбордун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
19. Борбордун директорунун кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген адамдар ээлей алат:
1) жогорку кесиптик билим;
2) окумуштуулук даражасы;
3) илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчи кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.
20. Борбордун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) саламаттык сактоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) уюмду башкаруунун теорияларын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздерин;
5) профили боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
6) чет өлкөлүк илимий уюмдардын илимий жетишкендиктерин жана тажрыйбасын;
7) орто мөөнөттүү мезгилге илим тармагын жана клиникалык ишти өнүктүрүү көз карашына (концепциясына, иштеп чыгуусуна, технологиясына же планына) ээ болуу.
21. Борбордун директору жок учурда (кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызмат ордунан бошотуу) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
22. Борбордун директорунун орун басары (орун басарлары) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
23. Борбордун директору:
1) өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат;
2) жеке башкаруу принциптеринде Борборду башкарат жана Борбордун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) финансы каражаттарын тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тууралыгына жооп берет, финансылык тартипти сактайт;
4) Борбордун башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
6) кызматкерлерди кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
7) Борбор айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
8) өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
9) кызматкерлерди кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгектик укуктарынын сакталышы үчүн жооп берет;
10) илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылык эркиндигин өнүктүрөт;
101) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
11) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
12) Борбордун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Борбордун илимий-техникалык кеңеши
24. Борбордун илимий-техникалык кеңеши консультациялык-кеңешүү органы болуп саналат. Борбордун илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү Борбордун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу кызматкерлеринин жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу кызматкерлеринин жалпы чогулушу, эгерде эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Илимий-техникалык кеңештин курамына Борбордо иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
25. Илимий-техникалык кеңеш, эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, илимий-техникалык кеңештин чечимдери кабыл алынды деп эсептелет.
26. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп Борбордун директору эсептелет.
8-глава. Борбордун каржылоо булактары
27. Борбордун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөрдүн каражаттары саналат:
1) республикалык бюджеттин;
2) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун;
3) атайын эсептердин;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фондунун (мамлекеттик комиссиянын алкагында).
28. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
29. Борбордун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
9-глава. Корутунду жоболор
30. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
31. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.