Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 356
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуп жаткан административдик имаратынын айланасындагы аймакты пайдаланууга атайын талаптарды белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуп жаткан административдик имаратынын айланасындагы аймакты пайдаланууга атайын талаптарды белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 301 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуп жаткан административдик имаратынын айланасындагы аймакты пайдалануу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык объекттерге, бийиктиги жердин деңгээлинен 10 метрден ашпаган жеке турак үйлөргө, ошондой эле ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттерге колдонулбай турган төмөнкүдөй атайын талаптар белгиленсин:
- 500 метр радиуста кыймылсыз мүлктүн жаңы объекттерин курууга жана жайгаштырууга жол берилбейт;
- 1 километр радиуста бийиктиги жердин деңгээлинен 10 метрден ашкан кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө жол берилбейт.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуп жаткан администрациялык имаратынын айланасындагы аймакты пайдалануу боюнча атайын талаптар колдонулбай турган объекттердин ТИЗМЕСИ
№ | Объекттер | Кабат | Саны | Жайгашкан жери |
1 | Көп батирлүү турак үй | 5 | 1 | Бишкек шаары, "Ынтымак" конушу, Магистральная көчөсү, 1 б (№ 2 участогу) |
2 | Көп батирлүү турак үйлөр | 8 | 2 | Бишкек шаары, "Ынтымак" конушу, Ветеринарная көчөсү, 14 жана Кырман көчөсү, 15 |
3 | Көп батирлүү турак үйлөр | 9 | 4 | Бишкек шаары, "Ынтымак" конушу, Магистральная көчөсү, 7 |
4 | Көп батирлүү турак үй | 6 | 1 | Бишкек шаары, "Ынтымак" конушу, Азия көчөсү, 12 (№ 229, 230а, 232 участоктор) |
5 | Көп батирлүү турак үй | 7 | 1 | Бишкек шаары, Самойленко көчөсү, 2, 2/4 |
6 | Көп батирлүү турак үй | 3 | 1 | Бишкек шаары, Манас айылы көчөсү, 1 |
7 | Көп батирлүү турак үй | 4 | 1 | Бишкек шаары, Манас айылы көчөсү, 1 |
8 | Көп батирлүү турак үйлөр | 4 | 2 | Бишкек шаары, Манас айылы көчөсү, 3 |
".