Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жыл 05-июну №34
Каргалык айыл аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежеринин Жобосун бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана
кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежери жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. Жобонун негизинде иш - чара түзүп, иш аракеттерди жүргүзүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:
|
Т.И. Токтоболотов |