Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылдын 18-июну № 243/35-8
Талас шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын негизинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке бөлүнгөн 300 000 000 (үч жүз миллион) сом максаттуу трансферт акча каражатын тиркемеге ылайык бөлүштүрүп бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2- бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22-май 2024-жылдагы №261-т тескемеси жана Талас шаарынын мэриясынын 10.06.2024-жылдагы №01-19/1575 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22-май 2024-жылдагы №261-т тескемесинин негизинде, Талас шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын каржылоо үчүн Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине бөлүнгөн 300 000 000 (үч жүз миллион) сом максаттуу трансферт акча каражаты тиркемеге ылайык бөлүштүрүлүп бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |
2024-жылга Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар
планы
№ | Милдеттер | Аткарылуучу иштер | Күтүлүүчү натыйжа | Бүгүнкү күнгө керектүү акча каражаттары | Долбоордун жалпы наркы | Долбоорду ишке ашыруучу ишканалар |
|
1. | Шаардын ички жолдорун оӊдоо | Борбордук жана ички көчөлөргө асфальт төшөө | Шаар тургундарына жана конокторго жолдо жүрүүдө ыӊгайлуу шарттар түзүлөт | 50 000 000 (элүү миллион) сом
| 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом | Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы |
|
2. | Жөө жүргүнчүлөр аллеясын куруу | Талас шаарынын К. Нуржанов аллеясына жөө жүргүнчүлөр аллеясын куруу | Шаар тургундарынын жана меймандардын эс алуусу үчүн шарттар түзүлөт. Кошумча жумуш орундары ачылат
| 50 000 000 (элүү миллион) сом
| 300 000 000 (үч жүз миллион) сом | Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы |
|
3. | Жөө жүргүнчүлөр тротуарын куруу | Борбордук жана ички көчөлөрдө жөө жүргүнчүлөр тротуарларын куруу | Шаардыктардын жөө жүрүүчүлөрү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт, жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары кыскарат
| 30 000 000 (отуз миллион) сом
| 180 000 000 (жүз сексен миллион) сом | Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы |
|
4. | Шаарды түнкү жарык менен камсыз кылуу | Борбордук жана ички көчөлөргө жана тротуарларга прожекторлорду орнотуу | Шаардын инфраструктурасы жакшыртылып, шаар тургундарынын жана конокторунун коопсуздугу камсыз кылынат
| 10 000 000 (он миллион) сом
| 30 000 000 (отуз миллион) сом | Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы |
|
5. | Башкы суу алуучу жайдын курулушу | Башкы суу алуучу жай курулат | Шаардын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот | 40 000 000 (кырк миллион) сом | 90 000 000 (токсон миллион) сом | «Таза Суу» муниципалдык ишканасы |
|
6. | Асфальт-бетон заводун куруу | Асфальт-бетон заводун куруу | Шаардын жолдорун оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлөт | 30 000 000 (отуз миллион) сом | 60 000 000 (алтымыш миллион) сом | Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы |
|
7. | Темир-бетон заводун куруу | Темир-бетон заводун куруу | Темир-бетон заводун ишке киргизгенден кийин шаарды көрктөндүрүү, арыктарды, жолдорду, тротуарларды оңдоо, ичүүчү суу жана канализация системасын куруу үчүн керектүү материалдар даярдалат: арыктар үчүн лотоктор, жол бордюрлары, таза ичүүчү сууну текшерүү кудуктарынын шакекчелери жана канализация
| 30 000 000 (отуз миллион) сом | 60 000 000 (алтымыш миллион) сом | Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы |
|
8 | Таш майдалагычты сатып алуу жана орнотуу
| Жабдууларды сатып алуу жана таш майдалагычты орнотуу | Шаардын курулуш жана оңдоо иштерине керектүү кум жана шагыл өндүрүү жолго коюлат | 10 000 000 (он миллион) сом | 20 000 000 (жыйырма миллион) сом | Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы | |
9 | Талас шаарындагы “7-апрель баатырлары” сейил багына аттракциондорду орнотуу | Талас шаарындагы “7-апрель баатырлары” паркына аттракциондорду сатып алуу жана орнотуу | Шаар тургундарынын жана меймандардын эс алуусу үчүн шарттар түзүлөт. | 50 000 000 (элүү миллион) сом
| 60 000 000 (алтымыш миллион) сом | Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы | |
| Жалпы: |
|
| 300 000 000 (үч жүз миллион) сом
| 1 050 000 000 (бир миллиард элүү миллион) сом |
|
Аппарат жетекчи |
| Р. Р. Джеенбеков |