Загрузка документа…
| 11-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Талас жылуулук менен
жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугуна негизделип, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Министрликке караштуу “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ) Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Таласское предприятие теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Таласское предприятие теплоснабжения”.
5. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 724200, Кыргыз Республикасы, Талас шаары, Почтовая көчөсү 4а.
6. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп саналат жана “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитилип берилген мүлккө карата ээлик кылуу укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет, ал “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону ишке ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт.
8. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максатына ылайык келүүчү жарандык укуктары бар жана ага ушул иштери менен байланышкан милдеттер жүктөлөт.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш–бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
11. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү болуп жылуулук энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жылуулук түрүндө бөлүштүрүү жана сатуу саналат;
12. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин максаттары жылуулук жана ысык суу менен жабдуу түрүндө жылуулук энергиясы менен жабдуу боюнча калктын жана башка керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жылуулук менен камсыздоо тармагындагы мамлекеттик программаларын жана социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналат.
13. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин негизги милдеттери болуп керектөөчүлөрдү эң аз чыгым менен жылуулук энергиясы жана ысык суу менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу саналат.
14. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
15. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык–укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартат.
17. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенип өкүлчүлүктөр аркылуу жүзөгө ашырат.
19. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) от казандардын жана откана жабдууларынын объекттеринде, курулмаларда жана коммуникацияларда иштешин чарба жүргүзүү укугунда камсыздайт;
2) отканаларды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык пайдаланууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук, жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, от казандарды жана откана жабдууларын монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоочу-калыбына келтирүүчү, ишке киргизүүчү иштерди аткарат;
4) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук менен жабдуу объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
5) жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу максатында материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
6) өкүлчүлүктөрдү жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулугун өнүктүрөт;
7) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электр энергиясын) камдайт;
8) жылуулук энергиясынын бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарды талдайт жана контролдойт;
9) отунду, сарпталуучу материалдарды, от казандарды жана откана жабдууларын оңдоо боюнча, ошондой эле отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алат;
10) жылуулук, объекттерин иштетүүнүн кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну ишке киргизет;
11) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк–канализациялык чарбанын объекттеринде жана инженердик курулмаларында от казандардын, откана жабдууларынын туруктуу, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат;
12) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам иштерди уюштурат;
13) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти коргоо жана техника коопсуздугун сактоо боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
14) өзүнүн компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
15) өзүнүн компетенциясынын чегинде жылуулук менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, андан ары мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жана демилгелөөсүнө киргизет;
16) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
4–глава. Укуктары жана милдеттери
21. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) жараксыз болуп калган жабдууларды жана башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) башкаруучу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышуучу (мүчө болууга);
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, бирок “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын кызматкери болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
22. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзунүн милдеттерин аткарууга;
4) өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчет берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы сунуш кылган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу директор жетектейт.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктары, милдеттери бар жана өзүнүн иши үчүн жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
24. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча отчетун кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
25. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу, ошондой эле алардын ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна сый акы төлөп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
26. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары, анын ичинде жоюлган кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар;
3) мурда канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан бошотулгандар;
4) мурда менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу–укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
27. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору:
1) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл болгон башка бардык ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылат;
4) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өзүнүн компетенциясынын чегинде “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методиканы жана башка ички документтерди бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алат;
12) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бекитилген бюджетине ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча директордун сунушунун негизинде “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
13) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрөт, ыйгарым укуктарын белгилейт;
14) өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
15) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
16) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчётторду, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды, түшүндүрмөлөрдү жана стратегиялык өнүктүрүү планын берет;
17) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
18) келерки финансылык жылга карата “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
19) келерки финансылык жылга карата “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
20) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
21) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
23) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
24) откана чарбасынын объекттерин, инженердик инфраструктурасын натыйжалуу пайдаланылууну жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда кармоого, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга жооптуу болот;
25) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылат жана өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
26) кызматтык нускамаларды, кызмат орундарына квалификациялык талаптарды, “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
27) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
28) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иштөө режимин бекитет;
29) белгиленген тартипте “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
30) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
31) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорунун орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте сунуш киргизет;
32) ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
33) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды, ошондой эле укуктук агартууга жана коррупцияга каршы жүрүм-турумга түрткү берүүгө багытталган чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат;
34) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
35) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иши тууралуу отчет берет;
36) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
37) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин киреше жана чыгаша сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
28. Директор жок болгон учурда “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин ишин жетектөө директордун буйругу менен аныкталган кызматкерге жүктөлөт.
29. Директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткарууну мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган башкы инженер жүзөгө ашырат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчет берүү
30. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин толук чарбалык эсепти жүргүзүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарына ээ.
31. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырат.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарын жана негизги багыттарынын чечмеленишин;
2) тармактын жана рыноктун баяндамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
32. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун, анын ичинде “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту берет.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
33. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни кармоого кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
34. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
35. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбалык коомдор менен жамааттардын уставдык капиталына салууга же башка ыкмалар менен аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
36. Республикалык бюджеттен “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин калкка жылытуу жана ысык суу менен жабдуу муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгымдарын (субсидияларды) компенсациялоо акысыз жана кайтарылгыс негизде жүзөгө ашырылат;
37. Продукциянын (жылуулук энергиясынын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
38. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайым келишимдерин түзүү жолу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашуу боюнча зайымдык каражаттарды тарта алат.
39. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
40. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
41. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитилип берилет.
42. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмес) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
43. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өндүрүштүк-чарбачылык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке болгон төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар төлөнгөндөн кийин “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тескөөсүндө калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
44. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчет берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
45. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
46. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого чыгымдарды каржылоо “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
47. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду жүргүзөт:
1) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын тактыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчёту “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык отчётуна киргизилиши керек.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
48. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
49. “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.