Загрузка документа…
| 9-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Чолпон-Ата жылуулук
менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик
ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Министрликке караштуу “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ) Министрликтин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучусу болуп саналат.
2. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Чолпон-Атинское предприятие теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Чолпон-Атинское предприятие теплоснабжения”.
5. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 722125, Кыргыз Республикасы, Чолпон-Ата шаары, 3-кичи район, н\ж.
6. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп саналат, ал “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитилип берилген мүлккө менчик укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет, ал “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
8. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган анын ишинин предметине жана максаттарына ылайык келген жарандык укуктарга ээ жана ушул ишке байланыштуу милдеттерди аткарат. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ белгиленген тартипте финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
11. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү болуп керектөөчүлөргө жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу саналат.
12. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин максаттары калктын жана башка керектөөчүлөрдүн жылуулук менен камсыздоо боюнча кызматтарга болгон керектөөлөрүн сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жылуулук менен камсыздоо тармагындагы мамлекеттик программаларын жана социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналат.
13. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин негизги милдеттери болуп керектөөчүлөрдү азыраак чыгым менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жылуулук энергиясы менен камсыздоо саналат.
14. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
15. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчиликти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16.“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрлөрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү ишке ашырууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча өз мүлкүнүн чегинде жоопкерчилик тартат.
17. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
19. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда отказандардын жана отказан жабдууларынын чарба жүргүзүү укугунда иштешин камсыз кылат;
2) отказандарды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык пайдаланууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, отказандарды жана отказан жабдууларын монтаждоо, пландык-алдын алуу, оңдоо-калыбына келтирүү, ишке киргизүү иштерин аткарат;
4) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук, электр жана суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
5) бир түзүлүштүн – когенерациялык орнотмонун ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына (когенерация) кайра айландырат;
6) жылытуу мезгилинде иштен чыгып калган отказанды, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
7) жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрөт.
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электрэнергиясын) камдайт;
9) жылуулук энергиясынын бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
10) отунду, чыгымдалуучу материалдарды, отказандарды жана отказан жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле отказан чарбаларына отун жана товарларды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнүүчү субсидиялардын эсебинен сатып алуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
11) жылуулук менен камсыздоо объекттерин эксплуатациялоонун кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды ишке киргизет, отказандарды отундун альтернативдүү түрлөрүнө которууну жүзөгө ашырат;
12) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын объекттеринде жана инженердик курулмаларында отказандардын, отказан жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам иштерди уюштурат;
14) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти жана коопсуздук техникасын сактоо боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
15) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
16) өз компетенциясынын чегинде жылуулук, электр жана суу менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, андан ары мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жана демилгелөөсүнө киргизет;
17) “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
21. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жараксыз болуп калган жабдууларды жана башка мүлктү баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөгө жөнөтүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышуучу (мүчө) болууга;
11) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга; “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш-аракетин жүзөгө ашырууга жардам көрсөткөн “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын кызматкерлери болуп саналбаган адамдарга сыйлоонун түрлөрүн колдонууга;
12) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
22. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчетторду берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директор ишке ашырат, ал мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларынын резервинен сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктары, милдеттери бар жана өзүнүн иши үчүн жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
24. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.
25.“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттер үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
26. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ директоруна карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу, ошондой эле ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна сый акы төлөп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
27. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары, анын ичинде жоюлган кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан мурда бошотулгандар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
28. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору:
1) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан чыгат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алат;
12) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
13) өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишине текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
14) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
15) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
16) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
17) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки финансылык жылга бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
18) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки финансылык жылга бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө киргизет;
19) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
20) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
21) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
23) отказан чарбасынын объекттерин, инженердик инфраструктуранын натыйжалуу пайдаланылышын жогорулатуу, аларды техникалык оң абалда күтүү, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлерде жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
24) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
25) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматтык нускамаларын, кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
26) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
27) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш режимин бекитет;
28) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;
29) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
30) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды, ошондой эле укуктук агартууга жана коррупцияга каршы жүрүм-турумга түрткү берүүгө багытталган чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат;
31) өз ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
32) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иши тууралуу отчет берет;
33) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт;
34) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин борбордук аппаратынын киреше жана чыгаша сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
29. Директор жок болгон учурда “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директордун буйругу менен аныкталган ишкананын кызматкери жетектейт.
30. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган ишкананын кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчеттуулук
31. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин толук чарбалык эсеп, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ.
32. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын чечмеленишин;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) өзү өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
33. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору ушул жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
34.“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин борбордук аппаратын, филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн күтүүгө кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
35. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы өз алдынча баланста чагылдырылат жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болот.
36. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
37. Республикалык бюджеттен “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ калкка жылытуу муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгымдарын (субсидияларды) компенсациялоо акысыз жана кайтарылгыс негизде жүзөгө ашырылат.
38. Продукциянын өздүк наркын (жылуулук энергиясы жана электр энергиясы) аныктоо жана жылуулук энергиясына жана электр энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
39. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерин түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашуу боюнча зайымдык каражаттарды тарта алат.
40. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
41. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) менчик ээси тарабынан ага чарба жүргүзүү укугунда берилген, ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык жүзөгө ашырылуучу мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
42. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилет.
43. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулат.
44. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өндүрүштүк-чарбалык ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бюджетке бардык чегерүүлөрдү жана төлөмдөрдү, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин карамагында калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга багытталат.
45. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
46. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
47. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого чыгымдарды каржылоо “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
48. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду өткөрөт:
– “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
– “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
– финансылык, бухгалтердик, башкаруу маалыматтарынын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитине байланыштуу башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык отчетуна киргизилиши керек.
8-бөлүм. Кайра уюштуруу жана жоюу
49. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
50. “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.