КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2023-жыл 13-февралындагы № 6
Инфраструктураны жакшыртуу боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер жөнүндөгү» 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын аткаруу максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы жарандарды тартуу менен айылдагы калктуу конуштардын аймактарында, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер ээлеген жана аларга бекитилип берилген аймактарда, ички көчөлөрдө тазалыкты сактоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалды жана тартипти камсыз кылуу максатында тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш-чаралар бекитилсин.
2. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Токонов |