Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 токтомуна) |
Салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу тартибин, ошондой эле тараптар тарабынан берилүүчү маалыматка карата талаптарды аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Тартипке ылайык маалымат алмашуунун катышуучулары болуп өз ишин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырган салык кызматынын органдары, банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору саналат.
3. Маалымат алмашуу кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө жүзөгө ашырылат.
4. Кагаз жүзүндө маалымат алуу үчүн салык кызматынын органы банкка салык кызматынын органынын фирмалык бланкында салык кызматынын органынын жетекчиси же анын орун басары тарабынан кол коюлган, салык кызматынын органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жөнөтөт.
5. Маалыматты электрондук түрдө алуу үчүн салык кызматынын органы Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык маалыматтык система аркылуу электрондук суроо-талапты жөнөтөт.
6. Техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болгондо банктын жообу реалдуу убакыт режиминде маалымат системасы аркылуу автоматтык түрдө түзүлүшү жана жөнөтүлүшү мүмкүн.
7. Электрондук түрдө маалымат алмашуу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте жана форматта банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ыйгарым укуктуу салык органы менен электрондук өз ара аракеттенүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
8. Бир суроо-талапты бир эле учурда Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан бир нече же бардык банктарга жөнөтүүгө жол берилет.
9. Эгерде маалымат суроо-талап боюнча берилүүгө тийиш болсо, анда суроо-талапка ушул Тартипте белгиленген талаптар толук болуп саналат.
10. Банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты берүү максатында ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында каттоо жана эсептешүү түйүндөрүн каттоо жолу менен ыйгарым укуктуу салык органы менен электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Ушул пункттун максаттарында эсептешүү түйүнү болуп аралыктан төлөө формаларынын инструменттери, QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, идентификацияланган электрондук капчыктар жана башка перифериялык түзүлүштөр, ошондой эле төлөм системасы тарабынан берилген ар кандай мобилдик тиркемелер саналат.
11. Эсептешүү түйүнүнүн каттоо маалыматтары өзгөргөн же эсептешүү түйүнүнүн иши токтотулган учурларда банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору реалдуу убакыт режиминде каттоо параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында эсептешүү түйүндөрүн каттоодон алып салууну камсыз кылууга милдеттүү.
2-глава. Салык төлөөчүлөрдүн эсептери боюнча маалымат берүү
12. Салык төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринин бар экендиги жана алардын номерлери жөнүндө маалымат алуу үчүн салык кызматынын органы банкка салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин, жеке ишкердин аты-жөнүн же уюмдун аталышын көрсөтүү менен суроо-талап жөнөтөт.
13. Банк салык кызматынын органынын суроо-талабы келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталуучу маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн эске алуу менен салык төлөөчүнүн банктагы бардык учурдагы жана/же мурда болгон эсептери боюнча эсептин номерин, түрүн, ачылган датасын жана жабылган датасын (жабык эсептер боюнча) камтыган жоопту берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Уюмдарга жана жеке ишкерлерге эсеп ачууда же жабууда банк маалыматтык система аркылуу зарыл маалыматтарды чагылдыруу менен ыйгарым укуктуу салык органына төмөнкүдөй тиешелүү маалыматты жөнөтүүгө милдеттүү:
1) эсеп ачууда эсептин түрүн, ачылган датасын жана номерин көрсөтүү менен;
2) эсепти жабууда эсептин түрүн, жабылган датасын жана номерин көрсөтүү менен.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Салык төлөөчүлөрдүн операциялары боюнча маалымат берүү
14. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты, ошондой эле алардын эсептеринин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинде каралган учурларда уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форма боюнча эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты берүү тууралуу салык кызматынын органынын суроо-талабын жапа чечимин жиберет.
15. Жеке ишкерлерди кошпогондо, текшерилүүчү жеке жактардын эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын эсептеринин учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн салык кызматынын органы мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын көчүрмөсүн тиркөө менен жеке адамдын аты-жөнүн, жеке идентификациялык номерин жана суралган маалыматтарды көрсөтүү менен банкка жазуу жүзүндө суроо-талап жиберет.
16. Банк салык кызматынын органынын суроо-талабы келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды чагылдыруу менен суроо-талап келип түшкөн форма боюнча жооп берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Банктын жообунда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) эсеп ээсинин реквизиттери;
2) эсептин түрү;
3) эсептин номери;
4) эсеп валютасы;
5) көчүрмө түзүлгөн мезгил;
6) эсеп боюнча акыркы операциянын датасы;
7) кириш калдыгынын суммасы жана датасы;
8) эсеп боюнча операциялар жүргүзүлгөн дата;
9) төлөмдүн багыты (бар болгондо);
10) эсептин дебети/кредити боюнча ар бир операция боюнча суммалар (бар болгондо);
11) ар бир операция жүргүзүлгөндөн кийинки каражаттардын калдыгы (бар болгондо);
12) эсептен чыгарылган жана чегерилген каражаттардын жалпы суммасы (эсептин дебети жана кредити боюнча жүгүртүүлөр);
13) бардык чыгыш операциялар, Кыргыз Республикасынын уюмдарынан жана жеке ишкерлеринен накталай эмес формада төлөөдө кириш операциялар, ошондой эле алар болгон учурда башка кириш операциялар боюнча эсептердин номерлерин көрсөтүү менен контрагенттердин аталыштары;
14) операциялар жүргүзүлүүчү жерлер (бар болгондо);
15) банк тарабынан алынган комиссиялардын суммасы;
16) көчүрмө берилген датага карата каражаттардын чыгыш калдыгы.
171. Акча каражаттарын эл аралык которууга байланыштуу операциялар жөнүндө маалыматты алуу үчүн салык кызматынын органы уюмдун аталышын жана талап кылынган маалыматты көрсөтүү менен банкка суроо-талап жиберет.
172. Банк салык кызматынын органынын суроо-талабы келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде суроо-талап алынган формада төмөнкүдөй маалыматты чагылдыруу менен жооп берүүгө милдеттүү:
1) маалымат берилүүчү мезгил;
2) операциянын датасы;
3) которуунун суммасы;
4) төлөөчү катталган өлкө жана алуучу катталган өлкө (маалыматтар болсо);
5) операциянын валютасы;
6) которуунун багыты (кириш же чыгыш);
7) төлөөчүнүн аталышы жана реквизиттери;
8) алуучунун аталышы жана реквизиттери;
9) төлөм системасынын же которуунун башка механизминин аталышы;
10) төлөмдүн багыты (бар болсо), ошондой эле ошол эле мезгилде көрсөтүлгөн операциялар боюнча жыйынды (агрегатталган) көрсөткүчтөр;
11) кириш операциялардын жалпы саны;
12) чыгыш операциялардын жалпы саны;
13) валютаны көрсөтүү менен кириш которуулардын жалпы суммасы (которуулар болгон ар бир валюта боюнча);
14) валютаны көрсөтүү менен чыгыш которуулардын жалпы суммасы (которуулар болгон ар бир валюта боюнча).
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Банк кепилдиги боюнча маалымат берүү
18. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык кызматынын органдарына андан ары маалымат берүү үчүн салык төлөөчүгө банк тарабынан берилген банктык кепилдик жокко чыгарылган же өзгөртүлгөн учурларда банк мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде бул тууралуу салык төлөөчү катталган жери боюнча салык кызматынын органына кабарлайт.
19. Маалымат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- банк кепилдигин жокко чыгаруу фактысы жана мындай чечим кабыл алынган күн;
- банк кепилдигине өзгөртүүлөрдү киргизүү фактысы, банк кепилдигинин өзгөртүлгөн суммасы жана мындай чечим кабыл алынган дата.
5-глава. Уюмдарга жана жеке ишкерлерге банк тарабынан эсеп ачуу
20. Банк ыйгарым укуктуу салык органынан алынган маалыматка ылайык салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасында салыктык каттоосу болгон учурда уюмдарга жана жеке ишкерлерге эсеп ачат.
21. Уюмдарга жана жеке ишкерлерге эсеп ачууда салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынан алуу үчүн банк маалыматтык система аркылуу электрондук суроо-талапты түзөт.
6-глава. Карызды эсептен чыгаруу боюнча маалымат берүү
22. Банктын зайымчысынан тындырылбаган карызды эсептен чыгаруу жана банк тарабынан карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты алуу үчүн салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн толук аталышын, идентификациялык салык номерин жана талап кылынган маалыматты көрсөтүү менен тиешелүү суроо-талап жиберет.
23. Банк салык органынын тиешелүү суроо-талабын алган күндөн кийинки 30 календардык күндүн ичинде суроо-талап алынган формада датасы, эсептен чыгарылган карыздын суммасы жана банк тарабынан карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты чагылдыруу менен жооп берүүгө милдеттүү.
7-глава. Банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалымат берүү
24. Электрондук өз ара аракеттенүү шарттарын камсыз кылгандан кийин банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору ушул Тартиптин 10-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүүгө милдеттүү.
25. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында каттоо жол-жобосу, ошондой эле каттоо, кайра каттоо жана эсептешүү түйүндөрүн алуу жол-жобосу ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган талаптарга жана форматка ылайык жүзөгө ашырылат.
71-глава. Ислам принциптери боюнча алынган кредит/каржылоо жана ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзгөн банктар үчүн ал боюнча төлөнгөн пайыздар/эквиваленттер жөнүндө маалымат берүү
251. Мүлктүк эсептен чыгарууну алууга арыз берген жеке жактын тиешелүү жыл үчүн турак жай фондуна таандык кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана/же курууга ислам принциптери боюнча алынган, кайтарылган кредиттин/каржылоонун (мындан ары – кредит) жана ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзгөн банктар үчүн алар боюнча төлөнгөн пайыздар/эквиваленттер (мындан ары – кредит) жөнүндө маалымат алуу үчүн салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн аты-жөнүн, идентификациялык салык номерин жана талап кылынган маалыматты көрсөтүү менен электрондук суроо-талап жөнөтөт.
252. Суроо-талап календардык жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнө ылайык жөнөтүлүшү мүмкүн.
253. Банк салык органынын тиешелүү суроо-талабын алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде банк тиешелүү жыл үчүн турак жай фондуна таандык кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана/же курууга алынган, кайтарылган кредиттин суммасы жана алар боюнча төлөнгөн пайыздар жөнүндө маалыматты чагылдыруу менен суроо-талап алынган электрондук формада жооп берүүгө милдеттүү. Ар бир календардык жыл үчүн маалымат өзүнчө түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
72-глава. Транзакцияга салык боюнча салык төлөөчүлөрдүн каттоосун текшерүү сервиси
254. Ыйгарым укуктуу салык органы банктар менен транзакцияга салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат алмашууну камсыз кылат.
255. Банк салык агенти катары чыгуучу салык төлөөчүлөрдүн каттоосун текшерүү максатында банк ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан берилүүчү электрондук сервисти колдонот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Банктардын жана төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ушул Тартиптин талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилиги
26. Ушул Тартиптин маалымат алмашуу боюнча боюнча талаптары аткарылбаган же талаптагыдай эмес жана өз учурунда аткарылбаган фактылары аныкталган учурда банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)