Загрузка документа…
| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Орловка жылуулук менен
жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Орловское предприятие теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасынын кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Орловское предприятие теплоснабжения”.
5. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 724516, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кемин району, Орловка шаары, Кирпичная көчөсү, 25.
6. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп саналат, “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитилген мүлккө ээлик кылуу укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет, ал “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону жүргүзөт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
8. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган анын ишинин предметине жана максаттарына шайкеш келүүчү жарандык укуктары бар жана ага бул ишине байланышкан милдеттерди аткарат. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы жана бланктары бар.
11. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү: жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө сатуу болуп саналат.
12. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин максаттары жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө жылуулук энергиясы менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жылуулук менен жабдуу тармагындагы мамлекеттик программаларын жана социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналат.
13. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин негизги милдеттери чыгымды азыраак жумшап, керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы жана ысык суу менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо болуп саналат.
14. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
15. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
17. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат.
19. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) от казандардын жана откана жабдууларынын объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда иштөөсүн чарба жүргүзүү укугунда камсыздайт;
2) отканаларды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык пайдаланууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүргүзөт, от казандардын жана откана жабдууларын монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоо-калыбына келтирүүчү, жөнгө салуучу иштерди аткарат;
4) откана чарбасы жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда күтүү, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирге жылуулук менен жабдуу объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
6) жылуулук берүү мезгилинде аварияларды жоюу, иштен чыккан откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
7) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулугун өнүктүрөт;
8) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат, отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, электр энергиясын) камдайт;
9) жылуулук энергиясынын бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
10) отунду, сарпталуучу материалдарды, от казандарды жана откана жабдууларын оңдоо боюнча, ошондой эле отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алат;
11) жылуулук менен жабдуу объекттерин эксплуатациялоонун бир кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну ишке киргизет;
12) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде жылуулук менен жабдуу чарбасынын объекттеринде жана инженердик курулмаларында от казандардын, откана жабдууларынын туруктуу, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздайт;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча оперативдүү ишти уюштурат;
14) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти жана коопсуздук техникасын сактоо боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
15) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүүнү камсыздоо боюнча чараларды иштеп чыгат;
16) өз компетенциясынын чегинде жылуулук энергиясы жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, андан ары кароого жана демилгелөөгө мамлекеттик башкаруу органына же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
17) өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыгат жана ишке ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
21. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз функцияларын жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) жараксыз болгон жабдуулар менен башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди ишке тартууга;
7) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөгө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн ишке тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелердин катышуучусу болууга (мүчө болууга);
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкери болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
22. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга отчетту өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директор жетектейт, аны мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын арасынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга жана милдеттерге ээ болот жана өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
24. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бошотулат.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
25. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИде башкы инженердин кызмат орду каралат.
Башкы инженер “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорунун буйругу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Башкы инженер эмгек келишим түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин башкы инженери төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин башкы инженерин ээлеген кызматынан бошотуу аны менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
27. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу, ошондой эле анын ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна сый акы төлөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
28. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдар, анын ичинде жоюлган;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдардын кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
29. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору:
1) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жалпы жетектейт жана “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарды, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруусу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүргүзөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан чыгат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыздайт;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана ченемдик-техникалык мүнөздөгү башка ички документтерди бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Ошол эле учурда директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
12) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрөт жана ыйгарым укуктарын белгилейт;
13) чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
14) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
15) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
16) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
17) келерки финансылык жылга “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
18) келерки финансылык жылга “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
19) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
20) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
21) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
23) откана чарбасынын, инженердик инфраструктуранын объекттерин натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда күтүүгө, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыздоо үчүн жооптуу болот;
24) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
25) кызматтык нускамаларды, кызматка квалификациялык талаптарды, “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
26) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
27) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш режимин орун басарлары менен макулдашуу боюнча бекитет;
28) белгиленген тартипте “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
29) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
30) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стимулдарын түзүүгө жана укуктук агартууга багытталган чараларды көрөт;
31) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга катышат;
32) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйынында өзүнүн иши жана “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иши жөнүндө отчет берет;
33) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерди кошпогондо, “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт;
34) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
30. Директор жок болгон учурда “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директордун буйругу менен аныкталган башкы инженер жетектейт.
31. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган башкы инженер аткарат.
6-глава. Финансы-чарбалык иш, эсепке алуу жана
отчеттуулук
32. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин толук чарбалык эсеп жүргүзүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарына ээ.
33. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык өзүнүн финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин жүргүзөт.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын формулировкасын;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
34. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту берет.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
35. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни күтүүгө кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
36. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары жана наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
37. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбалык коомдор менен шериктештиктердин уставдык капиталына салууга же башка ыкмалар менен аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
38. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарымсыз негизде калктын жылуулукка жана ысык суу менен камсыздоого болгон муктаждыгына берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тарткан зыяндары (субсидиялар) компенсацияланат.
39. Продукциянын (жылуулук энергиясынын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
40. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү аркылуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу менен зайымдык каражаттарды тарта алат.
41. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
42. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык чарба жүргүзүү, ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн алынган кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
43. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлкү, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилет.
44. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулат, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберилет.
45. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өндүрүштүк-чарбачылык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөрдү жана бюджетке төлөмдөрдү, кредиттерди жана башка зайымдык каражаттарды төлөгөндөн кийин «Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тескөөсүндө калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
46. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
47. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ тышкы аудитти жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
48. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду күтүүгө чыгымдарды каржылоо “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
49. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду жүргүзөт:
1) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетко киргизилүүгө тийиш.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
50. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
51. “Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.