Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 4-июлу № 363

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Салык кызматынын органдарынын банктар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесине, ''Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан салык кызматынын органдарына маалымат берүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан электрондук өз ара аракеттенүүнүн талаптары жана форматтары бекитилген учурдан тартып 6 айдын ичинде ыйгарым укуктуу салык органы менен маалыматтык системалардын интеграциясын камсыз кылууга милдеттүү деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров