ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 2241-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзаровичти Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция20.06.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ

КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 20-июну № 2241-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзаровичти Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун 1-пунктчасында:

- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Ханджеза Карим Лемзарович - № 23 Москва бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан;".

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- 1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:

"Ханджеза Карим Лемзарович - № 23 Москва бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан;";

- 7-пунктчанын жыйырма төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

     Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Н.О. Сыдыгалиев