Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
2022-жылдын 9-декабры № 142
2023-жылга көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралу Жобону жана иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын аткаруу максатында 2023-жылы көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралу Жобо жана иш-чаралар планы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Арал айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралу Жобо жана 2023-жылга белгиленген иш-чаралар планы бекитилсин.
2. Иш-чараларды уюштурууга, 150 даана ишне жалбырактуу карагайдын жана алманын көчөттөрүн сатып алууга жергиликтүү бюджеттин 2215-беренсиндеги ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн 100,0 миң сом акча каражаты каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| А.С.Кыдыров |