Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-январы № 15.2
Капчыгай айыл аймагында Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча Капчыгай айыл өкмөтүнүн иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 11-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын айыл аймагында турмушка ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн түзгөн иш-планы тууралуу Капчыгай айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Касымалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңешим токтом кылат:
1. Капчыгай айыл аймагында Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча Капчыгай айыл өкмөтүнүн иш-планы бекитилсин.(Тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген иш пландын негизинде иш алып баруу жана иш планда белгиленген жумуштардын аткарылышын камсыз кылуу Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Арзи уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына (Б.Азимбаевге) жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Калыбаев |
| Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 11-январындагы № 3 токтомуна тиркеме |
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгына ылайык Капчыгай айыл аймагында 2022-жылдын 1-февралына чейин 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттердин планы
№ | Чаралар, аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булактары | Аткарууга жооптуулар |
1 | Капчыгай айыл аймагында Улуттук тазалык күнү белгиленсин жана ал жыл сайын апрелдин үчүнчү ишембисинде жана сентябрдын үчүнчү ишембисинде өткөрүү жагы белгилөө | 2023-жылдын апрель, сентябрь айлары | Жергиликтүү бюджеттен | Мекеме жетекчилери, айыл башчылар, жер адис. |
2 | Тиричилик калдыктарын анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында мыйзамдык базаны жана экономикалык жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү | 2023-жылдын март, апрель, май айлары | Жергиликтүү бюджеттен | Мекеме жетекчилери, айыл башчылар, жер адис. |
3 | Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өркүндөтүү | 2023-жылдын март, апрель, май айлары | Жергиликтүү бюджеттен | Мекеме жетекчилери, айыл башчылар, жер адис. |
4 | Тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында экологиялык билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн методикалык жана маалыматтык камсыздоону түзүү | 2023-жылдын март, апрель, май айлары | Жергиликтүү бюджеттен | Мекеме жетекчилери, айыл башчылар, жер адис. |
5 | Катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө, полигондорду оптималдаштырууга, тиричилик калдыктарын кабыл алуу пункттарын, таштандыларды сорттоочу жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды, анын ичинде жеке менчик формадагыларын курууга багытталган инвестицияларды өздөштүрүү | 2023-жылдын март, апрель, май айлары | Жергиликтүү бюджеттен | Мекеме жетекчилери, айыл башчылар, жер адис. |
6 | Калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн өздөрү тарабынан калдыктарды иштетүү боюнча чыгымдарды компенсациялоону караган тиешелүү укуктук жана экономикалык негизди түзүүнүн зарылдыгын аныктаган “булгоочу төлөйт” принцибин киргизүү; | 2023-жылдын март, апрель, май айлары | Жергиликтүү бюджеттен | Айыл башчылар, жер адис. |
7 | Тиричилик калдыктарын иштетүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишти конкурстук негизде жүргүзүү процессинин ачыктыгы жана айкындыгы | 2023-жылдын март, апрель, май айлары | Жергиликтүү бюджеттен | Мекеме жетекчилери, айыл башчылар, жер адис. |
8 | Калкты тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен толук камтууну камсыз кылууга, бааны белгилөөнү өркүндөтүүгө жана тарифтерди оптималдаштырууга, төлөм тартибин чыңдоого багытталган санитардык тазалоо инфраструктурасын өнүктүрүү | 2023-жыл апта сайын | Жергиликтүү бюджеттен | Мекеме жетекчилери, айыл башчылар, жер адис. |
9 | Катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондорду түзүү;
| 2023-жыл июнь айы | Жергиликтүү бюджеттен | Мекеме жетекчилери, айыл башчылар, жер адис. |
10 | Катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу (таштоо) боюнча учурдагы жайларды жабуу жана рекультивациялоо боюнча чараларды көрүү, энергиянын альтернативдүү булактары түрүндөгү тиричилик калдыктарынын обьекттерин пайдалануу | 2023-жыл апта сайын | Жергиликтүү бюджеттен | Мекеме жетекчилери, айыл башчылар, жер адис. |
11 | Капчыгай айыл аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери иштелип жана жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө киргизүү | 2023-ж январь, февраль айы | Жергиликтүү бюджеттен | Айыл өкмөт кызматкерлери, |
Катчы |
| А.Бакашова |