Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-мартындагы № 4
2023-2025-жылдар мезгилине карата тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө
Миң-Булак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышындагы 16сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 Жарлыгын жетекчиликке алып жана айыл өкмөтү тарабынан сунушталган иш-планды карап чыгып талкуулап токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдар мезгилине карата тиричилик калдыктарын иштетүү үчүн натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жактырылып бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Т.Койчубаев |
| БЕКИТЕМИН Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы ______________Т.Койчубаев 28.03.2023 |
Миң-Булак айыл аймагын көрктөндүрүү эрежелери
I. Жалпы жоболор
1.1. Миң-Булак айыл аймагын ушул көрктөндүрүү эрежелери (мындан ары-Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Өндүрүштүн жана керектөөнүн таштандылары жөнүндө” мыйзамдарына жана шаардык аймактардын тышкы ыңгайлуулук абалына коюулуучу жана башка курчап турган чөйрөнү коргоого коюулуучу талаптарды аныктоочу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Эрежелер, менчик түрүнө карабастан, Миң-Булак айыл аймагында жайгашкан, жер пайдалануучулар жана жер ээлери болгон юридикалык жана жеке жактар, куруучулар, имараттардын, курулуштардын ээлери жана ижарачылары үчүн тышкы көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат жана аткаруу үчүн бирдей жана милдеттүү ченемдерди белгилейт, аймакты жыйнап тазалоо жана кармоо, жашыл бак-дарактарды кармоо жана коргоо тартибин аныктайт.
1.3.Аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык кармоо, жыйнап тазалоону уюштуруу, тазалыкты жана тартипти камсыздоо маселелери боюнча кабыл алынуучу бардык ченемдик укуктук актылар жана ведомстволук нускамалар ушул Эрежелердин талаптарына каршы келбеши керек.
1.4. Миң-Булак айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, аймактарды жыйнап тазалоо, тазалыкты жана тартипти сактоо чөйрөсүндөгү шаардык кызматтардын ишин, Миң-Булак айыл өкмөтү координациялайт.
1.5.Жыйнап тазалоо, санитардык тазалоо, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, бак-дарактарды жана сугаруу тармактарын талаптагыдай кармоо жер тилкелеринин, имараттардын жана курулмалардын ээлерине жана ижарачыларына жүктөлөт.
1.6. Ушул Эрежелердин талаптарынын аткарылышына контролду, компетенцияларына жана белгиленген тартипте берилген ыйгарым укуктарына ылайык, башка ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн административдик комиссиясы жүргүзөт.
1.7. Менчик түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан объектилерди курууда, багытын өзгөртүүдө, реконструкциялоодо (кайра курууда), анын ичинде инженердик коммуникацияларды салууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо, курулуш аянттарынын, имараттардын, курулмалардын жана турак үйлөрдүн фасаддарынын жабдылышында жана кармалышында ушул Эрежелердин сакталышын контролдоону Миң-Булак айыл өкмөтү жана тиешелүү ыйгарым укуктуу ведомстволор жүргүзөт.
1.8.Айыл аймагында жол жээктериндеги курулмаларды, бак-дарактарды бутоо, контейнерлерди орнотууга аянтчаларды, жарнама жайгаштырууну жүргүзөт.
1.9. Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу тиешелүү административдик комиссия, башка ыйгарым укуктуу жана аймактык мамлекеттик кызматтар менен макулдашуу
боюнча, колдонуудагы мыйзамдар менен берилген ыйгарым укуктардын алкагында, административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык административдик жазаларды берет.
1.10. Белгиленген тартипте бекитилген аймактарда ушул Эрежелердин ченемдерин аткаруу жоопкерчилиги, келишимдик милдеттер менен подряддык уюмдар, ижарачылар, жер пайдалануучулар жана аймактын менчик ээлери тарабынан жүргүзүлөт.
1.11. Аймакты көрктөндүрүүнү калыбына келтирүү – аймактардын, көкмайсандардын, сугаруу тутумдарынын, жолдордун каптамаларынын, подъезддерге кире бериштеринин көрктөндүрүү бузууга алып келген иштер жүргүзүлгөнгө чейинки абалдарын, жашылдандырууларды ж.б. калыбына келтирүү боюнча иштердин комплекси, аймактарды жыйнап тазалоо жана аны тартипке келтирүүнү камтуу менен.
1.12. Калыбына келтирүү наркы – бак-дарактардын (жашылдандыруулардын) наркы, ал аларды алып салууда, башка жакка көчүрүүдө, зыян тартса жана жок кылынса алардын баалуулугун эсептөө үчүн белгиленет.
1.13. Короо аймагы–турак жай имаратынын жанындагы жана анда жашаган адамдардын жалпы пайдалануусундагы, турак жай имараттарынын, курулуштардын, курулмалардын же тосмолордун периметри боюнча чектелген аймак. Турак жай имаратынын жанындагы короо аймагында, анда жашаган адамдардын кызыкчылыгында балдар аянтчалары, эс алуу, бак-дарактар жана башка коомдук пайдалануу үчүн объектилер жайгашат.
1.14. ТКК ташып чыгарууга келишим–тапшырыкчы менен аткаруучунун ортосунда түзүлгөн, юридикалык күчү бар, жазуу түрүндөгү макулдашуу, ага ылайык аткаруучу тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча ТКК ташып чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө милдеттенет, а тапшырыкчы бул кызматтарды төлөп берүүгө милдеттенет.
1.15. Жашылдандыруулар – бак-дарак, бак-бадалдуу, бадалдуу, жасалма жана табигый өскөн чөптүү өсүмдүктөр..
1.16. Уруксатсыз үйүлгөн таштандылар–аянты 50 кв. метрден ашык жерге, көлөмү 30 куб. метрден ашык болгон, юридикалык жана жеке жактардын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө түзүлгөн ТККны, чоң габариттеги таштандыны, өндүрүштүн жана курулуштун таштандыларын өз алдынча (уруксатсыз) таштоо, (жайгаштыруу) же чогултуу.
1.17. Жалпы пайдалануучу жашылдандырылган аймактар–токой парктары, аларга кирүү бардык адамдар үчүн акысыз жана эркин.
1.18. Чектелген пайдалануу үчүн жашылдандырылган аймактар- калктын айрым топторунун пайдалануусуна эсептелген, турак жай, жарандык, өнөр жай, калкты тейлөө уюмдарынын, саламаттык сактоо, илим, билим берүү имараттарынын чегиндеги аймактар.
1.19.Атайын дайындалган жашылдандырылган аймактар–атайын функцияларды аткаруу үчүн дайындалган жашылдандырылган аймактар, анын ичинде санитардык-коргоочу, суу коргоочу, коргоо-мелиоративдик, өрткө каршы аймактар, көрүстөндөр ж.б.
1.20. Сейил бак–функционалдык зоналдаштырылгандыгы менен мүнөздөлгөн жана узак эс алуу үчүн дайындалган жалпы пайдаланылуучу жашылдандырылган аймак.
1.21. Жанаша жайгашкан аймак–ижара укуктарынан эркин, жеке менчикке, ээликке, ижарага, юридикалык же жеке жактардын теңдемине бөлүнгөн жер тилкесинин, имараттын, үйдүн, курулманын, тосмонун, курулуш тилкесинин, соода объектилеринин, жарнама жана башка объектилердин чек араларына тике периметр боюнча жанаша жайгашкан муниципалдык аймак, жанаша жайгашкан аймактардын чек аралары, көчө жактан жана жолдордун өтүүчү бөлүгүнө чейин жайылат.
Жолдордун өтүүчү бөлүгүнөн алыс жайгашкан объектилердин жанаша жайгашкан аймактары болуп, бөлүнүп берилген жер тилкесинин чек арасынан 10 метр аралыктагы аймак саналат.
1.22. Суу каптоо–өзөндөрдө, каналдарда жана арыктарда суунун горизонтунун жогорулашы менен, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнөн, атмосфералык жаан-чачындан, кар эригенден, жолдордун, жанжолдордун асфальтбетон каптамаларынын сапатсыз төшөлгөнүнөн же инженердик тутумдардан жана коммуникациялардан суу агызгандан же сызылып чыккандан, суу кабыл алуучу түзүлүштөрдү жана үстүңкү суу буруучу курулмаларды тейлөө эрежелерин бузгандан же бузулушунан жөө жүргөндөргө, автоунаага, шаардык коомдук унаага тоскоол болуп, жол тилкелерин, аймактардын бөлүктөрүн суу капташы.
1.23. Жашылдандыруулардын жабырланышы–бак-бадалдуу өсүмдүктөрдүн баш жактарына, сөңгөгүнө, бутактарына,тамыр тутумуна механикалык, термикалык (ысытып), химиялык жана башка зыяндарды келтирүү, кийин алардын өсүшүнүн токтоосуна жана соолуп өлүп калышына алып келген чөптүү өсүмдүктөрдүн жер үстүндөгү бөлүктөрүн жана тамыр тутумун жабырлантуу. Ошондой эле жашылдандыруулардын жабырланышына бутактардын механикалык зыян тартуусу, кабыгынын бүтүндүгүнүн бузулуусу, зыяндуу заттар менен жашылдандырууларды же тамыр жагындагы топуракты кирдетүү, тебелөө, автоунаа менен тебелөө, өрттөө жана башка зыян келтирүү кирет.
1.24. Аймакты санитардык тазалоо – аймактарды жыйнап тазалоо, таштандыларды, көчө шыпырындыларын жана кокустан пайда болгон таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу.
1.25. Гүлзар – чоң эмес көлөмдөгү жалпы пайдалануучу жашылдандырылган аймак, аянтты, коомдук борборду, магистралды жасалгалоо элементи болуп саналат, кыска мөөнөттүү эс алуу жана жөө жүргөндөр үчүн пайдаланылат.
1.26. Ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка чарба жүргүзүүчү субъектилердин аймагы –аянттары, чек аралары, жайгашкан орду, укуктук статусу (макамы) жана башка мүнөздөмөлөрү бар, колдонуудагы мыйзам менен каралган (ар кандай менчик түрүндөгү), максаттуу дайындалышы менен юридикалык жана жеке жактарга бекитилген шаардык аймактын бөлүгү.
1.27. Жашылдандырууларды жок кылуу - казып салуу (көкмайсандарды) гүл-декоративдик өсүмдүктөрдү, бадалдарды, бактарды казып алуу же бактарды кыюу менен, ошондой эле жашылдандырууларды жабырлантуу менен, алардын өспөй жана өлүп алышы.
II. Таштандыны чогултуу жана ташып чыгаруу иштерин уюштуруу
2.1.Айыл аймагында өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар, башка чарба жүргүзүүчү субъектилер, анын ичинде жеке турак жайлардын бекитилген чогултуу ченемдерине ылайык,ТКК ташып чыгарууга жеке ишкер менен келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
2.2. ТКК чогултууну уюштуруу:
- ижарадагы, ээликтеги, пайдалануудагы башка аймактар боюнча - ведомстволорго, уюмдарга, ишканаларга, башка чарба жүргүзүүчү субъектилерге, жеке жана юридикалык жактарга.
Ишкананын аймагында атайын бөлүнбөгөн жерлерге жана ченемдерден ашык калдыктарды жыйноого тыюу салынат.
Өсүмдүк жана башка кыртыштарды атайын бөлүнгөн тилкелерге гана убактылуу жыйноого уруксат берилет.
2.3. Эс алуу аймактарында, билим берүү, саламаттык сактоо мекмелеринде жана айыл аймагында иштеген ишканалардын жана мекемелердин, чарба жүргүзүүчү субъектилердин, соода жана кызмат көрсөтүү объектилеринин кире бериштеринде урналар орнотулушу керек.
2.4.Урналар, ушул Эрежелерге ылайык, бекитилген жана жанаша жайгашкан аймактардын кармалышына жооптуу жеке жана юридикалык жактардын менчик каражаттарынын эсебинен орнотулат.
III.Айыл аймагын жаз-жай мезгилдеринде
жыйнап тазалоо өзгөчөлүктөрү
3.1. Жаз-күз мезгилинде жыйнап тазалоо 1-марттан 1-сентябрга чейин белгиленет.
3.2. Жалбырактар түшүп баштаган мезгилде, бекитилген аймактарды тазалоого жооптуулар, көчөлөрдү, короо аймактарын бойлой көкмайсандардагы түшкөн жалбырактарды чогултуп, чыгарышат. Жалбырактарды бактардын жана бадалдардын түбүнө (тамыр жактарына) үйүүгө тыюу салынат.
IV. Жолдорду жайкы тазалоого талаптар (айрым элементтер боюнча)
4.1. Өтө турган бөлүк толугу менен ар кандай түрдөгү таштандыдан тазаланыш керек.
4.2. Жолдордун жээги чоң габариттеги жана башка таштандылардан тазаланыш керек.
V. Көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти камсыздоо
Жалпы жоболор
5.1. Юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер айыл аймагында тазалыкты жана тартипти сакташ керек, анын ичинде жалпы пайдалануучу жерлерде жана жеке курулуш аймактарында, көрктөндүрүү элементтерине зыян келтирүүгө жана бузууга жол бербеш керек (жолдор, жанжолдор, көкмайсандар, чакан архитектуралык формалар, тышкы жарыктандыруу, сугаруу тутуму ж.б.), ар кандай менчиктеги объектилерге аяр мамиле кылуу керек.
5.2.Айыл аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, тараларды, бактардын таарындыларын, жалбырактарды, карды ыргытууга тыюу салынат.
5.3.Көчөлөрдү, аянттарды, сейил бактарды, гүлбакчаларды жана башка коомдук жерлерди булгоого тыюу салынат.
5.4.Арыктарга жана коллектордук-кургатуу тармактарына шыпырып таштандыларды салууга, кир сууларды куюуга тыюу салынат.
5.5.Урналарга, көчөнү жарыктандырган фонарларга, эстеликтерге, отургучтарга жана башка чакан архитектуралык формаларга зыян келтирип же жок кылууга тыюу салынат.
5.6.Ишканалардын жана жеке үйлөрдүн аймактарын камтуу менен, жер тилкелеринин аймактарында таштандыларды, жалбырактарды, тараларды, автодөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
5.7.Топуракты, таштандыны, чубурган курулуш материалдарын, жеңил тараларды, жалбырактарды, бактардын таарындыларын, жолдор булганбас үчүн, брезент же башка материал менен жаппастан ташууга тыюу салынат.
5.8. Менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери, жарандар, айыл өкмөтү өткөрүүчү санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча, бекитилген жана жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо боюнча айлыктарга катышуулары керек.
VI. Курулуш объектилери
6.1. Курулуш аянтчаларын колдонууга даярдоо жана кармоо, курулуш жана оңдоо иштери аяктагандан кийин көрктөндүрүүнү калыбына келтирүү иштери ушул Эрежелер менен тартипке келтирилет.
6.2.Курулуш, реконструкция жана оңдоо объектисинин чек арасынан беш метрлик аймакты тазалоо жана кармоо жоопкерчилиги тапшырыкчыга жана башкы подряддык уюмга жүктөлөт.
6.3.Курулуш калдыктарын курулуш аянтчаларына чогултуу үчүн, курулуш уюмунун долбооруна ылайык, атайын бөлүнгөн орун жабдылыш керек же бункер-чогулткуч орнотулуш керек.
6.4.Атайын бөлүнбөгөн орундарга курулуш өндүрүшүнүн таштандыларын, кыртышты жана калдыктарды жыйноого тыюу салынат.
6.5.Курулуш материалдарын жана буюмдарын, тосулган курулуш аянтчаларынын чегинде гана жыйноого жол берилет.
6.6.Курулуштун тапшырыкчысы объектини, долбоор менен каралган аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бардык иштерди аткаруу менен жана талаптагыдай тартипке келтирүү менен, колдонууга берүүнү камсыздашы керек.
VII. Көркөм тариздөө жана жарнама
7.1. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттары тазалыкта жайгаштырылып жана кармалышы керек, талаптагыдай эстетикалык түрү болуш керек, караңгыда жарыктандырылып жана Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамына ылайык болуш керек.
7.2.Аларды кармоо боюнча жоопкерчилик, уруксат документациясы кимге таризделсе, ошол юридикалык жана жеке жактарга жүктөлөт.
VIII.Тышкы жарыктандыруу
8.1. Жаңы объектилерди курууга архитектуралык-пландаштыруу шарттарын берүүдө жана долбоорлоо документтерин макулдашууда, жергилктүү архитектура тышкы жарыктандырууну аткарууну көрктөндүрүү боюнча бөлүнүп берилген жанаша жайгашкан аймакты эсепке алуу менен караш керек.
8.2. Көчө жарыктандыруу түзүлүштөрү борбордук башкаруу же теле башкаруу менен жабдылышы керек, мында жарыктандыруунун абалын контролдоо каралыш керек.
8.3. Тышкы жарыктандыруунун темир тирөөчтөрү, кронштейндери жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери жана байланыш тармактары тазалыкта кармалыш керек, дат баскан жерлери болбош керек жана зарылчылыкка жараша сырдалып туруш керек, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес.
8.4.Катардан чыккан сымап камтыган газоразряддык лампалар (ДРЛ, ДРИ, ДнаТ, люминесценттик ж.б.), ушул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда сакталыш керек жана иштетүү үчүн таштанды полигонуна чыгарылыш керек.
IХ. Аймакты жашылдандырууга даярдоо
9.1.Бактардын кыртыш каптамаларынын деңгээлинин сакталышын жогорулатууда, бактын тегерегине кургак кудук жана кургатуу тутумун орнотуу зарыл; деңгээл төмөндөгөндө өсүмдүктөрдүн сакталышы үчүн терраса тутумун орнотуп жана тирөөч дубалдарын коюу зарыл же бактын түбүнө, тамырларын жабырлануудан сактоочу топурак катмарын төгүү керек (бийиктиктин түрдүүлүгү чоң эмес болсо), мында бактын тамыр моюнчасын көмбөш керек.
9.2.Кургаган жана начар абалдагы бактардан аймакты тазалоону, кийин сөңгөктөрүн ташып чыгаруу менен, бактарды ошол эле жерде бутап-кесүү менен (же жыгылган бактарды чет жакта кесип-бутоо) аткарса болот.
9.3.Дүмүрлөрдү казгычтар менен же дүмүр талкалагычтар менен жок кылса болот.
9.4.Отургузуу үчүн аныкталган бактарды жана бадалдарды, жашылдандырууларды отургузуу Эрежелерине ылайык казып алып жана ушул же башка объектини жашылдандырууда пайдалануу керек.
9.5.Аймактарды жашылдандыруу, курулуш материалдарынынын калдыктарынан, таштандыдан тазалангандан кийин, жер астындагы коммуникациялар жана курулмалар, жолдор, өтмөктөр, жанжолдор, аянтчалардын жана тосмолордун түзүлүштөрү салынгандан кийин аткарылат.
9.6.Курулуш аянтчасында өсүмдүк топурагын даярдоо жана аны кийин пайдалануу тиешелүү СЧжЭ менен тартипке келтирилет.
9.7.Аймактарды жашылдандырууга пайдалануучу өсүмдүк топурагын, кыртыштын үстүңкү катмарын тереңдете казып алуу менен даярдаса болот.
9.8.Өсүп жаткан жашылдандырууларды зыян тартуудан жана жок кылуудан толук сактоону, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыздоого;
9.9.Жашылдандыруулар өсүп турган аймактарды тиричилик жана өнөр жай калдыктары, курулуш таштандылары, кир суулар жана өсүмдүктөр үчүн башка уулуу заттар менен булгоого жол бербөөгө;
9.10.Жай мезгилинде жана кургак аба ырайында көкмайсандарды, гүлзарларды, бактарды жана бадалдарды сугарууга;
9.11.Бактарды жана бадалдарды жаңы отургузууну, жол тармактарын өзгөртүү жана жабдууларды орнотуу менен кайра пландаштырууну,агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча жүргүзүүгө;
9.12.Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
9.13.Жалбырактарды өрттөөгө, жалбырак жалпы түшө баштаганда аларды лотокторго шыпырууга, бактардын, бадалдардын сөңгөктөрүн көмүүгө (аларды көчөлөргө чачыратпай, үйүндүлөргө чогултуу, компостоо үчүн жок кылуу же таштанды таштоочу жайларга чыгаруу максатка ылайык);
9.14.Гүлдөрдү үзүүгө жана бактардын, бадалдардын бутактарын сындырууга;
9.15.Сейилбактарда, гүлбакчаларда, көчөлөрдө жана короо аймактарында бактардын сөңгөктөрүн актоого жана сырдоого, өзгөчө кайыңдарды жана бактардын ийне жалбырактуу түрлөрүн;
9.16.Электр өткөрүү зымдарынын коргоо аймагында (1 метр радиуста) бутактарды, ошондой эле көчөлөрдүн аталыштарын жана үйлөрдүн номерлерин жабып калган бутактарды өз убагында кыюуну камсыздайт. Бутактарды кесүү график боюнча, электр өткөрүү зымдарынын ээлери менен макулдашылып жана алардын көзөмөлүнүн астында, иштерди жүргүзүү технологиясын сактоо менен жүргүзүлөт.
9.17.Мыйзамсыз кыйгандыгы же зыян келтиргендиги үчүн, ушул Эрежелерди бузган күнөөлүүлөр, жеке жана юридикалык жактар, кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жоопкерчиликке тартылат.
Х.Эрежени бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын
жана жарандардын жоопкерчилиги
10.1. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык, тартиптик, административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилиги белгиленет.
10.2. Юридикалык жактар менчиктин формасына жана ведомстволук таандыгына карабастан, ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликти тартат.
10.3. Аймактарды көрктөндүрүү эрежелерин, тазалыкты жана тартипти камсыздоону бузган күнөөлүү кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.
10.4.Кызмат адамдары жана жарандар, шаардын аймагындагы бактарга жана бадалдарга зыян келтиргендиги же өз алдынча кыйгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 182-беренесине ылайык же Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 279-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.
10.5. Кызмат адамдары жана жарандар, курулуш иштерин жүргүзүүдө жана инженердик тармактарды жана курулмаларды оңдоо боюнча иштерди жүргүзүүдө, аймактарды көрктөндүрүүдө ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 164, 216-беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
10.6. Жалпы пайдалануучу жерлерди санитардык кармоо эрежелерин бузгандыгы үчүн (подъезддерди, үйдүн жанындагы аймактарды ж.б.)кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 487-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
10.7. Белгиленбеген жерлерге тиричилик таштандыларын таштагандыгы жана өрттөгөндүгү үчүн кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 489-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
10.8.Келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн, курулуш субъектиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилигин тартат.
10.9. Административдик жоопкерчиликтин чараларын колдонуу, Эрежелерди бузган адамды, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, келтирилген материалдык зыянды жабуу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, жол берилген бузууларды чететтүү милдетинен бошотпойт.
Жооптуу катчы: |
| А.Акматова |