Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 2-июлу ПЖ № 176
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун иштешин уюштуруу деңгээлин жогорулатуу максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Жободо каралган иш-чаралар тартылган министрликтердин, ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тиешелүү жылга каралган финансылык каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |