Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 363
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
Салык кызматынын органдарынын банктар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесине, ''Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан электрондук өз ара аракеттенүүнүн талаптары жана форматтары бекитилген учурдан тартып 6 айдын ичинде ыйгарым укуктуу салык органы менен маалыматтык системалардын интеграциясын камсыз кылууга милдеттүү деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |