Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 токтомуна)

Банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан салык кызматынын органдарына маалымат берүү ТАРТИБИ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Тартип салык кызматынын органдарына маалымат берүү тартибин, ошондой эле банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан берилүүчү маалыматка карата талаптарды аныктайт.

2. Бул Тартипке ылайык маалымат алмашуунун катышуучулары болуп өз ишин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырган салык кызматынын органдары, банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору саналат.

3. Маалымат алмашуу кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө жүзөгө ашырылат.

4. Кагаз жүзүндө маалымат алуу үчүн салык кызматынын органы банкка салык кызматынын органынын фирмалык бланкында салык кызматынын органынын жетекчиси же анын орун басары тарабынан кол коюлган, салык кызматынын органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жөнөтөт.

5. Маалыматты электрондук түрдө алуу үчүн салык кызматынын органы Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык маалыматтык система аркылуу электрондук суроо-талапты жөнөтөт.

6. Техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болгондо банктын жообу реалдуу убакыт режиминде маалымат системасы аркылуу автоматтык түрдө түзүлүшү жана жөнөтүлүшү мүмкүн.

7. Электрондук түрдө маалымат алмашуу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте жана форматта банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ыйгарым укуктуу салык органы менен электрондук өз ара аракеттенүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

8. Бир суроо-талапты бир эле учурда Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан бир нече же бардык банктарга жөнөтүүгө жол берилет.

9. Эгерде маалымат суроо-талап боюнча берилүүгө тийиш болсо, анда суроо-талапка ушул Тартипте белгиленген талаптар толук болуп саналат.

10. Банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты берүү максатында ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында каттоо жана эсептешүү түйүндөрүн каттоо жолу менен ыйгарым укуктуу салык органы менен электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Ушул пункттун максаттарында эсептешүү түйүнү болуп аралыктан төлөө формаларынын инструменттери, QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, идентификацияланган электрондук капчыктар жана башка перифериялык түзүлүштөр, ошондой эле төлөм системасы тарабынан берилген ар кандай мобилдик тиркемелер саналат.

11. Эсептешүү түйүнүнүн каттоо маалыматтары өзгөргөн же эсептешүү түйүнүнүн иши токтотулган учурларда банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору реалдуу убакыт режиминде каттоо параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында эсептешүү түйүндөрүн каттоодон алып салууну камсыз кылууга милдеттүү.

2-глава. Салык төлөөчүлөрдүн эсептери боюнча маалымат берүү

12. Салык төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринин ачылышы, жабылышы, бар экендиги жана алардын номерлери жөнүндө маалыматты алуу үчүн салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн толук аталышын, идентификациялык салык номерин жана талап кылынган маалыматты көрсөтүү менен суроо-талапты жиберет.

13. Банк салык кызматынын органынын суроо-талабы келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде талап кылынган маалыматта төмөнкүлөрдү чагылдыруу менен суроо-талап келип түшкөн формада жооп берүүгө милдеттүү:

1) эсепти ачууда түрүн, ачылган күнүн жана эсептин номерин көрсөтүү менен;

2) эсепти жабууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүнө ылайык эсептин түрүн, жабылган күнүн жана номерин көрсөтүү менен;

3) эсеп бар болгондо эсептин түрүн жана номерин көрсөтүү менен.

3-глава. Салык төлөөчүлөрдүн операциялары боюнча маалымат берүү

14. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты, ошондой эле алардын эсептеринин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинде каралган учурларда уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форма боюнча эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты берүү тууралуу салык кызматынын органынын суроо-талабын жапа чечимин жиберет.

15. Жеке ишкерлерди кошпогондо, текшерилүүчү жеке жактардын эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын эсептеринин учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн салык кызматынын органы мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын көчүрмөсүн тиркөө менен жеке адамдын аты-жөнүн, жеке идентификациялык номерин жана суралган маалыматтарды көрсөтүү менен банкка жазуу жүзүндө суроо-талап жиберет.

16. Банк салык кызматынын органынын суроо-талабы келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды чагылдыруу менен суроо-талап келип түшкөн форма боюнча жооп берүүгө милдеттүү.

17. Банктын жообунда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

1) эсеп ээсинин реквизиттери;

2) эсептин түрү;

3) эсептин номери;

4) эсеп валютасы;

5) көчүрмө түзүлгөн мезгил;

6) эсеп боюнча акыркы операциянын датасы;

7) кириш калдыгынын суммасы жана датасы;

8) эсеп боюнча операциялар жүргүзүлгөн дата;

9) төлөмдүн багыты (бар болгондо);

10) эсептин дебети/кредити боюнча ар бир операция боюнча суммалар (бар болгондо);

11) ар бир операция жүргүзүлгөндөн кийинки каражаттардын калдыгы (бар болгондо);

12) эсептен чыгарылган жана чегерилген каражаттардын жалпы суммасы (эсептин дебети жана кредити боюнча жүгүртүүлөр);

13) бардык чыгыш операциялар, Кыргыз Республикасынын уюмдарынан жана жеке ишкерлеринен накталай эмес формада төлөөдө кириш операциялар, ошондой эле алар болгон учурда башка кириш операциялар боюнча эсептердин номерлерин көрсөтүү менен контрагенттердин аталыштары;

14) операциялар жүргүзүлүүчү жерлер (бар болгондо);

15) банк тарабынан алынган комиссиялардын суммасы;

16) көчүрмө берилген датага карата каражаттардын чыгыш калдыгы.

4-глава. Банк кепилдиги боюнча маалымат берүү

18. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык кызматынын органдарына андан ары маалымат берүү үчүн салык төлөөчүгө банк тарабынан берилген банктык кепилдик жокко чыгарылган же өзгөртүлгөн учурларда банк мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде бул тууралуу салык төлөөчү катталган жери боюнча салык кызматынын органына кабарлайт.

19. Маалымат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- банк кепилдигин жокко чыгаруу фактысы жана мындай чечим кабыл алынган күн;

- банк кепилдигине өзгөртүүлөрдү киргизүү фактысы, банк кепилдигинин өзгөртүлгөн суммасы жана мындай чечим кабыл алынган дата.

5-глава. Уюмдарга жана жеке ишкерлерге банк тарабынан эсеп ачуу

20. Банк ыйгарым укуктуу салык органынан алынган маалыматка ылайык салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасында салыктык каттоосу болгон учурда уюмдарга жана жеке ишкерлерге эсеп ачат.

21. Уюмдарга жана жеке ишкерлерге эсеп ачууда салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынан алуу үчүн банк маалыматтык система аркылуу электрондук суроо-талапты түзөт.

6-глава. Карызды эсептен чыгаруу боюнча маалымат берүү

22. Банктын зайымчысынан тындырылбаган карызды эсептен чыгаруу жана банк тарабынан карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты алуу үчүн салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн толук аталышын, идентификациялык салык номерин жана талап кылынган маалыматты көрсөтүү менен тиешелүү суроо-талап жиберет.

23. Банк салык органынын тиешелүү суроо-талабын алган күндөн кийинки 30 календардык күндүн ичинде суроо-талап алынган формада датасы, эсептен чыгарылган карыздын суммасы жана банк тарабынан карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты чагылдыруу менен жооп берүүгө милдеттүү.

7-глава. Банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалымат берүү

24. Электрондук өз ара аракеттенүү шарттарын камсыз кылгандан кийин банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору ушул Тартиптин 10-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүүгө милдеттүү.

25. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында каттоо жол-жобосу, ошондой эле каттоо, кайра каттоо жана эсептешүү түйүндөрүн алуу жол-жобосу ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган талаптарга жана форматка ылайык жүзөгө ашырылат.

8-глава. Банктардын жана төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ушул Тартиптин талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилиги

26. Ушул Тартиптин маалымат берүү боюнча талаптары аткарылбаган же талаптагыдай эмес жана өз учурунда аткарылбаган фактылары аныкталган учурда банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.