Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-июлу № 372
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-мартындагы № 140 "Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо боюнча иштерди координациялоо жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо боюнча иштерди координациялоо жөнүндө келишимди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-мартындагы № 140 "Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо боюнча иштерди координациялоо жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги Келишимдин алкагындагы иш-чараларды тиешелүү жылга республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.".
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын бири өзгөргөндүгү жөнүндө кабарласын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 52 (3605) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |