Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясынын
2024-жылдын 23-апрели № 5
Инфраструктураны жакшыртуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2024-2026-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер жөнүндөгү” 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 сандуу Жарлыгын аткаруу максатында депутаттардын Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2024-2026-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер жөнүндөгү” 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 сандуу Жарлыгы жетекчиликке алынсын.
2. Айыл аймагындагы жарандарды тартуу менен айылдагы калктуу конуштарды, ички көчөлөрдү, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан кичи ишканалар, мектеп, бала-бакчалар, лицей, №3 УДТ, ФАПтар ээлеген аймактарында тазалыкты сактоо, көрктөндүрүү жашылдандыруу, санитардык абалды жана тартипти камсыз кылуу максатында тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш-чаралар бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. К. Байдулатовго милдеттендирилсин.
Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы |
|
К.Жорготаев |
|
| БЕКИТЕМИН Акназаров айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги №5 токтому менен бекитилген |
Улуттук тазалык күнү жана 2024-2026-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү, көрктөндүрүү жашылдандыруу жана коомдук тартипти сактоо боюнча
Акназаров айыл аймагында түзүлгөн иш-чаралардын планы
№ | Милдеттер | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1 | Айыл өкмөтүнүн кеңсесин жана тегерегиндеги мекемелердин сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү, актоо, сырдоо жана гүлдөрдүн түрлөрүн отургузуу. | Мекеменин сырткы көрүнүшүн таза кармоо. | Апрель май айлары | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
2 | Айыл аймагындагы көчөлөрдү, трасса бойлорун ирээтке келтирүү боюнча коомдук ишембиликтерди уюштуруу.(карагайларды актап сырдоо,көрнөк жарнактарды жаңыртуу) | Калк жашаган аймактарды таза кармоо. | 2024-жыл 2-квартал | Айыл өкмөтү, мектеп, бала-бакча, УДТ,ФАПтар. | Жергиликтүү бюджет |
3 | Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу. | Тиричилик калдыктары көчөмө-көчө кыдырып чыгарылат. Айыл тургундарына жеңилдик болот. | Дайыма | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
4 | Калктын тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу. | Айлана-чөйрөнүн климаттык абалы жакшырат. | Дайыма | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
5 | Катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн полигондорду түзүү. | Айлана-чөйрөнүн климаттык абалы жакшырат. Жер кыртышынын эрозиялык бузлушунан сакталат. | 2026-жылдарга чейин | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
6 | Мекеменин аталышын көрсөткөн көрнөктөрдү жаңыртуу. | Көрнөктөрдү ирээттөө. | 2024-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
7 | Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлерге арналып тургузулган эстеликтерди ремонттоо, айланасын ирээтке келтирүү. | Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлерди эскерип туруу. |
|
| Жергиликтүү бюджет |
Жооптуу катчы |
| Ж.Субанова |