Редакцияот 15.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2024-жылдын 2-июлу № 392-т

 

Электрондук документ жүгүртүү мамлекеттик системасындагы "Актынын долбоору" модулун пайдалануу боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 779-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктта "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул тескеме 2024-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет деп белгиленсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров