Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2024-жылдын 31-майындагы № 13-96
Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын жана электр тармактарынын кызматкерлерин авариялык каршы окутуу тууралуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасынын эрежелерин бекитуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 «Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын жана электр тармактарынын кызматкерлерин авариялык каршы окутуу тууралуу эрежелер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган кунден тартып уч кундун ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» 2010-жылдын 26- февралындагы №117 токтомуна ылайык, аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу кундун ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү учун жиберсин;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып ч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган кунден тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүне кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 04-июнундагы № 42 (3595) саны менен жарыяланды.
Министр |
| Т.О. Ибраев |