Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 01-мартындагы № 10
2023-жылга көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралу Жобону жана иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын аткаруу максатында 2023-жылга көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралу Жобо жана иш-чаралар планы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Шекер айылдык кеңеши токтом кылат
1. Шекер айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу,тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралу Жобо жана 2023-жылга бекитилген иш чаралар планы бекитилсин.
2. Иш чараларды уюштурууга 310 даана ийне жалбырактуу карагайдан жана ак кайың көчөттөрүн сатып алууга жергиликүү бюджеттен 3113 беренесиндеги ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн 100,0 (жүз миң )сом акча каражаты каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жуктөлсүн.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |