Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 360
2024–2030-жылдарга “Базальт булалары жана материалдары” мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Курулуш тармагында, жер титирөөгө туруктуу, жол жана гидротехникалык курулушта, энергетикада, өнөр жайда кеңири колдонулуучу базальт үзгүлтүксүз буласынын, бекемдөөчү, композиттик жана жылуулук изоляциялоочу материалдардын өнөр жай өндүрүшүн түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку технологиялуу продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024–2030-жылдарга “Базальт булалары жана материалдары” мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик программаны ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору:
1) Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Мамлекеттик программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Мамлекеттик программа ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |