Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 365
2022-жылдын 10-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 10-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Протоколду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түрк тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |