КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ
КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-июну № 2241-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзаровичти Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун 1-пунктчасында:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Ханджеза Карим Лемзарович - № 23 Москва бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан;".
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- 1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Ханджеза Карим Лемзарович - № 23 Москва бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан;";
- 7-пунктчанын жыйырма төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |