Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июну № 329
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле пенсиялык топтолгон каражаттарды төлөп берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:
- 1-пунктта:
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;";
төмөнкүдөй мазмундагы 61, 62, 63-пунктчалар менен толукталсын:
"6-1) ипотекалык кредит алып жаткан же алган, "МИК" ААК тарабынан каржыланган, кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада;
6-2) "МИК" ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышкан адамдарга беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада;
6-3) банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада.";
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ушул Эреженин 7-тиркемесине ылайык банк кепилдиги боюнча ушул Эреженин 1-пунктунун 63-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдарга көп жолку төлөм.";
- 3-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Эреженин 1-пунктунун 6, 61, 62-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдарга бир жолу;";
- 71-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"71. Ушул Эреженин 1-пунктунун 6, 61, 62, 63-пунктчаларында аталган камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) алуу үчүн кайрылуу тартиби
"151. Ушул Эреженин 1-пунктунун 6, 61, 62, 63-пунктчаларында аталган адамдар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органына ушул Эреженин 8-пунктуна ылайык форма боюнча (ушул Эреженин 1-тиркемеси) арыз берүүгө тийиш:
1) арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документ;
2) жубайы пенсиялык топтоолорду алса, никеси тууралуу күбөлүк көрсөтүлөт;
3) ипотекалык турак жайга кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан ипотекалык кредит берүүнү жактыруу жөнүндө же анын бар экендиги жөнүндө, же "МИК" ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө жөнүндө ырастоо;
4) ушул Эреженин 6-тиркемесине ылайык "МИК" ААК тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышуу жөнүндө ипотекалык турак жайга кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан кепилдик кат;
5) Бишкек же Ош шаарларынын мэрияларынан ипотекалык кредит берүүнү жактыруу жөнүндө же анын бар экендиги тууралуу ырастоо, ушул Эреженин 6-тиркемесине ылайык Бишкек же Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышуу жөнүндө Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан кепилдик кат;
6) ушул Эреженин 1-пунктунун 63-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адам ушул Эреженин 7-тиркемесине ылайык төмөнкүлөрдөн алынган кепилдик катты берет:
- курулуш субъекттеринен (куруучулардан) камсыздандырылган адамдын үлүштүк курулушка катышуусу же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен (куруучулардан) бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөндүгү жөнүндө;
- коммерциялык банктан күтүлбөгөн жагдайлар пайда болгон учурда камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) кайтаруу боюнча;
- курулуш объекттери боюнча архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбанын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан курулуш объектинин архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкештиги жөнүндө.";
- 17-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Эреженин 1-пунктунун 6, 61, 62, 63-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдын арызы, ага тиркелген документтери менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы арызды кабыл алган күндөн тартып он төрт жумуш күндүн ичинде каралат.";
- 26-пункттун биринчи абзацында "ипотекалык кредит алган же алып жаткан, ошондой эле "МИК" ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн" деген сөздөр "ушул Эреженин 1-пунктунун 6, 61, 62, 63-пунктчаларында көрсөтүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 261, 262-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"261. Коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу ипотекалык кредит берүүнү жактыруу жөнүндө же анын бар экендиги тууралуу же "МИК" ААК тарабынан каржылануучу мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдүн төлөнгөндүгү жөнүндө же "МИК" ААК тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулуш боюнча төлөмдүн төлөнгөндүгү тууралуу маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен коммерциялык банктардын, башка финансы-кредиттик мекемелердин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда ипотекалык турак жайга кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу жүргүзүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулуш боюнча төлөмдөрдүн төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоо боюнча маалымат алмашуу Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу жүргүзүлөт.
Үлүштүк курулуш боюнча турак жайды берүүнү жактыруу жөнүндө же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдүн төлөнгөндүгү тууралуу маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана коммерциялык банктын, курулуш субъекттеринин (куруучулардын) ортосунда архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбанын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу жүргүзүлөт.
262. Ушул Эреженин 1-пунктунун 6, 61, 62, 63-пунктчапарында көрсөтүлгөн адамдардын арызы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн арызды алган күнү электрондук почта аркылуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жекече эсепке алуу башкармалыгына жиберилет.";
- 263-пункттагы "банктын ырастоосунда" деген сөздөр "ырастоодо" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 264-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"264. 6, 61, 62-пункттарда каралган адамдар үчүн ипотекалык кредит берүүнү жокко чыгарууга же камсыздандырылган адамдын, ошондой эле жубайынын пенсиялык топтолгон суммаларын ырастоодо көрсөтүлгөн банктык эсепке которгондон кийин карыздын калдыгынын суммасынан пенсиялык топтоо каражаттарынын ашып кетүүсүнө алып келген мындай төлөмдөрдү берүүгө же алууга тоскоолдук кылган күтүлбөгөн жагдайлар (камсыздандырылган адамдын өлүмү, оорусу, ипотекалык кредиттен баш тартуусу, "МИК" ААК тарабынан каржылануучу кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө же "МИК" ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан каржылануучу үлүштүк курулуш боюнча төлөмдөрдү төлөө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү башка адамдарга сатуу жана башка жагдайлар) болгон учурда пенсиялык топтоо каражаттары (пенсиянын топтоо бөлүгү) бул камсыздандырылган адамдын, ошондой эле жубайынын жеке камсыздандыруу эсебине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондго кайтарылууга тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 265-пункт менен толукталсын:
"265. Курулуш субъекттеринде (куруучуда) күтүлбөгөн кырдаалдар келип чыккан учурда (камсыздандырылган адамдын өлүмү, оорусу, үлүштүк курулушка катышуудан баш тартуусу же куруучунун уруксат берүүчү документтеринин жоктугу, курулуш иштерин жүргүзүү укугуна лицензияны токтото туруу же пенсиялык топтоо каражаттарынын төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашып кетүүсү же башка күтүлбөгөн жагдайлар) банктык кепилдикти берген коммерциялык банк камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттарын бул камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондго кайтарат.";
- жогоруда аталган Эреженин 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Эреженин 4-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 4, 5-тиркемелерине ылайык редакциядагы 6, 7-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинин 1-тиркемеси |
Форма
|
| __________________________________________ (Кыргыз Республикасынын __________________________________________ Социалдык фондунун __________________________________________ региондук органынын аталышы) |
Пенсиялык топтолгон каражаттарды (пенсиянын топтоо бөлүгүн) бир жолу төлөп берүү жөнүндө АРЫЗ
Мен, фамилиясы:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
аты:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
атасынын аты:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
туулган датасы:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| (күнү/айы/жылы), |
телефон номери:______________________________________________________________________,
инсандыгын ырастаган документ: _________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(документтин аталышы)
сериясы
|
|
|
| , |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
номери
|
|
|
|
|
|
|
|
| , |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
берилди
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| (күнү/айы/жылы), |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(ким тарабынан берилди)
Кыргыз Республикасынын жекече эсепке алуу системасындагы идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН):
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
мага пенсиялык топтолгон каражаттарды (пенсиянын топтоо бөлүгүн) (керектүү вариантын белгилеңиз)
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| (сом) суммада төмөнкүлөргө |
байланыштуу төлөп берүүнү өтүнөм:
o Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кетип жатканыма жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолор болгондугуна;
o жаш курагы боюнча пенсия чектелгендигине;
o I жана II топтогу майыптыгы боюнча пенсия чектелгендигине (мөөнөтсүз);
o майыптыгы боюнча пенсия чектелгендигине;
o алгачкы төгүмгө же ипотекалык кредитти төлөөгө төлөмдөрдү каржылоого;
o турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөөгө төлөмдөрдү каржылоого;
o "МИК" ААК линиясы боюнча үлүштүк курулушка төлөмдөрдү каржылоого;
o Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын үлүштүк курулушуна төлөмдөрдү каржылоого;
o курулган объекттерде куруучулардан бөлүп төлөө менен төлөмдөрдү же үлүштүк курулушка төлөмдөрдү каржылоого(*);
o Оор оорулардын тизмегине ылайык оорунун болушуна (4-тиркеме);
o камсыздандырылган адам каза болгондугуна (мураскорлорго):
Каза болгон камсыздандырылган адамдын ИЖНи
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
фамилиясы
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
аты
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
атасынын аты
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду курулуш субъекттеринде (курулушчуларда) күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурда пенсиялык топтоолорду (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө үчүн камсыздандырылган адамдын алдында жоопкерчилик тартпайт.
Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төмөнкү реквизиттер боюнча банк эсебине которуу менен бир жолу төлөп берүүнү өтүнөм:
_________________________________________________________________________________________
(банктын аталышы, банк эсебинин номери,
_________________________________________________________________________________________
өздүк эсебинин номери, банктын реквизиттери)
Алуучу: __________________________________________________________________________________
(колу)
Арыз жазылган дата 20___-ж. "___" __________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
Арызды кабыл алды: 20___-ж. "___" __________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
(кызматкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, колу)
МО
Катталды (журналда): 20___-жылдын "___" _____________ № ___________
_________________________________________________________________________________________
Пенсиялык топтолгон каражаттарды төлөп берүү жөнүндө арыздын айырма талону
Алуучу: __________________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
Арыз Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун __________________________________________
_____________________________________________________________________ башкармалыгында
(региондук органдын аталышы)
катталды: 20___-жылдын "___" _________________ № ________________.
Арызды кабыл алды: ______________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
(кызматкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, колу)
МО
_______________________________________________________________________________________.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинин 2-тиркемеси |
Форма
|
| __________________________________________ (Кыргыз Республикасынын __________________________________________ Социалдык фондунун __________________________________________ региондук органынын аталышы) |
Пенсиялык топтолгон каражаттарды (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөп берүү жөнүндө ЧЕЧИМ
20___-жылдын "___" _____________ № _______
Алуучу: ______________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
Идентификациялык жеке номер (ИЖН):
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1. Пенсиялык топтолгон каражаттарды (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төмөнкүлөргө байланыштуу төлөп берүү жөнүндө (керектүү вариантын белгилеңиз):
o Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кетип жатканына жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолор болгондугуна;
o жаш курагы боюнча пенсия чектелгендигине;
o майыптыгы боюнча пенсия чектелгендигине;
o алгачкы төгүмгө же ипотекалык кредитти төлөөгө төгүмдөрдү каржылоого;
o турак жайды ижаралоо келишими боюнча төгүмдү төлөөгө төлөмдөрдү каржылоого;
o "МИК" ААК линиясы боюнча үлүштүк курулушка төлөмдөрдү каржылоого;
o Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын линиясы боюнча үлүштүк курулушка төлөмдөрдү каржылоого;
o курулган объекттерде куруучулардан бөлүп төлөө менен төлөмдөрдү же үлүштүк курулушка төлөмдөрдү каржылоого(*);
o Оор оорулардын тизмегине ылайык оорунун болушуна (4-тиркеме);
o ооруга жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө зарылдыгына жана медикаменттерди сатып алууга;
o расмий жумушсуз катары таанылгандыгына;
o камсыздандырылган адам каза болгондугуна (мураскорлорго):
Пенсиялык топтолгон каражаттарды төлөө ________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(цифра жана сөз менен, сом менен)
_____________________________________________________________________________________
өлчөмүндө чектелсин, анын ичинде, алар:
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы
_____________________________________________________________________________________
(цифра жана сөз менен, сом менен)
эсептелген инвестициялык киреше: ______________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(цифра жана сөз менен, сом менен)
2. Төлөө мөөнөтү:
1) топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтолгон каражаттарды (керектүү вариантты белгилеңиз):
o алуучунун жеке камсыздандыруу эсеби;
o каза болгон камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсеби - бир жолу төлөнүп берилсин;
2) алуучунун жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтолгон каражаттардан пенсиялык төлөмдөр төмөнкү мезгилдин ичинде: ______________________________
(жылдын саны)
төмөнкүдөй суммада: __________________________________________________________________
_________________________________________________________________________ төлөнсүн.
(цифра жана сөз менен)
Ай сайын төлөнүүчү сумма: _____________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(цифра жана сөз менен, сом менен)
3. Төлөө ыкмалары:
Пенсиялык топтолгон каражаттар/пенсиянын топтоо бөлүгү которуу аркылуу төлөнсүн (керектүү вариантты белгилеңиз жана толтуруңуз):
o банк эсебине;
o катталган жери боюнча почта бөлүмү аркылуу.
4. Төмөнкүлөргө байланыштуу пенсиялык топтолгон каражаттарды төлөөдөн баш тартуу жөнүндө
_____________________________________________________________________________________
(баш тартуунун негизи)
Жетекчи: |
| _________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) |
|
| ______________________________ (колу) |
Жооптуу адис: |
| _____________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) |
|
| ______________________________ (колу)". |
|
| 3-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесине 4-тиркеме |
Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын ТИЗМЕГИ
Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине төмөнкүлөр кирет:
1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.
2. Кан оорусу:
1) курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
2) апластикалык аз кандуулук;
3) гемофилия.
3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:
1) кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
2) жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
3) жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
4) операция жасоону талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
5) облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.
4. Өнөкөт боор жетишсиздиги, боордун циррозу:
1) гепатит В жана С - 4-5 стадия;
2) органдарды трансплантациялоого муктаж болгондор жана органдарды трансплантациялоону алгандар.
5. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматын алгандар.".
|
| 4-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесине 6-тиркеме |
"МИК" ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулуштун катышуучуларына КЕПИЛДИК КАТ
20___-ж. ___ ________________ № __________
1. "МИК" ААК.
2. Бишкек шаарынын мэриясы.
3. Ош шаарынын мэриясы.
"МИК" ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушта
_____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
камсыздандырылган адамдын катышуусу жөнүндө чечимди кабыл алуу фактысын ырастайт.
Турак жайдын наркынын жалпы суммасы ________________________________________________
турак жайдын наркын төлөө боюнча калдык ______________________________________________.
Пенсиялык топтоо (пенсиянын топтоо бөлүгү):
Аты-жөнү ___________________________________________________________________________
ИЖН _______________________________________________________________________________
Сумма ______________________________________________________________________________
"МИК" ААК, Бишкек шаарынын мэриясы, Ош шаарынын мэриясы (керектүүсүнүн асты сызылат) ушул Эреженин 26-4-пунктунда каралган учурларда пенсиялык топтоо каражаттарын максаттуу пайдаланууну жана кайтарууну камсыздоого милдеттенет.
Пенсиялык топтоо каражаттарын которуу үчүн банктын реквизиттери:
Банктын аталышы ___________________________________________________________________
ИСН _______________________________________________________________________________
БИК _______________________________________________________________________________
Транзиттик эсеп _____________________________________________________________________
Жетекчи ____________________________________ _______________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду) (колу)
МО".
|
| 5-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесине 7-тиркеме |
Коммерциялык банктан жана курулуш субъекттеринен (куруучулардан) камсыздандырылган адамдын үлүштүк курулушка катышуусу же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен (куруучулардан) жана бөлүп төлөө келишими боюнча төлөөнү төлөгөндүгү тууралуу жана курулуш объекттери боюнча архитектуранын, курулуштун жана турак жай-коммуналдык чарбанын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан КЕПИЛДИК КАТ
20___-ж. ____ ________________ № _________
1. ___________________________________________________________________________________
(куруучунун аталышы, дареги)
камсыздандырылган адамдын ___________________________________________________________
(аты-жөнү, үлүштүк катышуу жөнүндө келишимдин №)
үлүштүк курулушка катышкандыгын ырастайт.
Турак жай наркынын жалпы суммасы: _____________________________________________________
турак жайдын наркын төлөө боюнча калдык _______________________________________________.
_____________________________________________________________________________________
(куруучунун аталышы)
жана сатып алууга пенсиялык топтоо каражаттарын максаттуу пайдаланууну же бөлүп төлөө менен турак жайды келишимдик негизде сатып алууну камсыздоого милдеттенет.
Фирманын жетекчиси | _______________________________________ (аты-жөнү, кызмат орду) | _________________________ (колу) |
|
| МО |
2. Курулуш компаниясы (куруучу) үчүн банк кепилдиги
_____________________________________________________________________________________
(Банктын аталышы)
күтүлбөгөн жагдайлар пайда болгон учурда камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) кайтаруу боюнча жоопкерчиликти өзүнө алат.
Камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолору (пенсиянын топтоо бөлүгү):
Аты-жөнү ____________________________________________________________________________
ИЖН _______________________________________________________________________________
Сумма _______________________________________________________________________________
Пенсиялык топтоо каражаттарын которуу үчүн Банктын реквизиттери:
Банктын аталышы _____________________________________________________________________
ИСН ________________________________________________________________________________
БИК _________________________________________________________________________________
Транзиттик эсеп _______________________________________________________________________
Жетекчи | ______________________________________________ (аты-жөнү, кызмат орду) | ____________________________ (колу) |
|
| МО |
3. Кароонун жыйынтыктары.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Курулуш агенттиги) курулуш субъектисинин (куруучунун) архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкештигин ырастайт.
Курулуш агенттигинин жетекчиси | _________________________________________ (аты-жөнү, кызмат орду) | ______________________ (колу) |
|
| МО". |