Загрузка документа…
| 13-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Майлуу-Суу жылуулук
менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик
ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугунда негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Министрликке караштуу “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ) Министрликке караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп саналат.
2. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Майлуу-Сууйское предприятие теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Майлуу-Сууйское предприятие теплоснабжения”.
5. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 721100, Кыргыз Республикасы, Майлуу-Суу шаары, Верхняя көчөсү, 2.
6. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп саналат, ал “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитилип берилген мүлккө менчик кылуу укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат, ал “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
8. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максатына ылайык келүүчү жарандык укуктары бар жана ушул иш менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
11. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү болуп керектөөчүлөргө жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу болуп саналат.
12. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин максаттары болуп калктын жана башка керектөөчүлөрдүн жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө керектөөчүлөргө жылуулук энергиясын сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу тармагындагы мамлекеттик программаларын жана социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
13. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин негизги милдеттери болуп керектөөчүлөрдү азыраак чыгым менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо саналат.
14. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
15. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчиликти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрлөрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү ишке ашырууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча өз мүлкүнүн чегинде жоопкерчилик тартат.
17. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
19. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) чарба жүргүзүү укугунда объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда отказандардын жана отказан жабдууларынын иштешин камсыз кылат;
2) отказан жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык пайдаланууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, отказандарды жана отказан жабдууларын монтаждоо, пландык-алдын алуу, оңдоо-калыбына келтирүү, ишке киргизүү иштерин аткарат;
4) отказан чарбасы жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлерде жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
6) бир түзүлүштүн – когенерациялык орнотмонун ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына (когенерация) кайра айландырат;
7) аварияларды жоюу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт, жылытуу мезгилинде иштен чыккан откананы, инженердик жабдууну алмаштырат;
8) жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрөт.
9) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электрэнергиясын) камдайт;
10) жылытуу жана ысык суу менен жабдууну иштеп чыгууга кеткен чыгымдарды талдайт жана контролдойт;
11) отунду, чыгымдалуучу материалдарды, отказандарды жана отказан жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле отказан чарбаларына отун жана товарларды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнүүчү субсидиялардын эсебинен сатып алуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
12) жылуулук жана ысык суу менен жабдуу объекттерин эксплуатациялоонун кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды киргизет, отказандарын отундун альтернативдүү түрлөрүнө которууну жүзөгө ашырат;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде жылытуу жана ысык суу менен жабдуу объекттериндеги жана инженердик курулмаларындагы отказандарынын, отказандарынын жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларын болтурбоо жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча оперативдүү ишти уюштурат;
15) эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
17) өз компетенциясынын чегинде жылуулук жана ысык суу менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, андан ары мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жана демилгелөөсүнө киргизет;
18) “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргонууну уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
21. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) жараксыз болуп калган жабдуулар менен башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарып салууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөгө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) башкаруучу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышуучу болууга (мүчөлүк);
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, бирок “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын кызматкери болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
22. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчет берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилигин директор ишке ашырат, ал мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларынын резервинен сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктары, милдеттери бар жана өзүнүн иши үчүн жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
24. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат
25. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандыраарлык эмес баа алынганда;
2) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
26. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ директоруна карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу, ошондой эле ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна сый акы төлөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
27. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары, анын ичинде жоюлган кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттин жетекчи кызмат ордун мурда ээлеген, анын банкроттугуна алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
28. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору:
1) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан чыгат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди башкы инженер менен макулдашуу боюнча бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) башкы инженердин милдеттерин бөлүштүрөт, “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
12) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишине текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
13) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
14) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
15) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
16) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки финансылык жылга бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруучу органга макулдашууга киргизет;
17) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки финансылык жылга бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө киргизет;
18) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
19) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
20) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даярдайт жана берет;
21) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
22) отказан чарбасынын объекттерин, инженердик инфратүзүмдү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык оң абалда күтүү, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлерде жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
23) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
24) кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарга ылайык кызматтык нускамаларды бекитет;
25) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
26) башкы инженер менен макулдашуу боюнча “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш режимин бекитет;
27) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;
28) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
29) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды, ошондой эле укуктук агартууга жана коррупцияга каршы жүрүм-турумга түрткү берүүгө багытталган чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат;
30) өз ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
31) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иши тууралуу отчет берет;
32) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт;
33) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин киреше жана чыгаша сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
29. Директор жок болгон учурда “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жетектөө директордун буйругу менен аныкталган кызматкерге жүктөлөт.
30. Директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткарууну мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган башкы инженер жүзөгө ашырат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчеттуулук
31. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүзөгө ашырат, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ.
32. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын чечмеленишин;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
33. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
34. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ күтүүгө кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
35. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
36. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары салууга же башка ыкмалар менен бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
37. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарылгыс негизде калктын жылуулукка болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин зыяндары (субсидиялар) компенсацияланат;
38. Продукциянын (жылуулук энергиясы) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына жана электр энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
39. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу боюнча зайымдык каражаттарды тарта алат.
40. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
41. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн алынган кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
42. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алынган кирешесинин же башка булактардын эсебинен жаңы түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилет.
43. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
44. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өндүрүштүк-чарбалык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөр төлөнгөндөн кийин “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин карамагында калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
45. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчетторду берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-бөлүм. Аудит
46. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ тышкы аудит жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
47. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
48. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду жүргүзөт:
1) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруу маалыматтарынын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетко киргизилүүгө тийиш.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
49. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
50. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.