Загрузка документа…
| 15-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Кочкор-Ата жылуулук
менен жабдуу ишканасы”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Министрликке караштуу “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ) Министрликке караштуу “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Кочкор-Атинское предприятие теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Кочкор-Атинское предприятие теплоснабжения”.
5. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 724600, Кыргыз Республикасы, Кочкор-Ата шаары, Пионер көчөсү, 32.
6. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жобо
7. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат, ал “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилген мүлккө менчик укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат, ал “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жалпы жетектчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону ишке ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт.
8. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максаттарына ылайык келүүчү жарандык укуктарга ээ жана ушул ишке байланышкан милдеттерди аткарат. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ белгиленген тартипте финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы камтылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы жана бланктары бар.
11. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат: жылуулук энергиясын өндүрүү жана жылуулук түрүндө керектөөчүлөрдү сатуу.
12. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин максаттары болуп жылуулук жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн керектөөлөрүн сапаттуу канааттандыруу, пайда алуу, ошондой эле мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жылуулук жабдуу жаатындагы социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
13. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин негизги милдеттери болуп керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо саналат.
14. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыга алат, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процессуалдык мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргой алат.
15. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнө мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрлөрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
17. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
19. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) чарба жүргүзүү укугунда от казандардын жана откана жабдууларынын объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда иштешин камсыздайт;
2) отканаларды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, от казандарды жана откана жабдууларын монтаждоо, пландык-алдын алуучу, оңдоо-калыбына келтирүү, ишке киргизүү иштерин аткарат;
4) откана чарбасынын объекттерин жана инженердик инфраструктурасын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, талап кылынган параметрлерде калкты жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук менен жабдуу объекттерин күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдайт;
6) бир түзүлүштүн – когенерациялык орнотмонун ичинде жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына (когенерация) кайра айландырат;
7) жылуулук берүү мезгилинде аварияларды жоюу, иштен чыккан откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
8) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өнүктүрөт;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууну, отунду (материалдарды, жабдууларды, мазутту жана газды) даярдоону жүзөгө ашырат;
10) жылуулук, электр энергиясынын бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык отунду, сарпталуучу материалдарды, от казандарды жана откана жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алуу боюнча ишти жүргүзөт;
12) жылуулук менен жабдуу объекттерин эксплуатациялоонун кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды киргизет, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну жүзөгө ашырат;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын объекттеринде жана инженердик курулмаларында от казандардын, откана жабдууларынын туруктуу, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат;
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча оперативдүү ишти уюштурат;
15) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
17) өз компетенциясынын чегинде жылуулук менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, андан ары кароого жана демилгелөөгө мамлекеттик башкаруу органына же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
18) “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
20. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жарактан чыккан жабдууларды жана башка мүлктү баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө таандык болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде юридикалык жана жеке жактарды иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы бирикмелерге катышуучу (мүчө) болууга;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын кызматкери болуп саналбаган адамдарга карата сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
21. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди коопсуз эмгек шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчет берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
22. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу директор жетектейт.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга, милдеттерге ээ болот жана өз иши үчүн жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде иштейт.
23. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
24. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору төмөнкүдөй учурда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификацияланбаган иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызмат ордунан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
25. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИде башкы инженердин кызмат орду каралган:
Башкы инженер “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Башкы инженер эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин башкы инженери төмөнкү учурда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин башкы инженерин ээлеген кызмат ордунан бошотуу түзүлгөн эмгек келшимин бузууга алып келет.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу, ошондой эле ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна сый акы төлөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
27. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн, анын ичинде жоюлган соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси кызмат ордунан бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
28. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору:
1) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруусу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди макулдашуу боюнча бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алат;
12) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бекитилген бюджетине ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
13) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин жумушчулардын милдетин бөлүштүрөт жана ыйгарым укуктарын белгилейт;
14) чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
15) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
16) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчетторду, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иштерин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
17) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
18) келерки финансылык жылга карата “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
19) келерки финансылык жылга карата “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
20) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
21) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
23) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
24) откана чарбасынын объекттерин, инженердик инфраструктураны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда кармоого, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга жооптуу болот;
25) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
26) кызматтык нускамаларды, кызмат орундарына квалификациялык талаптарды, “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
27) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
28) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш режимин бекитет;
29) белгиленген тартипте “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
30) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрөт;
31) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун дем берүүгө жана укуктук жактан агартууга багытталган чараларды көрөт;
32) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
33) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иши тууралуу отчет берет;
34) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт;
35) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин киреше жана чыгаша сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
29. Директор жок болгон учурда “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директордун буйругу менен аныкталган ишкананын кызматкери жетектейт.
30. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленгенге чейин анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган ишкананын кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчет берүү
31. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарына ээ.
32. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырат.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарын жана негизги багыттарынын чечмеленишин;
2) тармактын жана рыноктун баяндамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
33. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун, анын ичинде “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту берет.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
34. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни күтүүгө кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
35. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
36. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбакер коомдор менен шериктештиктердин уставдык капиталына салууга же башка ыкмалар менен аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
37. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарылгыс негизде калктын жылуулукка болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тарткан зыяндары үчүн компенсациялар (субсидиялар) ишке ашырылат.
38. Продукциянын (жылуулук энергиясынын жана электр энергиясынын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына жана электр энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
39. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу менен зайымдык каражаттарды тарта алат.
40. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
41. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык чарба жүргүзүү, ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
42. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен жаңы түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилет.
43. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
44. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өндүрүштүк-чарбачылык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке болгон төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар төлөнгөндөн кийин “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тескөөсүндө калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
45. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчет берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
46. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
47. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого чыгымдарды каржылоо “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
48. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду өткөрөт:
1) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык отчетуна киргизилиши керек.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
49. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
50. “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.