Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 12-декабры № 779-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 392-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Актылардын долбоорлорун макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүү жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 18-декабрынан тартып 2025-жылдын 1-июнуна чейин "Электрондук документ жүгүртүү мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалыматтык системасынын "Актынын долбоору" модулу аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын долбоорлорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын мыйзам чыгаруу демилгелеринин алкагында демилгеленген мыйзам долбоорлорун макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 392-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Жогоруда аталган пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине ылайык кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилет.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин кошпогондо, мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн актылардын долбоорлорун макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүүдө "Электрондук документ жүгүртүү мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалыматтык системасынын "Актынын долбоору" модулун колдонуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул тескеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органдары менен "Электрондук документ жүгүртүү мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалыматтык системасынын "Актынын долбоору" модулун колдонуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жогоруда аталган пилоттук долбоор оң жактуу ишке ашырылган учурда ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн актылардын кагаз түрүндөгү долбоорлорун макулдашууну, кабыл алууну жокко чыгарууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |