Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-апрели № 4/11-28
Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
(Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 токтомуна ылайык)
Айылдык кеңешинин сессиясында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 8-апрелиндеги №615/01-9 катын карап жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ № 10 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесинин 2-пунктун аткаруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токой чарбасына караштуу Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан №924 контурдагы, жалпы аянты 52,8 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
-Токой чарбасына караштуу Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан
-№922 контурдагы жалпы аянты 13,1га ,анын ичинен 12,7га бакча /огород/, 0,2 га каналдар жана коллекторлор, 0,2га жолдордун жана прогондордун алдындагы жерлер;
-№923 контурдагы 7,9 га бакча /огород/жер тилкесин;
-№924 контурдагы 30,6 га,анын ичинен 30,0 га бакча / огород/, 0,2 га каналдар жана коллекторлор, 0,4 га жолдордун жана прогондордун алдындагы жерлер,жалпы аянты 51,6 га жер тилкелери “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
(Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 токтомуна ылайык)
2."Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" акционердик коомуна турак үйлөрдү биринчи кезекте жана жеңилдетилген түрдө Ак-Кудук айыл аймагынын тургундарына (мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер) ипотекага берүү жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Ак-Кудук айылдык кенешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |