Загрузка документа…
| Бекитем Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы___________Т.И.Токтоболотов Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын №34 токтомуна тиркеме 5-июнь 2024-жыл |
Каргалык айыл аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө
Жобосу
1-глава. Негизги жоболор
1. Ушул Жобо Каргалык айыл аймагындагы эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемораиалдык курулмаларды (мындан ары-Эстеликтер) долбоорлоо жана орнотуу процесстерин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.
2-глава. Эстеликтерди орнотуу жөнүндө маселелерди кароонун жана чечүүнүн тартиби.
1) Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин, 100дөн (жүздөн) кем эмес демилгечилерден турган жарандардын тобунун өтүнүчү;
2) Тарыхый же тарыхый-биографиялык маалымкатты, окуянын аныктыгын же элеси түбөлүккө калтыруулучу адамдын сиңирген эмгегин ырастаган архивдик документтердин көчүрмөлөрүн, мемориалдык тактадагы жазууда камтылган фактыларды, ошондой эле элесин калтыруу түбөлүккө зарылдыгын ырастаган маалымкаттарды;
3) Объектинин жайгашкан жери анын курулушунун өлчөмү жана мүнөзү белгиленген карта-схемасы;
4) Элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын жашаган мезгилдин көрсөтүү менен жарандын административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган мезгили жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын архивдик маалымкатын;
5) Ушул Жобого ылайык бекитилген Эстеликтин алдын ала эскизин жана андагы жазуулар боюнча сунуштарды;
6) Ммараттын, курулуштун, курулманын менчик ээсинин же башка ээсинин, жер участогунун укук ээсинин Эстеликти орнотууга макулдугунун жазуу жүзүндөгү ырастамасын;
7) Эгерде эстеликти орнотуу үчүн көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу болжолдонсо, көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде белгиленген тартипте алынган макулдугун берүү зарыл;
8) Демилгечилердин ишти каржылоо боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси
9) Ыйгарым укуктуу комиссия сунушту кароонун натыйжалары боюнча Эстеликти орнотуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө сунуштамаларды даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын бекитүүсүнө жиберет, ал Эстеликти орнотуу же аны орнотуудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
10) Эгерде Эстелик Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатын көздөбөсө, аны орнотуу жөнүндө чечим тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
11) Эстеликтерди долбоорлоону жана орнотууну баштоо үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын чечими саналат.
12) Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы Эстеликти орнотуу жөнүндө зарыл болгон чечимдерди кабыл алат.
13) Административдик-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан сунуштарды кароонун жана демилгечиге жүйөлүү жооп берүүнүн жалпы мөөнөтү демилгечинин сунушу келип түшкөн учурдан тартып 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
3-глава. Эстеликтерди жасоо, орнотуу жана аларды демонтаждоо
14.Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орнотулуучу эстеликтерди, стеллаларды, обелисктерди жана башка мемориалдык курулмаларды кошпогондо, Эстеликтерди жасоо жана орнотуу жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугун массалык чогултуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
15. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде Эстеликтерди орнотуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү мыкты эскиздик долбоорго алдын ала өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат.
Ар бир конкурсту өткөрүүнүн тартиби мамлекеттик орган, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилет.
16. Долбоорду жана Эстеликтер орнотулуучу ордун макулдашууда төмөнкү талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын Жер кодесинин, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жайгаштырууну милдеттүү эсепке алуу;
2) Эстеликти жер участогуна жайгаштырган учурда шаар куруу кырдаалын, айланадагы курулуштарды жана шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жайгаштырууну милдеттүү эсепке алуу;
3) Мемориалдык тактанын өлчөмү жайгаштырылуучу маалыматтын көлөмү менен аныкталат жана алар орнотулуп жаткан имаратка, курулушка, курулмага шайкеш келүүгө, бирок 900*600мм өлчөмүнөн ашпоого тийиш;
4) Мемориалдык тактаны имараттын, курулуштун жана курулманын фасадына жайгаштырууда мурда орнотулган объекттердин бар экендиги эске алынат. Мемориалдык тактанын жанында мемориалдык тактанын тексти менен байланышпаган башка маалыматтар (мекемелердин көрнөктөрдү, жарнактар, кулактандыруулар ж.б.) болбоого тийиш;
5) Мемориалдык такта жерден эки метрден кем эмес бийиктикте, жакшы көрүнгөн жерге орнотулууга тийиш;
6) Эстеликтерди жайгаштырууда мурда орнотулган объекттердин болушу эске алынат жана алардын ортосундагы аралык 1000 метрден кем эмес радиуста сакталат.
17. Эстеликтер белгиленген тартипте макулдашылган эскиздик долбоорлор боюнча бышык маетриалдардан (табигый таш, металл, эритме, тышкы таасирлерге туруштук берген башка материалдар) жасалат.
18. Тарыхый окуянын мааниси, инсандын сиңирген эмгеги же баатырдын маанилүүлүгү мемориалдык тактада көркөм аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдердеги кыкача тексте чагылдырылат. Чет тилиндеги жазууну колдонууга жол берилет.
19. Мемориалдык такталардын композициясында тексттен тышкары унутулгус окуяларды, декоративдик элементтерди чагылдырган портреттик же стилдештирилген сүрөттөлүштөр киргизилиши мүмкүн.
20. Эстеликтердин архитектуралык-көркөм чечими алар орнотула турган жердин мүнөзүнө, алар жаңы элемент катары киргизилип жаткан чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүнө карама-каршы келбеши керек.
21. Эстеликтерди демонтаждоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт.
1) Эстеликтерди оңдоо жана реставрациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө;
2) Эстеликтер толук бузулганда жана оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүн болбогондо;
3) Мемориалдык такта орнотулган имарат, курулуш жана курулма бузулганда;
4) Эстелик өзүм билемдик менен орнотулган объект катары таанылган учурда.
22. Кароонун зарыл болгон жол-жоболорунун комплексинен өтпөстөн өзүм билемдик менен орнотулган эстеликтер өзүм билемдик менен орнотулган объекттер болуп саналат жана ушул Жободо каралган тартипте демонтаждалууга тийиш.
4-глава. Эстеликтерди сактоонун жана эсепке алуунун тартиби
23. Имаратка, курулушка жана курулмага орнотулган мемориалдык такта анын ажырагыс көркөм-архитектуралык элементи болуп саналат .
Оңдоо иштери аяктагандан кийин имараттардын фасаддары талаптагыдай абалда сакталууга тийиш.
24. Муниципалдык аймакта жайгашкан Эстеликти муниципалдык башкарууга өткөрүп берген учурда муниципалдык кызматтар тарабынан андан аркы учурдагы күтүү үчүн курулушу бүткөн Эстеликти тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү акты менен кабыл алуу жол-жобосу милдеттүү.
Муниципалдык аймакта орнотулган Эстеликтер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчикти башкаруусуна өткөрүлүп берилет, алар эсепке алат, бирдиктүү реестр түзөт, белгиленген эстеликтерди коргоону, күтүүнү жана оңдоону жүзөгө ашырат.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |