Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 45
Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 , 2024-жылдын 8-июлундагы № 371, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 378-статьясына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 23, 57-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлардын мүлкүн. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары камкорчулук кеңештери менен макулдашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ижарага берүүгө) укуктуу.".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 61-главанын аталышында, 382-пунктунда, 383-пунктунун биринчи абзацында "(мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкары билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан башка)" деген сөздөр "(мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкары билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан, ошондой эле өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку билим берүү уюмдарынан башка)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 380-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"380. Билим берүү ишине лицензия (мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкары билим берүү жана транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) чөйрөсүндөгү программаларды ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан, ошондой эле өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку билим берүү уюмдарынан башка) билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.".
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-февралындагы № 11 (3564) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |