Загрузка документа…
| 17-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Кара-Көл
жылуулук менен жабдуу ишканасы”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугунда негизделип, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Министрликке караштуу “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ) Министрликке караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Кара-Кульское предприятие теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Кара-Кульское предприятие теплоснабжения”.
5. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 721000, Кыргыз Республикасы, Кара-Көл шаары, Чубак Ажы Жалилов көчөсү, 88.
6. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп саналат жана “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилген мүлккө карата ээлик кылуу укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет, ал “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
8. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максатына ылайык келүүчү жарандык укуктары бар жана ага бул иши менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы жана бланктары бар.
11. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү: жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жылуулук энергиясы түрүндө сатуу.
12. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин максаттары болуп жылуулук менен жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу, пайда алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик программаларын жана жылуулук менен жабдуу тармагында социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
13. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин негизги милдеттери болуп чыгымды азыраак жумшап, керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо саналат.
14. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
15. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартат.
17. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин борбордук аппарат аркылуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
19. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) от казандардын жана откана жабдууларынын объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда чарба жүргүзүү укугунда иштешин камсыздайт;
2) отканаларды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык пайдаланууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, от казандар менен откана жабдууларын монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоочу-калыбына келтирүүчү, иштетип жөнгө салуучу иштерди аткарат;
4) откана чарбасынын жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте жылуулук менен жабдуу объекттерин күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдоону жүзөгө ашырат;
6) жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
7) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өнүктүрөт;
8) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат, отунду (материалдарды, жабдууларды, электр энергиясын) камдайт;
9) жылуулук энергиясынын бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
10) сарпталуучу материалдарды, от казандарды жана откана жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле откана чарбаларына кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алуу боюнча иштерди жүргүзөт;
11) жылуулук менен жабдуу объекттерин пайдалануунун кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды киргизет, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну жүзөгө ашырат;
12) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын объекттеринде жана инженердик курулмаларында от казандардын, откана жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам иштерди уюштурат;
14) эмгекти жана коопсуздук техникасын коргоо боюнча жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
15) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
16) өз компетенциясынын алкагында жылуулук менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып, андан ары кароого жана демилгелөөгө мамлекеттик башкаруу органына же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
17) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыгат жана ишке ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
21. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз функцияларын жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) жараксыз болуп калган жабдууларды жана башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышуучу болууга (мүчөлүк);
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын кызматкерлери болуп саналбаган адамдарга сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
22. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттенмелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчет берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директор жетектейт, аны кызматка мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындайт.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга, милдеттерге ээ жана өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
24. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы бошотот.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
25. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу, ошондой эле анын ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна сый акы төлөп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
26. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси ээлеген кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле убакта өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик ишти жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
27. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору:
1) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруу үчүн бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алат;
12) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
13) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
14) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчетторду, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
15) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
16) келерки финансылык жылга карата “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
17) келерки финансылык жылга карата “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
18) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
19) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
20) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
21) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
22) откана чарбасынын, инженердик инфраструктуранын объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
23) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
24) кызматтык нускамаларды, кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды, “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жөнүндө жобону бекитет;
25) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
26) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш режимин бекитет;
27) белгиленген тартипте “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
28) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот жана аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын колдонот;
29) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стимулдарын түзүүгө жана укуктук жактан агартууга багытталган чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат;
30) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга катышат;
31) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иши тууралуу отчет берет;
32) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт;
33) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин борбордук аппаратынын кирешелер жана чыгашалар сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
28. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган кызматкер тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке
алуу жана отчеттуулук
29. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык өзүнүн финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырат.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын формулировкасын;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
30. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун киргизет жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, анын ичинде “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетти аткаруу жөнүндө отчетту берет.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
31. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин борбордук аппаратын, филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кармоого кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
32. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары жана наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
33. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салууга же башка ыкма менен бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
34. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарылгыс негизде калктын жылытууга болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тарткан зыяндары компенсацияланат (субсидиялар).
35. Продукциянын (жылуулук энергиясынын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайым келишимдерин түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу боюнча зайымдык каражаттарды тарта алат.
37. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
38. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансылык каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда ага менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
39. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өзүнүн өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешелеринин же башка булактардын эсебинен кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилет.
40. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберилет.
41. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өндүрүштүк-чарбалык ишин жүргүзүүнүн натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке болгон төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөр төлөнгөндөн кийин “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тескөөсүндө калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
42. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө төмөнкүлөргө отчет берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
43. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
44. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого чыгымдарды каржылоо “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүзөгө ашырылат.
45. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду жүргүзөт:
1) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетуна киргизилүүгө тийиш.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
46. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
47. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.