Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 365 токтому менен бекитилди
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусунун кеңешинин катчылыгынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол
2022-жылдын 10-ноябры
Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Туркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрү, мындан ары "Тараптар" деп аталып,
2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында түзүлгөн, мындан ары "Макулдашуу" деп аталган, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуусунун 10-беренесинин 4-пунктуна таянып,
Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2021-жылдын 12-ноябрындагы "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши" деген аталышты "Түрк мамлекеттер уюмуна" алмаштыруу жөнүндө чечимин эске алып от 12 ноября 2021 года.
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Макулдашуунун аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгынын Финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу".
2-берене.
Макулдашуунун бүткүл тексти боюнча тиешелүү учурларда "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши" жана "Түрк кеңеши" деген сөздөр "Түрк мамлекеттер уюму" деген сөздөргө жана "ТМУ" аббревиатурасына алмаштырылсын.
3-берене.
1. Ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболор Тараптар тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү депозатарий дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн кийин отузунчу күнү күчүнө кирет вступает.
3. Бул Протоколдун депозитарийи болуп Туркия Республикасы саналат.
Самарканд шаарында 2022-жылдын 10-ноябрында бир түп нускада азербайжан, казак, кыргыз, түрк, өзбек жана англис тилдеринде түзүлүп, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун тексттеринин ортосунда айырмачылыктар жаралган учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
|
|
|
|
|
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|