Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-июлу № 349
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндө айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндө айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:
- 36-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Бажы органдары тарабынан товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы жыйымдары, бажы транзитинин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды чыгарууну кошпогондо, бажы декларациясын берүү менен бир убакта төлөнөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгарууда бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасындагы Бирликтин аймагынан бажы транзитинин бажы жол-жобосу аяктаганга чейин каалаган учурда төлөнөт.";
- 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы операцияларына бажы жыйымдары бажы наркынын 0,4 пайыз өлчөмүндө, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн 5 өлчөмүнөн кем эмес жана эсептешүү көрсөткүчүнүн 2500 өлчөмүнөн ашык эмес өлчөмдө алынат.
Бажы транзитинин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы жыйымдары төмөнкү учурларда алынбайт:
- товарларды андан ары башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жоболорун аяктоо менен келген жериндеги бажы органынан Кыргыз Республикасынын ички бажы органына чейин ташуу;
- товарларды андан ары башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жоболорун аяктоо менен бир ички бажы органынан башка ички бажы органына ташуу;
- Бажы кампасынын бажы жол-жобосу Бирликке мүчө мамлекеттердин аймагына бажы транзитинин бажы жол-жобосу менен аяктаган учурду кошпогондо, мурда ички бажы органынан Бирликтин аймагынан чыгып кеткен жерге чейин башка бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарларды бажы транзитинин бажы жол-жобосунун алдында ташуу.
Товарлардын классификациясы жана товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө бажы жыйымдары алынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 381-пункт менен толукталсын:
"381 . Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн адистештирилген товарларга карата бажы органдары тарабынан товарларды чыгаруу менен байланышкан операцияларды жүргүзүү үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесине ылайык төмөнкүдөй шарттарда төлөнбөйт:
- бажылык жол-жоболоштурууну жүргүзгөн бажы органына социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аталган товар майыптар үчүн адистештирилген товарларга таандык экендиги тууралуу ырастама берилсе;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси аталган товарларды алуучу болуп саналса.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |