Загрузка документа…
|
| тиркеме Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 31-майындагы № 13-96 буйругу менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын энергия тутумунун электр чордондорунун жана тармактарынын ишкерсандарынын бүлүнүүгө каршы машыгууларын өткөрүү эрежелери
МАЗУМУНУ
1. Жалпы жоболор 1
2. Машыгуулардын классификациясы 1
3. Машыгууларды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү 4
4. Машыгууларды даярдоо боюнча иш-чаралар 4
5. Машыгууларды өткөрүү ыкмасы 10
5.1. Жалпы көрсөтмөлөр 10
5.2. Схемалар боюнча машыгуулар 11
5.3.Ишкерсандардын шарттуу аракеттери менен машыгуулар 13
5.4. Иштебеген жабдуудагы арматурага жана кыймылдаткычтарынын
өчүргүчтөрүнө башкаруучулук таасири менен машыгуулар 15
5.5. Ищкерсандарды окутуунун технкалык каражаттарын пайдалануу
менен өткөрүлүүчү машыгуулар 16
5.6. Комбинацияланган машыгуулар 17
6. Машыгууларды талдоо 17
7. Машыгуулардын жыйынтыктары боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу 18
1-тиркеме. Толтуруу мисалы менен булунууго каршы машыгууларды
өткөрүүнүн жылдык графигинин формасы 19
2-тиркеме. “РААЫдагы көө каптап калуулардын күйүп кетүүсү”
(Блокту булунуудон токтотуу)» темасындагы өрткө каршы
машыгуу менен айкалыштырылган булунууго каршы блоктук
машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү программасынын мисалы. 20
3-тиркеме. Сунушталуучу плакаттардын айрым типтери жана аларды колдонуу 27
4-тиркеме. Өз алдынча машыгууларды өткөрүү боюнча кошумча сунуштар 29
5-тиркеме. Булунууго каршы машыгууларды эсепке алуу боюнча
журналдын формасы 30
6-тиркеме. Өрткө каршы машыгууларды эсепке алуу боюнча
журналдын формасы 31
1. Жалпы жоболор
1.1. Бүлүнүүгө каршы машыгуулар (мындан ары – машыгуулар) Кыргыз Республикасынын энергия тутумунун электр чордондорунун, электрдик жана жылуулук тармактарынын ыкчам ишкерсандарынын өндүрүштүк-техникалык окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун милдеттү формаларынын бири болуп саналат.
1.2. Машыгууларды өткөрүү төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:
- ишкерсандардын өз алдынча жана жамааттын аракеттеринин негизинде нөөмөт ишкерсандардын булунуулордун өнүгүүсүнүн алдын алуу, аларды жоюуну эң мыкты ыкма менен камсыздоо, дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү жана жабыр тартуучуну электр агынынын аракетинен бошотуу жөндөмүн текшерүү (квалификациясын козомолдоо);
- башкаруунун милдеттерин чечүүгө карата чектелген убакыт шарттарында татаал иштоо тартибинде ыкчам чечимдерди кабыл алуу жана ишмердикти кабыл алуу өнөрдүүгүн калыптандырууну жана калыбына келтирүүнү камсыздоо (окутуу);
- ишкерсандардын иштерин өркүндөтүүгө жана жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган зарыл болуучу уюштуруу жана техникалык иш-чараларды аныктоо (сунуштар).
1.3. Машыгуулар жабдуунун ишиндеги бузуктукту көрсөтүү, бүлүнүүлүк кырдаалды жоюу боюнча ыкчам ишмердикти имитациялоо, ушул ишмердикке баа берүү менен оюн формасында жүргүзүлүшөт.
1.4. Машыгууларды өткөрүү учурунда негизги аракеттенүүчү адамдар болуп машыгуунун жетекчиси, машыгуунун катышуучулары жана уюштуруучу жана козомолдоочу функцияларды аткарып жатышкан ортомчулар эсептелишет.
1.5. Машыгуулардын натыйжалуулугу алардын даярдыгынын сапатынан, булунуунун жумушчу кырдаалына жакындашуу даражасынан, машыгуунун катышуучуларынын ишмердигине баа берүүнүн аныктыгынан жана машыгууну талдоонун сапатынан көз каранды болот. Машыгуулардын эң мыкты жыйынтыктарына жетишүү аларды жакшы уюштурууну жана аларды өткөрүү каражаттарын жана ыкмаларын рационалдуу пайдаланууну талап кылат.
1.8. Бүлүнүүгө каршы машыгууларды өрткө каршы машыгуулар менен айкалыштыруу сунушталат. Бүлүнүүгө каршы жана өрткө каршы айкалыштырылган машыгууларды уюштуруу, ошондой эле өз алдынча өткөрүлө турган өрткө каршы машыгуулар тиешелүү нускамаларынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Өрткө каршы машыгуу менен айкалыштырылган булунууго каршы машыгууда, машыгуунун жетекчиси, машыгуунун катышуучулары жана ортомчулары менен катар өрттү өчүрүүнүн жетекчиси дагы катышат.
2. Машыгуулардын классификациясы
2.1. Бүлүнүүгө каршы машыгуулар электр чордондорунда, электр жана жылуулук тармактарында жүргүзүлүүгө тийиш. 1-сүрөттө булунууго каршы машыгуулардын негизги түрлөрү жана алардын өткөрүү орду келтирилген.
2.2. Энергия тутумунда жалпы тутумдук жана тескемердик машыгуулар өткөрүлүшөт.
Жалпы тутумдук болуп, анда булунуулук кырдаал энергия тутумунунда жайгашкан электр чордондору, тармактык ишканалары (райондору), көмөк чордондору жана башка объекттери менен белгилүү участогунун жабдуусун камтыган жана анда энергия тутумунун тескемери менен чогуу тике түрдө ага баш ийдирилген төрттөн кем эмес райондун ишкерсандар катышкан машыгуу эсептелет.
Тескемердик болуп энергия тутумундагы булунуулук кырдаалды жоюуга энергия тутумунун тескемерлери гана катыша тургандыгын караштырган машыгуу эсептелет.
2.4. Электр чордондорунда жалпы чордондук, блоктук жана цехтик машыгуулар өткөрүлүшөт.
1-сүрөт: Бүлүнүүгө каршы машыгуулардын түрлөрү
Жалпы чордондук болуп, анда булунуу кырдаалы жылуулук жана элект энергияны өндүрүүнүн бирдиктүү технологиялык процесси менен байланышкан цехтердин жарымынан кем эмесинин жабдуусун камтыган жана электр чордонунун кезмет инженери менен биргеликте ушул цехтердин ыкчам ишкерсандары катышып жаткан машыгуу эсептелинет.
Блоктук болуп, анда бүлүнүү кырдаалы бир блоктун жабдуусун камтыган жана анда блоктун бардык ыкчам ишкерсандары катыша тургандыгын караштырган машыгуу эсептелинет.
Цехтик болуп, ал бир цехтин ишкерсандары менен жүргүзүлүп жаткан машыгуу эсептелинет. Цехтик машыгуулар цехтин бүткүл нөөмөтүнүн ишкерсандары менен бир маалда же өз алдынча жумуш орундарынын ишкерсандары менен кезектештирип өткөрүлүшү мүмкүн.
Цехтик машыгууларга, анын жабдуусу ушул цехтин жабдуусу менен байланышта болгон башка цехтин ыкчам ишкерсандары тартылышы мүмкүн.
2.5. Электр тармактарында жалпы тармактык, тескемердик, райондук, участоктук, көмөк чордондук машыгуулар өткөрүлүшөт.
Жылуулук тармактарында жалпы тармактык, тескемердик, райондук машыгуулар өткөрүлүшөт.
Жалпы тармактык болуп, анда бүлүнүү кырдаалы тармактын белгилүү участогунун анда жайгашкан райондору (же алардын бөлүгү), көмөк чордондору жана башка объекттери менен чогуу жабдуууларын камтыйт жана анда тармактын тескемери менен чогуу төрттөн кем эмес объекттердин же участоктордун ыкчам ишкерсандары катыша турган машыгуу эсептелет.
Тескемердик болуп тармактагы, ал булунуу кырдаалын жоюуга электр тармактарынын (районуну) тескемерлердин нөөмөтүнүн катышуусун караштыра турган машыгуу эсептелинет.
Райондук болуп анда бүлүнүү кырдаал бир райондун жабдуусун камтый турган жана анда ушул райондун ыкчам ишкерсандары катыша турган машыгуу эсептелет.
Участоктук болуп анда бүлүнүү кырдаалы участоктун жабдуусун камтып турган жана анда тармактын ушул участогун тейлөөчү ыкчам ишкерсандары катыша турган машыгуу эсептелет.
Көмөк чордондук машыгуулар ыкчам ишкерсандары туруктуу кезметте турган көмөк чордондорунда жүргүзүлүшөт
2.5.1. Шамал (күн) электр станцияларынын ыкчам ишкерсандары, шамал (күн) электр станцияларын башкаруу борборлорунун ыкчам ишкерсандары үчүн объекттик машыгуулар өткөрүлөт. Объекттик машыгуу иште технологиялык тартип бузуулардын пайда болушун же шамал (күн) электр станцияларынын жабдууларында нормалдуу иштоо тартибинин бузулушун өнүктүрүүнү болтурбоо жана жоюу боюнча аракеттерди жасоо зарылдыгын болжолдогон учурларда, ыкчам ишкерсандардын аракеттерин жана көндүмдөрүн иштеп чыгуу үчүн жүргүзүлүүгө тийиш.
Объекттик машыгууга электр чордонунун ыкчам ишкерсандын ичиндеги кызматкерлер, ал эми шамал (күн) электр чордонуна карата шамал (күн) электр чордонун башкаруу борборунан ыкчам-технологиялык башкаруу функцияларын ишке ашырууда - мындай борбордун ыкчам ишкерсандардын ичиндеги кызматкерлер катышышы керек. Шамал (күн) электр чордондорун башкаруу борборунун ыкчам ишкерсандары үчүн бүлүнүү иште технологиялык тартип бузуулардын пайда болушун же шамал (күн) электр чордондорун башкаруу борбору аларга карата ыкчам-технологиялык башкаруу функцияларын жүзөгө ашырган бир жана бир нече шамал (күн) электр станцияларынын жабдууларында нормалдуу иштоо тартибинин бузулушун өнүктүрүүнү болтурбоо жана жоюу боюнча иш-аракеттерди жасоо зарылдыгын болжолдогон учурларда, ишкерсандын аракеттерин жана көндүмдөрүн иштеп чыгуу үчүн объекттик машыгуулар өткөрүлүшү керек. Шамал (күн) электр чордонунун ыкчам ишкерсанынын ар бир кызматкери менен үч календардык айда бир жолудан кем эмес объектилик көзөмөлдөө машыгуулар өткөрүлүүгө тийиш.
Шамал (күн) электр чордонунун ыкчам ишкерсандын ичинен ар бир кызматкер менен объекттик көзөмөлдөө машыгуулар, эгерде төмөнкү шарттардын бири аткарылса, алты календардык айда бир жолудан кем эмес өткөрүлүүгө тийиш::
шамал (күн) электр чордонунун курамына кирген электр тармак объекттеринин иштетип пайдалануу абалын өзгөртүү же өзгөртүү мүмкүн эместиги керектөөчүлөрдүн электр энергиясын керектөө иштоо тартибинин толук же жарым-жартылай чектелишине же менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде электр энергетикасынын башка субъекттерине таандык электр тармак чарба объекттерин ишке киргизүү мүмкүн эместигине алып келбейт;
шамал (күн) электр чордонунун курамына кирген электр тармак чарбасынын объекттеринин иштөө технологиялык иштоо тартибин жана иштетип пайдалануу абалын шамал (күн) электр чордондорун башкаруу борборунан, ошондой эле тармактык уюмдун тармактарын башкаруу борборунан же электр энергетикасында ыкчам-тескемердик башкаруу субъектинин тескемердик борборунан аралыктан башкаруу каражаттары менен өзгөртүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды.
Шамал (күн) электр чордондорун башкаруу борборунун ыкчам ишкерсанынын ичиндеги ар бир кызматкер менен жылына үч жолудан кем эмес, анын ичинде жылына бирден кем эмес, шамал (күн) электр чордону (ыкчам-чыгуу бригадалары)электр тармак чарбасынын объекттерине Кошулган тармактык уюмдун ыкчам ишкерсанынын катышуусу менен (ыкчам-чыгуу бригадалары) объектилик көзөмөлдөө машыгуулар жүргүзүлүүгө тийиш, ал эми шамал (күн) электр чордондорун башкаруу борбору бир нече шамал (күн) электр чордондоруна карата ыкчам-технологиялык башкаруу функциясын жүзөгө ашырган учурда-ошондой эле бүлүнүү иште технологиялык бузулуулардын пайда болушун же мындай бир нече электр чордондорунун жабдууларында нормалдуу иштоо тартибинин бузулушун өнүктүрүүнү болтурбоо жана жоюу боюнча иш-аракеттерди жасоо зарылдыгын болжолдогон учур үчүн жылына бирден кем эмес көзөмөлдөө машыгуу өтөт.
2.5.1. Электр энергиясын өндүрүүнүн салттуу эмес булактарын (атап айтканда шамал жана күн электр чордондору) пайдаланган учурда бул энергетикалык объектилердин ишкерсаны менен иштөө, ишкерсан менен иштөөнү уюштуруу эрежелерине ылайык жалпы негизде жүргүзүлөт.
Шамал (күн) электр чордондорунун ыкчам ишкерсаны жана шамал (күн) электр чордонуну башкаруу борборлорунун ыкчам ишкерсаны үчүн жеринде машыгуулар жүргүзүлөт.Шамал (кун) электр чордонундагы жабдууларда, технологиялык үзгүлтүккө учураган же иштетин пайдалануунун нормалдуу шарттарын бузууларды болтурбоо жана жоюу боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыккан учурларда ыкчам ишкерсандын аракеттерин жана көндүмдөрүн практикада даярдоо үчүн жеринде объекталык машыгуу жүргүзүлүшү керек. Объектовый машыгууга электр чордоннун жумушчуларынын ичинен ыкчам ишкерсандар катышат , ал эми шамал (күн) электр чордонуна карата ыкчам жана технологиялык башкаруу функцияларын аткарууда шамал (күн) электр чордонун башкаруу борборунан – борбордун жумушчуларлардын ичинен ыкчам ишкерсандар катышууга тийиш.
Шамал (күн) электр чордонунун башкаруу борборунун ишкерсандары үчүн технологиялык бузулуулар келип чыккан же чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыккан учурларда ишкерсандардын иш-аракеттерин жана көндүмдөрүн практикалоо үчүн жеринде машыгуу өткөрүлүшү керек. биринин да, экинчисинин да жабдууларынын нормалдуу иштешинин бүлүнүүсү жана өнүгүшүнө жол бербөө үчүн шамал (күн) электр чордондорун башкаруу борбору ыкчам жана технологиялык башкаруу функцияларын жүзөгө ашырат. Машыгуу шамал (күн) электр чордонунун ыкчам ишкерсанынын ичинен ар бир кызматкер менен үч календардык айда бир жолудан кем эмес өткөрүлүшү керек.
Шамал (күн) электр чордонун башкаруу борборунун ыкчам ишкерсандарынын ар бир кызматкери жылына үч жолудан кем эмес жеринде машыгуудан өтөт, анын ичинде тармактык уюмдун ыкчам ишкерсанынын катышуусу менен жылына бирден кем эмес машыгуудан өтөт. Шамал (күн) электр чордону туташтырылган электр тармактарынын электр чордону (ыкчам- чыгуучу ишкертоп), ал эми шамал (күн) электр чордонун башкаруу борбору бир нече шамалга (күн) карата ыкчам жана технологиялык башкаруу функцияларын аткарса (күн) электр чордондору - ошондой эле бүлүнүүлөр технологиялык бузулууларга алып келсе же бир нече ушундай электр чордондордун жабдууларынын нормалдуу иштешинин бузулушунун өнүгүшүнө жол бербөө жана жоюу боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы болгон учурда жылына бирден кем эмес көзөмөлдөө машыгуу өткөрүлөт.
.
2.6. Бүлүнүүгө каршы машыгуулардын каралып жаткан түрлөрү пландык жана кезектен тышкаркы болуп бөлүнүшөт.
Пландык болуп ал ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилген ишкерсандар менен иш алып баруунун жылдык планына ылайык жүргүзүлө турган машыгуу эсептелет.
Кезектен тышкаркы болуп, пландан тышкары ишкананын жетекчилиги тарабынан төмөнкү учурларда атайын тескеме боюнча жүргүзүлө турган машыгуу эсептелет:
- эгерде бүлүнүү болсо же ишкерсандын күнөөсүнөн улам иштебей калуулар болсо;
- пландык машыгуунун жыйынтыктары боюнча канааттандыраарлык эмес баа алган учурда;
- өз алдынча бүлүнүүлөрдү бүлүнүүлөргө каршы циркулярлардын сунуштоолору боюнча талдаган учурда;
- ыкчам ишкерсандар өргүүдөн чыккандан кийин же узак убакыт ооругандан кийин.
2.7. Машыгуунун катышуучуларынын санына жараша машыгуулар топтук жана жекече болуп бөлүнүшөт.
Топтук болуп бир нече катышуучулар менен жүргүзүлүп жаткан бүлүнүүгө каршы машыгуу эсептелет.
Жекече болуп, өз алдынча ыкчам ишкерсан менен жүргүзүлүп жаткан машыгуу эсептелет. Жекече машыгуулар төмөнкү учурларда жүргүзүлүшөт:
- жумуш ордунда кайталоодон өткөндөн кийин өз алдынча ыкчам иштерге алгачкы жолу уруксат берилип жаткан ишкерсандар менен;
- агрегаттарды, механизмдерди, коммутациялык аппаратты иштетүү жана өчүрүү менен байланышкан, ТП БАС тутумчалар менен ж.б.у.с. өз ара аракеттенишкен иштерди өндүрүүнүн жүрүшүндө ыкчам ишкерсандар тарабынан жол берилген каталар учурунда;
- жабдууну нормалдуу иштоо тартибинде иштете баштоо, токтотуу же иштебей калуу процессинде болгон бүлүнүүлөр учурунда;
- жекече көзөмөлдөөнүн жана топтук машыгуулардын жыйынтыгында алынган канааттандыраарлык эмес баалар учурунда, өргүүдөн, оруп калуудан кийин ж.б.у.с.
2.8. Машыгуунун өткөрүү ыкмасы боюнча алар төмөнкүдөй болуп бөлүнүшөт:
- түзмөктөр боюнча машыгуулар;
- ишкерсандардын шарттуу аракеттери менен машыгуулар;
- иштебей турган жабдуудагы арматурага жана кыймылдаткычтардын өчүргүчүнө таасир кылуу менен машыгуулар (оңдоодо болгон же резервден чыгарылган);
- ишкерсанды окутуунун техникалык каражаттарын пайдалануу менен машыгуулар;
- комбинацияланган машыгуулар.
2.8.1. Түзмөктөр боюнча машыгуулар жумуш орундарында жана жабдуулардагы аракеттерди белгилебестен, көнүгүүлөрдү аткарууга карата убакытты чектебестен технологиялык түзмөктөрдү пайдалануу менен өткөрүлүшөт. Мындай машыгууларда ишкерсандар тарабынан туура чечимдерди тез кабыл алуу жана тиешелүү тескемелерди берүү көндүмдөрү иштетилишет. Мындай ыкма боюнча машыгууларды алар тараптан схеманын өзгөчөлүгүн, анын ийкемдүүлүгүн жана булунууну жоюу учурунда пайдалануу мүмкүндүктөрүн өздөштүрүү үчүн жүргүзүү керек болот.
Түзмөктөр боюнча машыгуулар түзмөктү, анын өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүндүктөрүн билүү деңгээлин билүүгө, ошондой эле нөөмөттүн ишкерсандарынын маалыматты алуу жана тескемелерди берүү учурундагы иштеше ала тургандыктарын аныктоого мүмкүндүк беришет.
2.8.2. Ишкерсандар шарттуу аракеттери менен машыгуулар убакыттын реалдуу масштабында жана катышуучулардын операцияларды өндүрүү жерлерине милдеттүү түрдө чыгуу менен жүргүзүлүшөт. Бул ыкма боюнча өндүрүштүк участокторду тике тейлеп жатышкан ыкчам ишкерсандар менен машыгуулар өткөрүлүүгө тийиш.
2.8.3. Иштебей турган жабдуудагы арматурага жана кыймылдаткычтардын өчүргүчүнө таасир кылуу менен машыгуулар (оңдоодо болгон же резервден чыгарылган) ишкерсандар белгилүү кесиптик ыкмаларды иштеп чыгуу жана бекитүү максаты менен өткөрүлүшөт. Мисалы, генераторду дүүлүктүрүүнү негизги дүүлүктүргүчтөн резервдикке котору, газ релесинен газдын сынамагын алуу, кол менен иштетүү, домкрат менен өчүрүү, жабдуунун майда кемчиликтерин кетирүү ж.б.у.с.
2.8.4. Ишкерсандарды окутуунун техникалык каражаттарын пайдалануу менен машыгуулар машыктыргычтарды, ЭЭМ базасындагы автоматташтырылган окутуучу тутумдарды, ыкчам ишмердиктин алгоритмдик сүрөттөөлөрүнүн базасындагы полигондорду колдонуу менен жүргүзүлөт. Мындай машыгууларда ишкерсандар тарабынан технологиялык иштоо тартибтерди таанып-билүү өнөрдүүлүгү, четтөөлөр жана тартип бузуулардын себептерин аныктоо, четтөөлөрдү жана тартип бузууларды четтетүү боюнча, жабдуунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу боюнча, иштердин кесиптик ыкмаларын калыптандыруу боюнча ишмердикти пландаштыруу өнөрдүүлүгү иштелип чыгарылышат. Бул ыкманын артыкчылыктары айкын убакытта реалдуу аракеттерди аткаруу, жабдуунун иштөө тартибин өзгөртүүгө карата реакцияларды иштеп чыгуу, машыгуучу тапшырмаларды аткаруу сапатына жалпыланган баа берүүнү калыптандыруу, машыгуунун жүрүшүн протоколдоштурууну автоматташтыруу ж.б.у.с. аракеттерди аткаруу мүмкүндүгү менен байланышкан.
2.8.5. Комбинацияланган машыгуулар ар бир саналып өткөн ыкмалардын артыкчылыктарын тандалып алынган технологиялык милдетти чечүү учурунда пайдаланууга мүмкүндүк беришет. Мисалы, машыктыргычтагы машыгуулардан жана ишкерсандардын жумуш ордундагы шарттуу аракеттеринен турган же болбосо автоматташтырылган окутуучу тутумдардын жардамы менен же машыктыргычта жана реалдуу, резервге чыгарылган жабдуулардагы аракеттердеги ж.б. комбинацияларга кызыкчылык туудурушат. Машыгуулардын ар түрдүү түрлөрүн айкалыштыруунун натыйжалуулугу машыгуунун колдо бар каражаттарынын мүмкүндүктөрү жана комбинацияланган машыгуунун бириктирүүчү программаларынын сапаты менен аныкталышат.
2.9. Өз ара байланышынын мүнөзү боюнча өрткө каршы машыгуулар менен бүлүнүүгө каршы машыгуулар айкалыштырылган жана өз алдынча болуп бөлүштүрүлүшөт.
3. Машыгууларды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү
3.1. Ар бир энергия тутумдарынын, электр чордондорунун, меш жаккычтардын, электрдик жана жылуулук тармактар ишканаларынын ДБнын ыкчам ишкерсандарынын ичинен алынган кызматчы пландык булунууго каршы машыгууларда квартал ичинде бир жолудан кем эмес ирет катышууга милдеттүү.
Топтук пландаштырылган бүлүнүүгө каршы машыгууларды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү 1-табл. көрсөтүлгөн.
3.2. Тутумдар аралык жана тутумдук машыгууларды, аларды уюштуруунун татаалдыгынан улам жылына бир-эки жолу БДБнын башчысынын каалоосуна жараша (тутумдар аралык машыгуулар үчүн) жана энергия тутумунун башкы инженеринин (жалпы тутумдук машыгуулар үчүн) өткөрүү сунушталат.
3.3. Электр чордондорунун жана тармактардын ыкчам ишкерсандарына тиешеси болбогон, бирок которууларды өндүрүүгө ортомчулар менен тартыла турган жетекчилери, адистери жана кызматчылары (ЖАК) тарабынан жана ыкчам-оңдоо ишкерсандары тарабынан машыгуулар ар бир жолу алардын коопсуздук техникасынын эрежелерин билүүсүнө карата текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин (же текшерүү менен бир маалда) жүргүзүлүшөт.
3.4. Энергетикалык ишканалардын жаңы объекттеринде пайдалануунун алгачкы эки жылы ичинде машыгуулардын саны ишкананын жетекчилигинин кароосуна ылайык көбөйтүлгөн болушу мүмкүн.
3.5. Анда бүлүнүү же иштебей калуу кезметнүн же ыкчам-оңдоо ишкерсандарынын күнөөсү менен болуп өткөн нөөмөттүн ишкерсандары үчүн, электр чордонунун же тармагынын башкы инженеринин, тескемердик кызматынын башчысынын тескемеси менен кетирилген каталарды эске алуу менен кошумча машыгуу дайындалышы мүмкүн.
4. Машыгууларды даярдоо боюнча иш-чаралар
4.1. Бүлүнүүгө каршы машыгуулар, машыгууларды өткөрүү графигинин, сунушталуучу темалардын тизмегинин, машыгууларды өткөрүү программаларынын негизинде даярдалышат.
4.2. Ар бир энергия ишканасында бүткүл ишкана үчүн жалпы мүнөзгө ээ болгон булунууго каршы машыгууларды өткөрүүнүн жылдык графиги (1-тиркеме) түзүлууго тийиш. Жылдык график ишкерсандар менен иш алып баруунун жылдык план-графигине киргизилген жана 2-табл. ылайык жетекчилик тарабынан бекитилген болууга тийиш. Ишкананын (энергия тутумунун) машыгууларынын графигинин негизинде түзүмдүк бөлүмдүн машыгууларынын графиги түзүлгөн болууга тийиш, буларга кошумча түрдө башка бөлүмдөр менен байланышпаган машыгуулар да киргизилишет. Бул график өз бөлүмүнүн ишкерсандары менен план-иштер графигинин курамына кирет. Бөлүмдүн план-графиги кадрларды даярдоо боюнча инженер жана өндүрүштүк-техникалык окутуу инженери-пайдалануу боюнча инспектор, коопсуздук техникасы боюнча инженер менен макулдаштырылган жана ишкананын жетекчилиги тарабынан бекитилген болууга тийиш. Ай сайын ишкананын ар бир түзүмдүк бөлүмү боюнча түзүлүштүн жалпы айлык планынын курамында жылдык графикти жана утурумдук өндүрүштүк ишмердикти эске алуу менен машыгууларды өткөрүү графиктери иштелип чыгарылат. Айлык графиктер түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилиги тарабынан бекитилген болууга тийиш.
Айлык графиктерде төмөнкүлөр көрсөтүлгөн болууга тийиш:
- машыгуунун түрү;
- аны өткөрүү күнү;
- ишкерсандар катышып жаткан нөөмөтү;
- машыгуунун жетекчиси.
Машыгуунун жетекчиси аны даярдоого жана өткөрүү үчүн жооптуу болуп саналат.
Машыгуунун жетекчиси катары 2-табл.көрсөтүлгөн адам, ал эми ал жок болгон учурда – анын орун басары дайындалат. Тутумдук, жалпы тармактык, райондук жана жалпы станциялык машыгууларды өткөрүү учурунда 1-табл. көрсөтүлгөн адамдардын ичинен ошондой эле участоктордун машыгууларынын жетекчилери дагы дайындалышат.
Цехтик же объекттик булунууго каршы, өрткө каршы машыгуулар менен айкалыштырылган машыгууларды өткөрүү үчүн, машыгуунун жетекчиси тарабынан инженердик-техникалык ишкерсандардын ичинен өрттү өчүрүү жетекчиси (ӨӨЖ) дайындалат: цехтик машыгуу учурунда – цехтин нөөмөтүнүн башчысы, объекттик учурунда – станциянын нөөмөт башчысы (ишкананын тескемери, тармактар районунун тескемери, көмөк чордондун кезметчиси).
4.3. Машыгуулардын сунушталуучу темаларынын тизмегин түзүү учурунда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
- энергия тутумдарында, электр чордондорунда жана тармактарда өтүп жаткан булунуулор жана бузулуулар;
- типтүү нускамаларда жана башка директивдүү булунуунун алдын алуу боюнча документтерде көрсөтүлүшкөн жабдуулардагы мүмкүн болгон булунуу кырдаалдары;
- жабдуунун бар болгон кемчиликтери же практикада мүмкүн болгон ушул электр станциянын, тармактык райондун же энергия тутумунун нормалдуу эмес иштөө тартиби;
- сезондук, жабдуунун нормалдуу иштөөсүнө коркунуч туудурган кубулуштар (мөндүрлөр, чагылгандар, муз, кайра өзгөртүп түзүү, суу ташкындары ж.б.);
- булунуу кырдаалдарда өрттүн пайда болуу мүмкүндүгү;
- жаңы, пайдаланууда өздөштүрүлө элек жабдууну, жаңы электрдик жана жылуулук схемаларды жана иштоо тартибин ишке киргизүүнү.